Эрин Дэвистин катышуусу менен Джош Макдауэлл ЖЫЛАҢАЧ ФАКТЫЛАР СИЛЕРДИН АТА-ЭНЕҢЕР СИЛЕР ЭЧ КАЧАН ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ БОЮНЧА БУЛ 39 СУРООНУ БЕРБЕЙСИҢЕР ДЕП ҮМҮТТӨНҮШӨТ ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР Мамилелердеги чыныгы сүйүүнү сезе алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Доттиге жана менин үй-бүлөмө; Бул китептин темасын терең түшүнгөндөрү жана компетенттүүлүктөрү үчүн Пэмге, Лакитке, Шонго, Фредге, Элейнге жана Кристиге; Талыкпаган изденүүлөрү үчүн жана ошондой эле менин кол жазмамды түшүнүп, жазгандарымды басып бергендери үчүн Сью жана Кимге; Кесипкөйлүгү жана чыгармачыл ачылыштары үчүн «Prolifik Films» студиясына; Видео жаздыруу үчүн укмуштуудай «кофелик-шоусун» колдонууга уруксат бергени үчүн «Машайак Коомуна»; Эң сонун кызматташа алган, эмнени колго алса да, бардык жагынан сонун болгон Эринге… ыраазычылык билдирем. БАШТАЙЛЫБЫ? Рейчел жыйындын чөйрөсүндө чоңойгон. Он жашында ал машаякчы болду. Жыныстык катнаш — бул жаман нерсе деген ойду ага ата-энеси жана кайтаруучусу сиңирген. Ошентип, ал колледжге тапшырды жана анын жатаканадагы коңшу кыздары бул жөнүндө эртеден кечке сүйлөшүп жатышкандай сезилет эле. Жада калса, кээ бир машаякчы достору жыныстык катнаш жөнүндө күнүмдүк нерсе катары сүйлөшүшөт. Рейчел: «Бул тема эмне үчүн бардыгын ушунчалык кызыктырып жатат?» — деп ойлоно баштайт. Ник жыныстык катнаш жөнүндө көп уккан. Жаштар тобунун кайтаруучусу бул теманы көп талкуулайт (Никтин ою боюнча өтө эле көп). Никтин курагындагы жыныстык жактан жетилип жаткан мезгилде гормондор жыныстык катнашка түртүп, түзмө-түз эле «кыйкырып» жатышкандай. Ал эгер Кудай анын жыныстык катнашта болушун каалабаса, анда ага мынчалык күчтүү жыныстык каалоону бермек эмес деп чечет. Ошентип, жигит жыныстык катнашка барбай, үлпөт тоюна чейин күтүү мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келет. Анна Ыйсаны жакшы көрөт. Акыркы убакка чейин ал жыйында, жаштар тобунда жигердүү кызмат кылып жана балдар үчүн болгон жекшембилик мектепке жардам берип келген. Кумарлануу мүнөтүндө ал жигити менен жыныстык катнашка барууга макул болду. Андан кийин алар ар дайым уруша башташты жана өткөн жумада эки жолго түшүштү. Аннанын жүрөгү талкаланды. Ал өзүнүн бардык кызматтарын таштап, өзүн Кудайдан алыстыгандай сезет. Ал кечирим алууну каалайт, бирок ал өзүнүн күнөөсүн бирөө менен, айрыкча Кудай менен талкуулоодон уялат. Ооба, ал Библияда кечирим жөнүндө көп нерселер жазылганын билет, бирок бул сөздөрдүн дал анын жыныстык күнөөсүнө тиешеси барбы? Ник, Рейчел жана Аннадан жыныстык катнаш жөнүндө айтып берүүлөрүн сурансак, алар өздөрүн жоготуп коюшмак. Жыныстык катнаш — бул бардыгы болуп, ал эми тазалык өз баалуулугун жоготкон дүйнөдө, жаштар, анын ичинде жыйынга баргандар, жыныстык катнаш суроосуна карата Кудайдын чындыгын түшүнүшпөй, өтө коркунучтуу сексуалдык азгырыктарга бетме-бет жолугушушат. ЖООПТОРДУ ИЗДӨӨДӨ Google издөөлөрүндө «секс» деген сөз айына 338 миллион жолу, жылына төрт миллиарддан ашык жолу кездешет. Бул сөз Гугл пайда болгондон бери, анын тарыхындагы эң популярдуу беш сөздүн ичине кирет [1]. Интернет колдонуучулардын чоң үлүшүн өспүрүмдөр түзө турганын эске алганда, бул көрүнүнш бизге эки нерсе жөнүндө айтат: биринчиден, өспүрүмдөр жыныстык катнаш жөнүндө суроолорду беришет, экинчиден, алар жоопту керектүү жактан издеп жатышкан жок. Машаякчы изилдөөчү Джордж Барна ар кандай булактардан алынган кичинекей маалыматтарды жулуп алып, алардан чындык жөнүндө өз элестетүүсүн бириктирип алышкан адаттары үчүн азыркы өспүрүмдөрдү «куракчы муун» деп атады [2]. Жаштар ар кандай чечимдерди кабыл алышы керек болгон бардык тармактарга жана баарынан мурда жакындыкка байланыштуу чечимдерди кабыл алышкан жактарга «Баардыгына жол берилет» деген ураан астындагы философия кирип кеткен. «Куракчылардын» ар кандай ишенимдердин элементтерин аралаштырууга даярдыгы, алардын жыныстык катнашка болгон мамилесине ишенимдин өзү таасир этпей турганы, же таасири аз экендигин билдирет. Көзгө чөп салуу, порнография көрүү, баңги жана алкоголдук ичимдиктерди кыянаттык менен пайдалануу, жыныстык катнаш менен алектенүү — статистикалык сурамжылоолорго ылайык, жогорудан төрөлгөн өспүрүмдөрдүн 53 пайызы акыркы үч айдын ичинде саналып өткөн нерселердин бирин татып көрүшкөндөрүн мойнуна алышты. Ишенбегендердин арасында бул пайыз бир аз жогору — 59 [3]. ТАЛКУУЛАЙЛЫБЫ? Бул тууралуу ачык сүйлөшө турган мезгил келди окшойт. Миллиарддаган адамдар Интернеттен жыныстык катнаш жөнүндө маалымат издешет жана көпчүлүк бөлүгү: «Эмне үчүн күтүш керек?» — дегенге окшош эле бир маанилүү суроону беришет. Мүмкүн силер өзүңөргө ушул эле суроону берип жаткандырсыңар. Балким силер дагы эмнеге никеге чейин күтүү керектигин, расмий мамилелерге чейин азгырыкка кантип туруштук берүү керек экендигин билгиңер келип жаткандыр. Же, балким, силер ата-эне, кайтаруучу, жаштардын жетекчиси же балдардын жана кыздардын жыныстык катнаш жөнүндө бере турган суроолоруна жооп берүүгө, ал тургай, бардыгына уруксат берилген доордо Кудайдын тазалык тууралуу нормаларын сактоо ушунчалык маанилүү экендигин түшүндүрүүгө даяр эместигин сезген насаатчыларсыңар. Силер туура багыттасыңар. Мен силердин жыныстык катнаш тууралуу Кудай, медицина жана сергек акыл-эс эмне деп жатканын билишиңерди каалайм. Жаш муундардын жыныстык катнаш, сүйүү, мамилелер жөнүндө негизги суроолоруна түз, ачык, толук камтылган жоопторду бериш үчүн, дал ушул нерсе үчүн, ушул китеп жазылган. Тыюу салынган темалар болбойт. Акыркы 50 жыл аралыгында мен 10 миллиондон ашуун жаштардын алдында сөз айттым жана жаштардын бул темада билим алуусу, акыры никени жана толук кандуу үй-бүлө курууга алып келерине ынандым. Заманбап маданияттын бизге сунуш кылган жооптору жетишсиз экендиги анык, бирок бул аларды таппайбыз дегенди билдирбейт. Библия секс жөнүндө унчукпайт. Сүйүү жана жакындык жөнүндө курч суроолорду берип жатып, ар дайым Кудай Сөзүнө кеңеш издеп кайрылсак болот. Ошондуктан, ыңгайлуу жайгашып отургула, өзүңөргө кофе (бирок, жеке мен диеталык коланы ичкенди жактырам) куюп алгыла да, эми алга кеттик. Келгиле, жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшөлү. Эскертүүлөр [1] What Are the Most Googled Words in the World?» http://www.WebUpon. com/search-engine. Акыркы маалыматтарды бул жерден караса болот: www.josh.org — Авт. эскерт. [2] George Barna, «The Church and the Mosaic Generation» Homiletics Online. http://www.homileticsonline.com [3] Dave Kinnaman, «The Mosaic Generation» Enrichment Journal (Fall 2006). http://www.enrichmentjournal.ag.org 1 ӨЗҮН ӨЗҮ ТОКТОТО БИЛҮҮ ЖАНА ТАЗАЛЫК – БИР ЭЛЕ НЕРСЕБИ ЖЕ ЖОКПУ? Өзүн өзү токтото билүү жыныстык катнашка карата машаякчылык мамилени карманган адамдардын арасында күрөштө жолдошторун шыктандырыш үчүн колдонгон сөз катары болуп калды. Жада калса, дүйнөлүк программалар өздөрүнүн коопсуз жыныстык катнашын үгүттөөдө бул сөздү «вариант» катары колдоно башташты. Бирок, эгер так боло турган болсок, өзүн өзү токтото билүү деген эмне? Жана ал Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу ой-ниетине кантип ылайык келет? Өзүн өзү токтото билүү — бул бир нерседен алыс болуу, ал нерседен качуу. Мисалы, тигил же бул тамак менен азыктануудан, айрым жерлерге баруудан же отуруш кечелерине катышуудан өзүн өзү токтотсо болот. Андыктан өзүн өзү токтото билүүнү жактагандар, жыныстык тарбия жөнүндө сөз болгондо, жаштарга жыныстык катнашка «жок» деп айткыла деп сунушташат. Таң калаттырсыңар, бирок машаякчылар гана өзүн өзү токтото билүүнү талап кылышпайт. Гарварддагы «Чыныгы сүйүүнүн революциясы» деген студенттер тобунун мүчөлөрү группалаштарын ар кандай философиялык, биологиялык жана социалдык себептерден улам жыныстык катнаштан баш тартууга үндөшөт [4]. Биздин федералдык өкмөт жыл сайын жалгыз туура чечим катары карманууга болгон үгүттөөгө миллиондогон долларларды сарпташат [5]. Ал тургай үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча Америка Федерациясы көпчүлүккө кош бойлуулуктун жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын жайылышынын алдын алуучу жүрүм-турум катары өзүн өзү токтото билүүнү жайылтат [6]. Дүйнө жыныстык катнаштан баш тартууга көптөгөн себептер бар деп эсептейт, бирок Кудай бизди ушул нерсеге чакырып жаткан жок. Ал бизге тазалыкты, кынтыксыздыкты сунуш кылып жатат. Жылдан жылга ушул бир эле суроону угармандарыма берип келем. Тилекке каршы, эч ким кемтиксиздик деген эмне экенин так түшүндүрө алган жок. Силер элестетип жатасыңарбы? Эч ким. Бир да адам түшүндүрө алган жок. Ал тургай кайтаруучулардын арасында да эч кимиси түшүндүрө алышкан жок. Кемтиксиздик (айыпсыздык) — библиялык түшүнүктөрдүн эң сонуну, бирок, ал так эмнени билдире турганын эч ким билбейт окшойт. Бирок силер бул эмне экендигин билип алышыңарды каалайт элем. Анткени адилдик — көпчүлүк ойлогон нерсени түшүндүрбөйт. Бул силердин жыныстык катнаш жөнүндө ойлоруңарды таптакыр башка нукка бурат. Таза, кемтиксиз (айыпсыз) болуу — бул… Силер жоопко даярсыңарбы? Таза, кемтиксиз (айыпсыз) болуу — бул «алгачкы ой-ниетке ылайык жашоо» дегенди билдирет. Эгерде силер Теңир силерге айткандай жашап жатсаңар, анда кайсы гана тармагыңарды албайлы, силер тазасыңар. Эгерде силер Теңир силерге айткандай жашабай жатсаңар, анда силер кемтиксиз эмессиңер. Өзүн өзү токтото билүү — бул негизинде жыныстык катнаштан баш тартуу чакырыгы камтылган адат, ал тургай, мүмкүн ал эреже же мыйзамдыр. Кемтиксиздик болсо — бул адептүүлүк. Бул жөн гана интимдик жакындашууга макул болбоо эмес, бул Кудайдын биздин жашоого болгон ой-ниетине берилүү, ишенимдүү болуу. Тазалык жыныстык катнаштан баш тартуу дегенди билдирет. Бирок мунун баары Кудай жараткан жана сүйүүгө негизделген никеде силер жыныстык катнаштан ырахат алууңар үчүн гана болуп жатат. Эскертүүлөр [4] See the True Love Revolution. http://www.trueloverevolution.wordpress.com [5] Sharon Jayson, «Abstinence Message Goes beyond Teens» USA Today (October 31, 2006). http://www.usatoday.com/news [6] Planned Parenthood. http://www.plannedparenthood.org/health-topics 2 ЭМНЕ ҮЧҮН КУДАЙ ЖАНА БИБЛИЯ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШКА КАРШЫ? Эч кандай милдеттенмелерсиз интимдик жакындыкка өжөрлүк менен чакырып жаткан заманбап маданияттын шарттарында, Кудайдын бул маселеге болгон көз карашы барган сайын радикалдуу сезилип жаткандай. Сексуалдык «эркиндикти» туруктуу таңуулоонун фонунда, көптөгөн адамдарда Кудай алардын жыныстык катнаштан баш тартуусун талап кылып жаткандай түшүнүк пайда болот. Чындыктан мынчалык алыс эч нерсе жок. Көпчүлүк адамдар, анын ичинде машаякчылар, бул маселеде Кудайдын олуттуулугун жыныстык катнашты толугу менен четке кагып жатат деп жаңылышат. Ооба, Кудай өтө олуттуу. Бирок Ал бизге сунуш кылган сүрөт биздин заманбап чөйрө берген нерселерден алда канча жарыгыраак, жандуураак жана… ооба, сексуалдуураак. Чындыгында, кырдаал мындай, адам ага дүйнө сунуш кылган «тажрыйбага» салыштырмалуу Кудайдын планын кармана турган болсо, анда ал толук кандуу жыныстык катнашты ала алат. Кудай жыныстык катнашка каршы эмес, тескерисинче, ал жыныстык катнаш үчүн экенин кандайча түшүнө алабыз? Келгиле, ал Өз Сөзүндө кандай динамикалык өнүгүп келе жаткан сүрөттү тартканын эстейли. Накыл сөздөр китебинде автор физикалык жакындыкты жагымдуу жана мас кылган абал деп сүрөттөйт (Накыл сөздөр 5:19 кара). Бул сөздөрдө сексуалдыкка каршы эмне бар? Эч нерсе! Андан ары баралы. Сулаймандын Ырдын Ыры Китеби аял менен эркектин ортосундагы сүйүү көрүнүштөрүнө толгон. Бул эч нерсеге карабастан, бири-бирине жыргалчылык тартуулап жаткан эки адам жөнүндөгү поэтикалык окуя. Кантсе да, Кудай бул түстүү, көңүлдү көкөлөткөн сүрөттөөнү Өзүнүн ыйык Сөзүнө киргизген эмеспи. Жаңы Келишимде элчи Пабыл үй-бүлөлүк жубайларга тез-тез интимдик жакындашууда болуп турууларын кеңеш берет. Кудай жыныстык катнашты биздин ырахатыбыз жана Анын даңкы үчүн жаратканы Катта айдан ачык жазылган. Анын үстүнө, Библияда жыныстык мамилени «күнөө» же «таза эмес» нерсе катары сүрөттөгөн бир дагы аят жок. Жыныстык катнашты айыптаган деп адамдар көбүнесе мисалга келтиришкен сөздөр, жакындыкка таптакыр тиешеси жок. Алар жөн гана чегинен тышкары жыныстык катнашка кыянаттык менен мамиле кылуу жөнүндө Теңирибиздин айтылган сөздөрү. Кудайдын планы боюнча, жыныстык катнаш — бул жубайлар өз ара бири-бири менен бөлүшкөн белек. Биздин Жаратканыбыз башынан эле интимдик жакындыкты көңүлдү көкөлөтө турган жана кубаныч менен ырахат алып келе турган нерсе катары жараткан. Теңирибиздин билдирүүсү мындай эмес: «Бул нерсе күнөө же туура эмес болгондуктан, андан баш тарткыла». Ал башкача угулат: «Силер жакын мамиледен толук ырахат алууну Менин планыма ылайык келгенге чейин күтө тургула; Мага ишенгиле, бул күтүүңөр натыйжасын берет». Жыныстык катнашка байланыштуу Кудайдын ой-ниетин кыйынчылык менен түшүнгөнгө аракет кылып жаткан машаякчылар: «Кудай эмне үчүн жыныстык катнашка ушунчалык терс мамиле кылат?» — деп сурашканда, чындыгында аларды: «Теңир жакшы экени чынбы?» — деген дагы бир суроо кыйнап жаткан болот. Жазууда Кудайдын ой-ниети так жазылган. Кудай биздин жакын мамиледен ыракат алышыбызды каалайт жана Ал бизден үйлөнгөнгө чейин гана күтүүбүздү өтүнөт. Дүйнө бизге Кудайдын күтүүгө болгон өтүнүчү Анын жагымдуу жана кубанычтуу нерселердин бардыгынан бизди ажыраткысы келген каалоосун далилдейт деп билдирет. Бирок бул ишенимдин чындыкка эч кандай тиешеси жок. Жеремия пайгамбардын Китебинде мындай сөздөр бар: «Анткени Өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду Өзүм гана билем, — дейт Теңир, — силерге келечек, үмүт бериш үчүн, ал ой — жаман ой эмес, жакшы ой» (Жер. 29:11). Забурда мындай делет: «Сенде Өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон, адам баласынын алдында Өзүңө таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер көп!» (Забур 30:20). Кудайдын каалоосу — бизге жакшы белектерди берүү. Ал тарабынан коюлган чек аралар бизди бир нерседен ажыратуу үчүн эмес, бизди коргоо үчүн белгиленген. Дүйнө бардык чектөөлөрдү жаман деп эсептөөгө жакын, бирок чындыгында андай эмес. Кудай жыныстык катнашка таптакыр «каршы» эмес. Ал ушунчалык «жыныстык катнаш үчүн» болгондуктан, башынан эле, ар бир аял жана эркек жакын мамилелерден эң чоң кубанычка ээ боло алуусу Анын эрки болгон. Эгер биздин тандообуз — бул биз үчүн абдан жакшы нерсе даярдап койгон Теңирибиздин убадаларына ишенүү болсо, анда Ал биздин жакын мамиледен болушунча көбүрөөк ырахат алышыбызды каалаарын билип, анын жыныстык планына толугу менен таянсак болот. 3 НЕГИЗИ ЭЛЕ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШТЫ КУДАЙ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРАТТЫ ЭЛЕ? Ыйык Китепте үч анык себеп келтирилген. Биринчиси силерге жетишерлик деңгээлде ачык сезилиши мүмкүн, бирок окуганды уланта бергиле. Кудайдын ой-ниети силер ойлогондой кызыксыз эмес. № 1. ТУКУМ УЛООЧУЛУК Силер жыныстык катнаштын жаратылган биринчи себебин билет болушуңар керек. Ал тукум улоо үчүн керек — башкача айтканда, балдарды төрөө үчүн. Башталыш 1:28 де Кудай Адам ата менен Обо энеге: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле…», — деп айткан. Теңирибиз бизге интимдик жакындашууга кирүүбүз аркылуу, жаңы жашоону жаратуу үчүн кудайлык жөндөм берген. Аяттын башында эле, бул жакындыктын кесепеттери биз үчүн бата болушу керек эле деп айтылган. Өздөрүн өмүр бою бири-бирине арнаган аял менен эркектин ортосундагы мамиленин натыйжасында бала төрөлсө, бул чындыгында эле ойго келбеген бата! Албетте, никеге турбастан деле тукум уласа болот. Бирок жашоону жаратуу — силер өмүрүңөрдө жасай турган эң укмуштуу иштердин бири. Жана бул нерсе Теңирибиздин ыйыктаган никенин алкагында, уялбай, орунсуз тандалган учурга алаксыбай, андан толук ырахат алууга татыктуу нерсе. № 2. БИРИГҮҮ Адам затында жакындашууга болгон умтулуу терең тамырланган. Биз башка адамдар менен жана Кудай менен мамилелешүүнү эңсейбиз. Ал өзү бул каалоону бизге салган. Жыныстык катнашты жаратуу менен, ал биздин өзгөчө ынак мамилеге болгон муктаждыгыбызды кантип канааттандыруу керектигин ойлогон. Физикалык жакындык адамдардын ортосундагы өзгөчө байланышты жаратаары илимий жактан далилденген, бирок биримдиктин эң терең деңгээлине, жакындыкка Кудайдын планын аткарганда гана жетишсе болот. Башталыш 2:24: «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот». Бул үзүндүдө аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы байланыш жөнүндө, экөөнүн ортосундагы экөөнү бир бүтүндүккө айландыра турган ушунчалык күчтүү байланыш бар экендиги тууралуу айтылат. Башкача айтканда, алар ушунчалык жакын болуп калышкандыктан, эми аларды ажыратууга, бөлүүгө мүмкүн эмес. Башталыш китебинин автору илим жакында гана ырастаган нерсени интуитивдүү түрдө түшүнгөн. Окумуштуулар окситоцин деген аталыштагы гормонду, «кучакташуу гормонун ачышты» [7]. Бул мээбиз жакындашуу учурунда же жакындашуу боло турганын сезип күткөндө бөлүп чыгарган химиялык зат. Канга сиңгенде, окситоцин коопсуздук, ишеним жана терең назиктик сезимин ойготот. Ошол эле гормон наристе эмчек эмгенде эненин канына сиңет жана дал ушул нерсе адамдар арасында терең мээримдүүлүктү жаратуу үчүн кызмат кылат. Силер кимдир бирөө менен интимдик жакын мамиледе болгон сайын, денеңерде өнөктөшүңөргө «жабышуу» химиялык реакциясы жүрөт. Кудай жыныстык катнашты биздин жакындыкка болгон биологиялык муктаждыгыбызды канааттандыруу үчүн жараткан, бирок бир кармап туруучу нерсе бар. Бири-биринен башка жыныстык өнөктөштөрү жок күйөө менен аялы жакын мамиледе болгондо, Кудайдын планы эң сонун ишке ашаарын илим тастыктады. Чикаго университети жүргүзгөн изилдөөдө кийинки факт аныкталды: моногамдуу (бир гана никелүү, бир гана өнөктөшү бар) түгөйлөр эң жогорку сексуалдык канааттанууну алышат. Сурамжылоого ылайык, моногамдуу үй-бүлөлүү түгөйлөрдүн 87 пайызы жакындыктын денелик жактан аларга «өтө эле» же «эбегейсиз» ырахат тартуулагандыгын билдиришкен; 85 пайызы ошондой эле «ашыгы менен» же «эбегейсиз» эмоционалдык ырахатты сезишкендигин айтышкан [8]. Башкача айтканда, окситоцин эч кандай тоскоолдуктарсыз жубайы бар адамдардын денесинен бөлүнүп чыгат! Белгилей кетүүчү нерсе, эң эле аз канааттанган адамдар (физикалык жана эмоциялык жактан) жалгыз бой адамдар же бир нече сексуалдык өнөктөштөрү бар үй-бүлөлүүлөр болуп чыкты. Статистикалык саламаттыкты сактоо боюнча улуттук борбордун Мэриленд Университети менен биргеликте жүргүзгөн көп жылдык изилдөөсү көрсөткөндөй, никеге чейин жыныстык катнашка барууга ашыкпаган аялдар ажырашуу мүмкүнчүлүгүнө никеге чейин жыныстык жактан активдүү болушкан аялдарга караганда бир кыйла азыраак туш болушат [9]. Кудайдын планына ылайык, биз жарымыбыз менен абдан бекем, өтө чоң кыйынчылк менен гана үзүлүшү мүмкүн болгон күчтүү байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алабыз («…ошентип, экөө бир дене болот» деп Башталыш китебинде жазылган). Никеге чейин жыныстык мамилени күтүп, биз теңдешсиз деңгээлдеги жакындыкка жетебиз. № 3. ЭС АЛУУ, КҮЧҮБҮЗДҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ Ошентип, биз Кудай жыныстык катнашка таптакыр каршы эместигин жана ал биз үчүн жакшылыкты гана каалаарын билдик. Ал жыныстык катнашты биздин жыргалчылыгыбыз үчүн жаратканы буга далил болуп жатат. Чын эле! Жыныстык катнаш ырахат алып келүүсүн Кудай каалайт! Бул жөнүндө Сулаймандын Накыл сөздөр китебинен (5:18–19) так окуйбуз: «Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган, маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан». Абдан сезимтал ыр саптар, туурабы? Мында күйөөсү аялынын денесинен кандайча ыракат алганы жөнүндө сөз болуп жатат. Түп нускасында: «Аны менен жыныстык катнашта болуу сени мас кылсын» деген сыяктуу жазылган. Кудай башынан эле жыныстык катнаштын жагымдуу жана кубанычтуу болушун каалаган. Ооба, туура: никеден тышкары интимдик жакындашуу дагы ырахат тартуулай алат, бирок бул эч качан Кудайдын планын өзүн өзү токтото билүү менен биз жетишкен жогорку деңгээлге жакындабайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бизге эң жогорку деңгээлде интимдик ырахат тартуулоо бул Кудайдын эрки экенин дагы бир жолу кайталап кетели. Массалык сурамжылоолор моногамдык нике менен сексуалдык ырахаттын ортосундагы байланышты так байкоого мүмкүнчүлүк берет. Алардын айтымында, эрте жыныстык катнашка барган же көп өнөктөштөрү болгон аялдар азыраак сексуалдык тажрыйбасы бар, же тажрыйбасы жок аялдарга салыштырмалуу сексуалдык жашоосунан азыраак канааттанышат. «USA Today» гезити бул көрүнүштү «жыйын аялдарынын өч алуусу» деп атады [10]. Дүйнө бизге чектөөсүз жыныстык катнаштын эң жагымдуу экендигин үйрөтөт, бирок илим Кудай Сөзүндө айтылгандарды тастыктайт. Теңир биздин жыныстык катнаштан ырахат алышыбызды каалайт. Анын ой-ниетин кармануу менен биз теңдешсиз деңгээлдеги кубанычка жана канааттанууга жетишебиз. Демек, эмне үчүн Кудай жыныстык катнашты жараткан? Бул айдан ачык: биздин кубанычыбыз үчүн жана Анын даңкы үчүн. Адам Теңирдин планына ылайык физикалык жакындыктан ырахат алганда, бул таң калыштуу сезимдерге алып келет! Ал белгилеген чектерден чыгаарыбыз менен, кубаныч өчөт, жакындашуу өзүнүн баштапкы баалуулугун жоготот — бир сөз менен айтканда, Кудай Өзү тарабынан биз үчүн даярдалган баталар, күндүн астында калган жемиштер сыяктуу начарлайт. Эскертүүлөр [7] Susan E. Barker, «Cuddle Hormone» http://www.oxytocin.org/cuddle-hormone/index.html [8] Edward O. Laumann, et al. The Organization of Sexuality: Sexual Practices in the United States (Chicago: University of Chicago Press, 1994), 363–65. [9] Joan R. Kahn and Kathryn London, «Premarital Sex and the Risk of Divorce» Journal of Marriage and the Family, 53 (1991), 845–55. [10] William R. Mattox, Jr., «Aha! Call It the Revenge of the Church Ladies» USA Today (February 11, 1999). http://www.usatoday.com 4 «СҮЙҮҮ» ДЕГЕН СӨЗДҮ УККАНДА ЭМНЕНИ ТҮШҮНӨСҮҢӨР? Көпчүлүк жаштар, уландар дагы, кыздар дагы, сүйүп калуу жыныстык мамилеге барууга себеп болот деп ишенишет. Ошентсе да, сүйүү адамдын жүрүм-турумунун күчтүү кыймылдаткычы болгону менен, көпчүлүгүбүз анын эмне экени тууралуу жооп берүүдөн кыйналабыз. Балким, адамзаттын бүткүл тарыхында адамдар баарынан да сүйүү жөнүндө жазышкан жана сүйлөшкөн, ал тууралуу дүйнөдө башка нерселерге караганда эң көп ырдашкандыр. Тасмаларда, музыкада, поэзияда — ар бири бул сөзгө өз аныктамасын берген. • «Сүйүү — бул “кечирип кой” деп айтуунун кажети жок болгон нерсе». «Сүйүү баяны» тасмасынан. • «Сүйүү — бул иш-аракет». «DC Talk» [11] ырынан алынган сөздөр. • «Сүйүү — бул ырахат, акылсыздык, адам ансыз жашай албаган нерсенин бардыгы». «Таанышып алгыла, Джо Блэк» тасмасынан. • «Сүйүү — бул оттогу достук». «Идеалдуу эркек» тасмасынан. Көбүнчө сүйүү популярдуу ырга же кинонун сценарийине ылайыктуу уккулуктуу сөз айкаштары менен аныкталат, бирок алар чыныгы жашоодо иштейби? Эгерде биз өзүбүздүн мамилелерибизди жана сексуалдык тажрыйбабызды алсак, анда бизде сүйүү деген эмне экендигинен кандайдыр бир түшүнүк барбы? Дүйнөдө иштеп жаткан эң күчтүү күчтөрдүн бири ошол эле учурда түшүнүүгө эң жеткиликсиз болуп сезилет. Сүйүү деген эмне экенин түшүнүү, демек, Кудайдын жыныстык катнашты жаратуу планын жана максатын таанып билүүдө олуттуу алдыга жылуу дегенди билдирет. Акыр аягы, силер сүйүү деген эмне деген суроого жооп бере албасаңар, анда ага жолукканыңарды кайдан билесиңер? Силер сүйүктүү экениңерди кантип түшүнөсүңөр? Силердин мамилеңер сүйүүгө жана чыныгы жакындыкка негизделгенин кайдан билесиңер? Эгер сүйүү деген эмне экендигин билбесеңер, анда аны төшөктө кантип билдирейин деп жатасыңар? Бул жөн гана силердин колуңардан келбейт. Бул маселени териштирүү үчүн, алгач кандай нерсе сүйүү болбой турганын ойлонуп көрөлү. СҮЙҮҮ — СЕЗИМ ЭМЕС Бала кезиңерде апаңар силерди жашылча-жемиштерди жегенге мажбурлай алган (бул иш-аракет), бирок ал силерге аларды жегенден кубаныч алууга мажбурлай алган эмес (бул сезим). Мен сүйүүгө аныктама бергиле деп сурасам, адамдар көбүнчө: «Бул сезим» деп айтышат. Бирок эмоцияны башкарууга мүмкүн эмес да. Адамга белгилүү бир иш-аракетти жасоону же чечим кабыл алууну буйрук кылса болот, бирок ал андан эмоцияны сезбейт. «Бизге кимдир бирөө сүйгүлө деп буйрук берип жатабы?» Ооба, Кудай! Жакандын Жакшы Кабарында (13:34): «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө!» — деп айтылат. Эфестиктерге 5:25те: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген…» — деп жазылган. Сүйүү эмоция эмес, туруктуу тандоо экени анык. Качан биз бул тандоону жасаганда, сезимдерибиз өзгөрүшү мүмкүн, бирок сүйүү эрктин иш-аракеттери менен чагылдырылат. СҮЙҮҮ — ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ ЭМЕС Заманбап маданиятта «сүйүү» жана «жыныстык катнаш» деген сөздөр дээрлик бири-бирин алмаштырышат; керек болсо, жыныстык катнашка баруу сүйүүнүн чен-өлчөмү жана анын анык белгиси деп эсептелет. Андан ары, бизге жыныстык катнаш бири-бирин сүйгөн адамдардын ортосундагы мамиленин ажырагыс бөлүгү деп үйрөтүлөт. Бирок Кудай бизге жыныстык катнаш менен эч кандай жалпылыгы жок сүйүүгө аныктама берген. Эч кандай шек саноолордун кереги жок: бул таптакыр эки башка нерселер. Эмне үчүн аларды ушунчалык көп чаташтырышат? Эсиңерде болсо, үчүнчү суроого жооп берип жатып, жакындык учурунда адамдын мээсинде «кучактоо гормону» болгон окситоцин өндүрүлүп, ал коопсуздук, ишеним жана терең назиктикти жаратат деп айткам. Мына ушул «сезим» поп-маданияттын бизге «бир бөтөлкөнүн ичинде» жыныстык катнашты жана сүйүүнү сатуу аракеттери менен катар, көпчүлүктү жыныстык катнаш сүйүүгө барабар деп ойлоого түртөт. Бирок буга чейин эле сүйүү сезим эместигин билип, биз жумшак сөз менен айтканда, дүйнөнүн сүйүүгө берген аныктамасы таптакыр дал келбестигин түшүнө алабыз. Ошентип, эч кандай шек саноолорсуз, жыныстык катнаш — бул сүйүү эмес. Теңирибиз адамдар бири-бири менен чыныгы жакын мамиледе болуудан ырахат алуулары үчүн жыныстык катнашты жараткандыктан, биз никеден тышкары жыныстык катнашты тандап алуу менен, мамилени тескери кылып жаткандай болобуз. Ушундай башаламандыкта, сезимдер адамды алдап, жыныстык катнашты сүйүү деп кабыл алганга мажбур кылуулары мүмкүн. Ошол эле учурда, Кудайдын ой-ниетине ылайык, эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү физикалык жакындыкка баруудан мурун пайда болот жана тастыкталат. Кудайдын планына каршы чыгуу менен азыркы көз ирмемдеги муктаждыктарыбызды канааттандырууну чечип, биз жыныстык катнаш менен алектенебиз, бирок сүйүү менен эмес. Чыныгы сүйүү никеге чейин күтүп, сиз жана сиздин өнөктөшүңүз никесиз жыныстык катнаштан корголуп, сизге жакын мамилени толук канааттандыра турган келечек берет. КУДАЙДЫН СҮЙҮҮГӨ БЕРГЕН АНЫКТАМАСЫ Кудайдын Сөзүндө сүйүүнүн так аныктамасы берилген. Келгиле, биз чогуу ушул сөз кездешкен бир нече аяттарды окуйбуз, анан силердин жашоо образыңарды түп-тамырынан бери өзгөртө турган түшүнүккө келесиңер. Матай жазган Жакшы Кабарда (22:39) Ыйса мындай дейт: «…Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй». Биз жакындарыбызды кантип сүйүшүбүз керек? Өзүбүздү сүйгөнүбүздөй. Бул үзүндүдө нарциссисттик өзүн сүйүү жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Биздин өзүбүзгө болгон сүйүүбүз, өзүбүздүн муктаждыктарыбызды канааттандыруу жөнүндө дайыма кам көрүп жаткандыгыбыздан билинет. Ошентип, чыныгы сүйүү жакын адамынын муктаждыктарын канааттандырууну каалайт. Эфестиктер 5:28–29да бизге табышмактын дагы бир жандырмагы сунуш кылынат. Бул жерде мындай делет: «Ошол сыяктуу эле, күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат…». Өзүбүздү сүйүү кандайча чагылдырылат? Өзүбүздү азыктандырып, жылуулап жатканыбызда, башкача айтканда, өзүбүзгө камкордук көрсөтөбүз. Өзүмдү библиялык мааниде сүйүү менен, денелик жактан, руханий жактан, акыл-эс жана социалдык жактан өсүүгө кам көрөм. Чын жүрөктөн өзүмдү сүйүп жатып, мен өзүмдүн өсүшүмө тоскоол болгон нерселерди жоюуга кам көрөм. Кудай Сөзүндө биз сүйүүнүн эң жөнөкөй аныктамасын табабыз — «коргоо жана кам көрүү». Чыныгы сүйүү ар дайым, эч нерсеге карабастан, жакын адамына жакшылык издейт. Анын мотивациясы ар дайым бирөө гана: «коргоо жана кам көрүү». Кудайдын сүйүү формуласына жыныстык байланыш кандайча шайкеш келет? Никенин алкагында, бул жаныңардагынын физикалык жана эмоционалдык муктаждыктарына кам көрүүнүн эң сонун жолу. Бирок никесиз жыныстык катнаш сизге жана сиздин өнөктөшүңүзгө коркунуч келтирет. Никеден тышкары жакындыкка барууну чечип, өзүңүздү жана жан шеригиңизди кыйратуучу кесепеттердин коркунучуна, мисалы: каалабаган кош бойлуулукка, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга, күнөөгө, жүрөк жарасына, көңүл калуу сыяктуу жагымсыз нерселерге дуушар кыласыз. Кудайдын планынын чегинен чыгып жатып, биз сүйүү менен жыныстык катнаштын чегин ажырата албай калабыз. Сураныч, «ичиңердеги жылуу сезимди» сүйүү менен чаташтырбагыла жана башка адамга болгон сүйүүңөрдү билдирүүнүн эң мыкты жолу — алар менен физикалык жактан жакын болуу деген жалганга ишенип калбагыла. Кудай никедеги жыныстык катнашты бизди коргоо үчүн жараткан. Жакыныңардын бактысы, коопсуздугу, руханий өсүшү жана ден-соолугу силер үчүн өзүңөрдүн муктаждыктарыңардай маанилүү болуп калса — керек болсо, өнөктөшүңөрдү никесиз жыныстык катнаштан келиши мүмкүн болгон жаралардан коргоого даяр болгончолук маанилүү болсо, анда силер чыныгы сүйүүнү тапканыңарды билгиле. Эскертүүлөр [11] Машаякчылык рэп- жана рок-трио — Котормоч. эскер. 5 БИБЛИЯДАГЫ «КУДАЙ — СҮЙҮҮ» ДЕГЕН СӨЗ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу ой-ниетин так түшүнүп, аны аткара алуу жөндөмүбүз толугу менен Кудайдын Ким экендигин түшүнүүбүзгө негизделет. Жакандын Биринчи катында 4:16 Кудайды мындай сөздөр менен сүрөттөйт: “Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн билип, ошого ишендик. Кудай — бул сүйүү. Сүйүп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт, Кудай да анын ичинде жашайт» (курсив менен белгиленген менин сөзүм. — Дж. М.). Ошондой эле Жакандын Биринчи катында (4:8): «Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — бул сүйүү», — дейт (Курсив менен мен белгиледим. — Дж. М.). «Кудай — бул сүйүү» деген сөз Кудайды адамдын ичиндеги бүдөмүк, ачык эмес, бир жылуу сезим катары сүрөттөбөйт. Эсиңерде болсо, биз буга чейин эле сүйүү — бул сезим эмес экендигин аныктап алганбыз. Кудайдын сүйүүсү чындыгында кандай көрүнөт? Жакан жазган Жакшы Кабарда (15:12–13) Ыйса мындай дейт: «Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок». Кудай бизге сүйүүнүн жана аны кантип чагылдыруунун эң сонун үлгүсүн көрсөттү. Ыйса жерде сүйүү жана боорукерликке толгон жашоо менен жашаган. Анын айкаш жыгачтагы өлүмү бизге Кудайдын сүйүүсүнүн образын иш-аракетте чагылдырылганын көрсөтөт. Биз жакындарыбызга сүйүү көрсөтүүдөгү умтула турган сүйүүнүн үлгүсү мына ушул. Кудай жөн эле: «Мен силерди сүйөм» деп айткан жок, жөн гана Валентин картасын (сүйүү каты) алыскы космостон жөнөтүп, анан сүйүүсүн иш жүзүндө тастыктоону унутуп койгон жок. Ал муну бизге улам-улам, кайра-кайра далилдеп турат. Сиз: «Бир аз күтө турсаңар! Эгерде Теңир мени ушунчалык сүйсө, анда эмне үчүн мени жыныстык катнаш сыяктуу жагымдуу нерселерден баш тартууга мажбур кылып жатат?» — дешиңиз мүмкүн. Келгиле, мурунку суроонун жообунда талкуулаган сүйүүнүн аныктамасына кайтып келели. Сүйүү — бул коргоо жана кам көрүү дегенди билдирет. Кудайдын осуяттары бизди кандайдыр бир жол менен уят кылуу же бир нерседен куру калтыруу үчүн берилген эмес; тескерисинче, алар бизге жакшы болушун камсыздап, келечегибизди коргоо үчүн керек. Библиянын текстинде, Теңир бизге кандайдыр бир тандоодон же жүрүм-турумдан баш тартууну буйруган осуяттар кээде кездешет. Бир караганда, алар бизге катаал көрүнгөнү менен, чындыгында, алар Кудайдын сүйүүсүн терең чагылдыргандыгын күбөлөндүрүшөт. Чындыгында, Кудай: «Муну кылба» деген сайын, ал бизди коргоп, кам көрүп, бизге сүйүүсүн далилдеп жаткан болот. Мыйзамды кайталоо китебинде (10:13): «…өзүңө жакшы болуш үчүн, мен бүгүн берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын сакташыңды талап кылып жатат» (Курсив менен мен белгиледим. — Дж. М.). Кудай эмне үчүн Өзүнүн осуяттарын берген? Бизди жакшы сезиши үчүн! Анын ыкмалары бизди капалантып тажатса дагы, Кудай бизди сүйөт жана Анын бардык осуяттары өзүбүздүн жыргалчылыгыбыз жана коопсуздугубуз үчүн берилген экенинен биз эч качан шектенбесек болот. Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу буйруктары буга эң сонун мисал болуп берет. Корунттуктарга жазылган биринчи каттан (6:18) кийинки нерсени окуй алабыз: «Ойноштук кылуудан качкыла. Адам кылган бардык күнөөлөр денеден тышкары болот, ал эми ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат». Кудай бизге бузуктуктан алыс болууну ачык-айкын буйрук кылып жатат. Эмне үчүн? Ал бизге күтүп турууну суранган ошол эле аят менен жооп берип жатат. «Ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат». Кудайдын ой-ниетине дал келбеген сексуалдык мүнөздөгү тажрыйбалар физикалык мааниде айтканда, денеңерди кыйратат. Кудайдын эркин бузуу менен, биз өз денебизди олуттуу кесепеттерге дуушар кылабыз. Мына, бир нече гана далилди мисалга келтирели: • Жыл сайын болжол менен 15тен 24 жашка чейинки сексуалдык активдүү жаш жигиттердин (же кыздардын) ар бир төртүнчүсү жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алат [12]. • 2004-жылы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 13 жаштан 24 жашка чейинки 18000ден ашуун жаштарга ВИЧ же СПИД диагнозу коюлгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялады (35 штатта жашыруун отчеттуулук менен); 2004-жылы эле бул диагноз дээрлик 5000 жолу катталган, бул тесттен өткөндөрдүн үч пайызын түзөт [13]. • 2009-жылы 13 жаштан 19 жашка чейинки ата-энелерден 409 840 наристе төрөлгөн [14]. Бул кош бойлуулуктун жарымынан көбү каалоосуз болгон [15]. Эгерде адамдар жыныстык тажрыйбаны никеге чейин жылдырууга макул болушса, анда ден-соолукка коркунуч туудурган нерсенин бардыгы болмок эмес. Эгерде бири-бирин сүйгөн жана өмүрүн бири-бирине арнаган жубайлардын бүлөсүндөгү аял кош бойлуу болсо, бул нерсе жада калса, пландаштырылбаган кош бойлуулук менен байланышкан көйгөйлөрдү да жеңил чечмек. Кудай биздин ырахаттануубузду «бузуш» үчүн, же бизди жөнсүз чектегиси келгени үчүн жыныстык катнашка барбай туруубузду суранып жатпаганы анык. Анын жыныстык катнашка байланыштуу осуяттары бизге болгон Анын сүйүүсүн, биздин жыргалчылыгыбызды камсыз кылууну жана бизди коргоону каалаарын күбөлөндүрөт. Кудай — бул сүйүү, Ал эч качан кам көрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт. Библиядагы тексттерди ушул жагынан көрүп, Кудайдын осуяттарын биз үчүн эмне жакшы экенин билген мээримдүү Кудай бергенин түшүнүп, дароо кабыл алабыз. Эскертүүлөр [12] Child Trends, «Sexually Transmitted Diseases (STDs) among Adolescents and Young Adults» Facts at a Glance 2006–03 (2006). http://www.childtrends.org [13] Centers for Disease Control and Prevention, HIV/AIDS Surveillance Report, vol. 16 (2005). http://www.cdc.gov [14] B. E. Hamilton, et al., «Births: Preliminary Data for 2009» National Vital Statistics Reports (2010), 59(3), table 2. [15] A. Chandra, et al., «Fertility, family planning, and reproductive health of U.S. women: Data from the 2002 National Survey of Family Growth» National Vital Health Statistics (2005), 23 (25), 12. 6 АДАМДЫН БАШКЫ ЖЫНЫСТЫК ОРГАНЫ КАЙДА ЖАЙГАШКАН? Башкы жыныстык органыңар силердин сууда сүзүүчү кийимиңердин астында жашырылган эмес. Физикалык максималдуу ырахаттын ачкычы буттун ортосунда эмес, кулактын ортосунда жайгашкан. Жыныстык катнашка келгенде чыныгы кереметтер мээңерде болуп өтөт. Силерге нейробиология илими боюнча кыскача курсту сунуштаганга уруксат берсеңер. Салмагы үч фунт гана болгон мээңерде он миллиард нейрон, 100 миллиард колдоочу клетка жана 100 триллион аксон бар — бул клеткаларды нейрондор менен байланыштырган нерсе [16]. Ар бир секунда сайын бир миллион жаңы байланыштар пайда болот [17]. Адамдын мээси ааламдагы болгон нерселердин бардыгынан эң татаал нерсе. Эң укмуштай сексуалдык тажрыйба дал ушул клеткалардын жана байланыштардын акылдуу тутумунда болот. Силер буга чейин «оргазм» деген сөздү уккансыңар да? Бул физикалык жакындашуудан сезген күчтүү ырахатты сүрөттөйт. Окумуштуулар оргазм учурунда мээ жыргалчылык үчүн жооптуу чоң дозадагы химиялык заттарды алуу менен кайрадан жанданарын аныкташкан. Бул учурда мээ дененин бардык органдарына сигналдарды жөнөтүп, белгилүү бир жол менен иш-аракет кылууга буйрук берет. Кайрадан жүлүнгө нерв клеткалары импульс жибербесе, оргазм мүмкүн эмес болмок. Демек, жыныстык катнашка байланыштуу бардык нерсени мээ башкарат. Бирок ар бир мээ жыныстык байланыштан мүмкүн болушунча ырахат алуу үчүн ыңгайлаштырылган эмес. 100 триллион аксон дагы деле эсиңердеби? Жаңы төрөлгөн ымыркайларда, алар жылаңач зымдар сыяктуу ачык болушат, ал эми өспүрүмдөрдө алар миелин деген заттан «изоляция» менен жабыла башташат. Миелин кабыгы жыйырма жаштан кийин да калыптануусун уланта берет. Ал зымдарды изоляция кылган сыяктуу эле өз ролун аткара берет — электрдик импульстарды мээден нервдерге тезирээк жана натыйжалуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет [18]. Жыныстык жетилүү маалында жаңы гана каптала баштаган нервдердин кээ бирлери сезимге, акыл-эстүүлүккө жана өзүн өзү башкара билүүгө жооп берген бөлүктөрдү бириктирип турат. Башкача айтканда, мээңер жыныстык катнашка байланыштуу тез, бирок салмактуу чечим чыгарууга программаланган. Бирок бул нерсе жыйырма жаштан кийин ишке ашат. Нейробиологдор мээнин башка бөлүктөрү дагы деле өспүрүм курагында жетилүү процессинде экендигин аныкташты. Бул бөлүмдөрдүн бири туура чечимдерди кабыл алуу жана ачууланган эмоцияларды көзөмөлдөө үчүн жооп берет. Ал «префронталдык кабык» деп аталат [19]. Биз жарык дүйнөгө келгенибизде, биздин иш-аракеттерибиз мээбиздин тереңинде жайгашкан жана биринчи кезекте таза сезимдерди башынан өткөрүү үчүн жооптуу болгон лимбикалык тутум тарабынан башкарылат. Анын таасиринин астында гана тандоо жасап, жакшы менен жаманды айырмалай албайбыз, сезген нерсебизге гана таянабыз. Жашыбыз улуулаган сайын, биздин чечимдерди көзөмөлдөө борборубуз лимбиялык системадан префронталдык кабыкка өтөт, ал мээнин фронталдык бөлүктөрүнүн алдында жайгашкан жана адеп-ахлактык тандоолорго жооп берет. Эгерде лимбикалык система табит, каалоолор жана шашылыш муктаждыктар менен алектенсе, анда префронталдык кабык, жалгыз ал гана, мүмкүн болгон кесепеттерин эске алуу менен логикалык чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн берет. Муну мындайча түшүндүрсө болот: эгер лимбикалык система жапайы арстан болсо, анда префронталдык кабык арстанды тажрыйбалуу үйрөтүүчү болуп саналат. Арстан ар дайым ачка болуп турат, туура эмес тандалган олжо эмнеге коркунуч туудурушу мүмкүн экендиги менен анын иши да жок. Урушуп, ошол эле убакта мактоо менен машыктыруучу арстандын жырткычтык табитин басат. Илимий көз караш боюнча, өспүрүмдөр арстандар сыяктуу болушат. Бул куракта префронталдык кабык түзмө-түз «руль кармаган бойдон уктап жаткандай болот», ал эми лимбикалык система күчтүүлүк менен дүрбөлөңгө түшөт. Чындыгында, бир башкаруу тутумунан башкасына өтүү адатта жыйырма беш жашка чейин аяктайт. Биологиялык жактан алганда, орточо өспүрүмдүн префронталдык кабыгы «башчынын отургучун ээлөөгө даяр эмес» [20], бирок өнүгүүнүн ушул деңгээлинде өспүрүмдөр кесепети алардын бүт жашоосуна таасирин тийгизе турган жыныстык катнашка байланыштуу чечимдерди чыгарууга аракет кылып жатышат. «Journal of Youth and Adolescence» журналынын акыркы сурамжылоосуна ылайык, 17–18 жаштагы жаштардын 60 пайыздан ашыгы жыныстык катнашта болушкан [21]. Ошол эле учурда, алардын мээси боло турган кесепеттерди эске алуу менен чечим чыгарганга жөндөмдүү боло элек. Балким, ушул себептен улам сурамжылоого катышкан сексуалдык катышуучулардын дээрлик үчтөн экиси шашканына өкүнүшөт [22]. Өспүрүмдөр физикалык жактан жыныстык катнашка даяр болушса дагы, алардын негизги жыныс органы — мээси, азырынча, мүмкүн болушунча көп ырахат алуу үчүн жетиле элек. Жыныстык катнаштын максаты жөнүндө үчүнчү суроонун жообуна кайтып келели. Эсибизде болгондой, Кудай аны биздин ырахат алуубуз үчүн жана башка адам менен жакын мамиледе болушубуз үчүн жараткан. Бул эки максат биология чөйрөсүнө эмес, акыл-ой чөйрөсүнө тиешелүү. Кудайдын планы боюнча, жыныстык катнаштан негизги кубанычты мээ алат. Башкача айтканда, мээ үчүн презервативдер али ойлоп табыла элек. Менин айтайын дегеним, силер ар кандай мааниде — интеллектуалдык, эмоционалдык жана физикалык жактан жакындыктан эң күчтүү ырахат ала турган мамилеге жеткенге чейин силердин негизги жыныстык мүчөңөрдү бир гана Кудай коргой алат. Кудайдын Сөзү бизге жакшы кеңеш берет: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө» (Рим 12:2). Эскертүүлөр [16] Daniel R. Weinberger, M.D., Brita Elvevag, Ph.D., and Jay N. Giedd, M.D., «The Adolescent Brain: A Work in Progress» The National Campaign to Prevent Teen Pregnancy (June 2005), 5. [17] Helen Phillips, «Instant Expert: The Human Brain» New Scientist (September 4, 2006). http://www.newscientist.com [18] Shannon Brownlee, et al., «Inside the Teen Brain» US News & World Report (August 1, 1999). http://www.usnews.com/usnews/culture [19] Shannon Brownlee, et al., «Inside the Teen Brain» US News & World Report (August 1, 1999). http://www.usnews.com/usnews/culture [20] Shannon Brownlee, et al., «Inside the Teen Brain» US News & World Report (August 1, 1999). http://www.usnews.com/usnews/culture. [21] «Sexuality in Adolescence» Journal of Youth and Adolescence (November 2007). http://www.righthealth.com [22] Kaiser Family Foundation, «Teen Sexual Activity» in conjunction with Seventeen magazine article, «Virginity and the First Time» (2002). http://www.kff.org/mediapartnerships 7 ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ МЭЭГЕ ТААСИР ЭТИШИ МҮМКҮНБҮ? Биз тактап кеткенибиздей, мээ силердин негизги жыныстык органыңар. Ал эми анын кийинчерээк физикалык жакындыкты кандай кабыл алаары силердин чыгарган чечимдериңерден көз каранды. Келгиле, дагы бир жолу Корунттуктарга жазылган катка кайрылып көрөлү (6:18). Бул аятта Кудайдын Өзү белгилеген чектеринен чыккан физикалык жакындашуудан алыс болууга болгон чакырык камтылган, анткени бул адамдын өзүнүн денесине каршы күнөө. Бүгүнкү күндө илимпоздор элчи Пабылдын сөздөрүн никеден тышкары жыныстык мамилелер адамдын мээсине таасир этет деп тастыктап жатышат. Келгиле, илимий далилдерге кайрылып, жакындык биздин негизги жыныстык органыбызды кандайча өзгөртө тургандыгын карап көрөлү. ЖАКШЫ КӨРҮҮ МЭЭДЕ ТУУЛАТ «Кучактоо гормону» — окситоцин жөнүндө сүйлөшкөнүбүз эсиңердеби? Физикалык жакындык учурунда бөлүнүп чыгып, жакшы көрүү үчүн жооп берген бул гормон коопсуздук, ишеним жана терең назиктик сезимдерин жаратат. Биз ушунчалык баарыбыз эңсеген жана ушул үчүн Кудай жыныстык катнашты жараткан биригүүнүн түзмө-түз башыбызга курулган. Анын үстүнө, аялдын мээсине тийүү жана кучакташуу учурунда өзгөчө чоң окситоцин дозасы берилет. Эркектердин мээсине болсо, ушул эле иш-аракеттер башка бир гормондун — вазопрессиндин агылышына алып келет [23]. Жубайлар бири-бирине канчалык камкор, ишенимдүү өнөктөш болушса, алардын мээси ошончолук көп окситоцин жана вазопрессин өндүрөт — бул жакшы көрүүнү бекемдөө жана узартуу үчүн керек болот. Кудай биздин денебизди узак мөөнөттөгү жакындык үчүн жараткан. Бул нерсе мээде болуп жаткан физикалык процесстерде көрсөтүлгөн. Эгерде өнөктөштөрдү тез-тез алмаштырып турсак, анда окситоциндин деңгээли төмөндөйт — организм аны керектүү өлчөмдө чыгара албай калат. Адепсиз жыныстык катнаш эркектин мээсиндеги вазопрессиндин бөлүнүп чыгышын басаңдатат жана ал кыска мөөнөттүү мамилелерге байланыштуу тобокелдиктерге «кайдыгер» болуп калат [24]. Кыска мөөнөттөгү, эч нерсеге милдеттендирбеген жыныстык мамилелер мээни химиялык деңгээлде өзгөртө алат. Бирок окситоцин менен вазопрессиндин бөлүнүп чыгышы мээнин физикалык жакындыкка болгон реакциясынын жалгыз гана түрү эмес. Мындан тышкары, жыныстык катнаш «бакыттын гормонун», дофамин деп аталган заттын чыгышын шарттайт. Бул гормон биз көңүлдүү, кызыктуу, жагымдуу нерсе менен алектенгенибиз сайын бөлүнүп чыгат. Эгерде окситоцин бизге сүйүп калгандыгыбызды «айтып» койсо, анда дофамин: «Мен дагы көбүрөөк каалайм, мага дагы керек!» — деп кыйкырат. Илимпоздор сүйүшүп жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдүн канында дофаминдин көп болушун катташкан [25]. Бул гормон каалоону ойготуп, мээге дароо курч ыракат алуу сезимин берет. Дофамин адеп-ахлак категорияларына нейтралдуу экендигин түшүнүү керек [26]. Ага конструктивдүү жана кыйратуучу жүрүм-турумдун, жакшы менен жаман мамиленин айырмасы белгисиз. Көп жагынан алганда, ал баңги зат сыяктуу иштейт. Мээге ырахаттын бир деңгээлинде болуш үчүн дозалардын бардык жагынан бирдей өсүшү керек. Жубайлардын ортосундагы мамилеге олуттуу терс таасир тийгизген никеден тышкары жыныстык катнашта болуу, дофаминге болгон суусоону уламдан-улам күчөтө берет. Эгер мамиле бузулса, анда бул нерсе окситоциндин өндүрүлүшүнө таасир этет; кайрадан мурдагыдай дофаминдин күчөшүнө жетишүү үчүн барган сайын көбүрөөк жыныстык байланыштар талап кылынып баштайт. Мээдеги дофаминдик кумарды «канааттандыруу» үчүн, адамга барган сайын көбүрөөк жыныстык катнаш талап кылынат, бул болсо жаңы өнөктөштөрдү издөөнү талап кылат, ал эми жакшы көрүүнү, биригүү, байланууу деңгээли төмөндөй берет. Мындан тышкары, дофамин ырахаттын күчөшүн шарттагандыктан, сексуалдык активдүү түгөйлөр көбүнчө ушул толкундануу сезимин назиктик менен алмаштырып, чыныгы жакындык издөөнүн ордуна дофаминдин жогорку деңгээлин кубалашат, бул болсо мамиленин тез бузулушуна алып келет. Жыныстык катнашка болгон көз карандылык — мээ кирип кете турган дагы бир мүмкүн болгон тузак. Физикалык жакындык учурунда мээдеги химиялык реакция көз карандылыкты пайда кылышы мүмкүн, андан кийин жыныстык табитти ооздуктоо татаалдашат. Эгерде силер өзүңөрдү экинчи жарымыңар үчүн гана сактасаңар, анда никеде жыныстык катнаш менен алектенип жатып, мээңер жакындашууну ушунчалык сонун кылган нейрохимикаттарды жетиштүү өлчөмдө алат деп ишенсеңер болот. ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ СИЛЕРДИН ЭС ТУТУМУҢАРГА ТААСИР ЭТЕТ Ошондой эле тажрыйба мээбизди кандайча өзгөртө тургандыгы жөнүндө дагы бир айкын мисал бар. Беш сезимдин бардыгы биригип катышып, кайсы бир кырдаал силерди аябай тынчсыздандырган сайын, денеде норэпинефрин аттуу гормон пайда болот, башкача айтканда, «эс тутум гормону». Ал ушул тажрыйбадагы окуяны алып, баштын ичинде түбөлүккө орноткондой. Физикалык жакындык биздин сезимдерибизди жана эмоциябызды терең ишке киргизгендерин эске алганда, организм бул заттын жетиштүү дозасын бөлүп берип жооп берет жана башыңардан өткөн нерсе силердин эсиңерде бекемделип сакталат. Үй-бүлө куруу менен силер никеңердеги жаңы мамилелерге, өткөндүн эскерүүлөрүн дагы кошо алып келесиңер. Албетте, өзүңөргө мындай деп айта аласыңар: «Күндөрүмдүн акырына чейин жанында болгум келген адам менен жолукканда, буга чейин кимдер менен болгонумду эстеп да койбойм». Бирок, мындай болбойт. Сексуалдык тажрыйба силердин башыңарда сакталат, бул процесс биологиялык деңгээлде жүрөт. Мурунку өнөктөштөрүңөрдү эстөөдөн арыла албайсыңар, анткени алар силердин мээңердин параметрлерин эчак эле өзгөртүп коюшкан. Эврейлерге жазылган катта (13:4): «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын…» — деп жазылган. Бул ойду төмөнкүдөй чечмелесе да болот. «Жыныстык мамилеңерди таза сактагыла». «Таза» деген сөздүн аныктамаларынын бири — «бөтөн аралашмаларды камтыбаган» дегенди билдирет [27]. Жыныстык катнашты үйлөнүү үлпөтүнө чейин калтырууну каалабаганыбыз менен, биз эсибизде түбөлүккө из калтырган жана азыркы учурда жыныстык катнашка химиялык деңгээлде кандайдыр бир деңгээлде таасир эте турган мурдагы өнөктөштөрдүн бардыгын нике төшөгүнө алып келген болобуз. Бир катар лекциялардан кийин (анын акыркысын жыныстык катнашка арнаган элем) бир жолу менин досторумдун бири, кайтаруучу, мени аэропортко жеткирип барууну сунуш кылды. Машинага түшкөнүбүздө алгач ал эпсиз унчукпай жатты Анан акыры ал мындай деди: — Джош, мен сенин жардамыңа муктажмын. Жыйырма жылдан бери менин сулуу аялым бар, бирок төшөктө мен аны менен эч качан жалгыз болгон эмесмин. — Эмне дегиң келип жатат? — деп сурадым. — Мектепте жогорку класстын окуучусу болгон кезимде мен Кудайга ишенчү эмесмин жана жыныстык жактан өтө эле бош болуп, адеп-ахлаксыздыкты болушунча көрсөткөнмүн, — деп мойнуна алды ал. — Бул нерсе мен университетке тапшырганга чейин уланды. Ал жерде мен Машаякка Теңирим жана Куткаруучум деп ишенип, жашоомду сексуалдык чөйрөдөн тышкары дээрлик толугу менен өзгөрттүм. Үчүнчү курста мен болочок жубайым менен тааныштым. Ошол күнгө чейин аял киши ушунчалык сулуу болот деп эч ойлогон эмесмин. Биз бири-бирибизди сүйүп калып, баш коштук… Андан кийин, ал жыныстык күнөө анын никесине кандай таасир эткендиги жөнүндө айтты. — Биринчи нике түнүнөн баштап, мурунку сүрөттөр жана көрүнүштөр, менин мурунку кыздарымдын элестери башымда тынымсыз айланып турду, алар дагы деле мени таштабай жатышат. Өткөн мамилелердин элестери анын башында такалып калган, бул абдан аянычтуу, кыйратуучу натыйжага алып келген. Демек, ар бир чечимибиз, ар бир иш-аракетибиз менен биз мээбиздин түзүлүшүн өзгөртөөрүбүздү так түшүнүшүбүз керек. Эскертүүлөр [23] Barker, «Cuddle Hormone». [24] Joe S. McIlhaney Jr., M.D., and Freda McKissic Bush, Hooked: New Science on How Casual Sex Is Affecting Our Children (Chicago: Northfield Publishing, 2008). [25] Joe S. McIlhaney Jr., M.D., and Freda McKissic Bush, Hooked: New Science on How Casual Sex Is Affecting Our Children (Chicago: Northfield Publishing, 2008). [26] Joe S. McIlhaney Jr., M.D., and Freda McKissic Bush, Hooked: New Science on How Casual Sex Is Affecting Our Children (Chicago: Northfield Publishing, 2008). [27] http://www.Definitions.net/definition/purity 8 АЗЫРКЫ МЕДИЦИНА ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮ ҮЙРӨНГӨН ЖОКПУ? Менин угуучуларымдын көпчүлүгү медицина буга чейин жыныстык жол менен жугуучу оорулардын пайда болуу тобокелдигин жоюп, жугуштуу ооруга чалдыкканда (алар ойлогондой, өтө сейрек кездешет), алардан оңой арылууга болот деп чын жүрөктөн ишенишет окшойт. Аттиң, алардын бул тууралуу ою түп-тамырынан бери туура эмес. Эгерде 1960-жылдары дарыгерлер жыныстык жол менен жугуучу эки негизги ооруну — сифилис жана гонореяны дарылашса (экөөнү тең ийне сайуу жолу менен), азыркы учурда жыныстык жол менен жугуучу оорулардын 25 негизги түрү бар [28], алардын 19 айыккыс деп эсептелет [29]. 1960-жылдары сексуалдык активдүү өспүрүмдөрдүн ар бир алтымышынчысы жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктурган. 1970-жылдары — ар бир кырк жетинчиси [30]. Бүгүнкү күндө сексуалдык активдүү өспүрүмдөрдүн ар бир төртүнчүсү вирус жуктуруп жатат [31]. Жыныстык жактан жуккан инфекциянын дабасын табуу жана анын жайылышын токтотуу боюнча дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, оорулардын түрлөрү, оорулардын саны сыяктуу эле, азайбастан, туруктуу өсүүдө. Бүгүнкү күндө 70 миллион америкалыктар жыныстык жол менен жугуучу оорунун жок дегенде бирөөсүн жуктуруп алышкан [32]. Алардын болжол менен 65 миллиону айыкпас оорулар [33]. Дүйнөдө болсо жыл сайын дээрлик 330 миллион адам жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жугузушат [34]. Жаштар инфекцияга өзгөчө кабылышат. Сексуалдык активдүүлүктүн алгачкы эки жылында өспүрүм кыздардын жарымы жыныстык жол менен жуккан оорулардын жок дегенде үчтөн бири жуктуруп алышат. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, Америкада жыл сайын жыныстык жол менен жуккан оорулардын 19 миллион жаңы алып жүрүүчүлөрү пайда болот. Анын үстүнө, бейтаптардын жарымына жакыны 15 жаштан 20 жашка чейинкилер [35]. Бүгүнкү күндө жеңил ойлуу жашоодо жашап, ден-соолукту сактап калуу дээрлик мүмкүн эмес. Никеге чейинки жыныстык катнашты тандап жатканда, жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгүңөр болбоду дегенде төрттөн бири болот [36]. Бул жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү ар бир жаңы өнөктөштүн пайда болуусу менен кошо өсөт. Албетте, бул сандарды карап мындай деп ойлонушуңар мүмкүн: «Эгерде жыныстык жактан активдүү өспүрүмдөрдүн ар бир төртүнчүсү ооруп жатса, анда мен дагы деле жугуштуу оорудан алысмын. Мындан тышкары, мындай оорулардын бардыгы айыгат да, туурабы?» Жок, туура эмес! Жыныстык жол менен жуккан оорулардын көпчүлүгү айыкпас болушат, анткени алар вирустардын таасиринен келип чыгышат. Жыныстык жол менен жугуучу оорулардан баштап, жөнөкөй эле суук тийгенден улам пайда болгон вирустук ооруларга чейин — бардык вирустук оорулар айыкпайт. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын айрымдары гана дарыланат, бирок бул узак жана азаптуу процесс; мына, бир нече мүнөттүк ырахаттын кесепети! Мындан тышкары, буга чейин жок кылууга мүмкүн болгон ооруларды да, акыркы убактарда дарылоого мүмкүн эмес болуп баратат. Биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз жыныстык жол менен жугуучу ооруларды аныктоого жана дарылоого жылына он алты миллиард доллар сарптайт [37]. Вирусту жуктуруп алгандардын саны абдан көп жана дарыгерлер бул санды азайтуу үчүн талыкпай иштеп жатышат. Ошентип, жакында эле, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан өзгөчө кеңири тарап жаткан ВПЧ, башкача айтканда, адамдын папилломавирусуна каршы вакцина ойлоп табышты. Көпчүлүгү бул жетишкендикти «жыныс органдарынын инфекцияларына каршы күрөшүүдөгү олуттуу кадам» деп эсептешкен, бирок чындыгында инфекцияны жуктуруп алуу коркунучунан коргоо минималдуу гана деңгээлде. Баарынан мурда, вакцина жалаң гана аялдар үчүн иштейт, эркектердеги ооруларга каршы дары али ойлоп табыла элек. Андан тышкары, бул оорулуулардын 70 пайызына гана таасир берет жана аны өспүрүм курагында кабыл алуу керек; ал эми ооруну жугузуп алган өспүрүм кыздардан улуу аялзатына вакцина жардам бербейт. Мындан тышкары, ал рак шишиктеринин пайда болушуна алып келген бардык ВПЧ түрлөрүн жеңе албайт. Ал эми эмдөөдөн кийин анын иш-аракетинин, таасиринин узактыгы алиге чейин аныктала элек. Бул дары жакында эле иштелип чыккан жана вакцина таасир берген аялдардын 70 пайызында ВПЧга каршы иммунитети канчага созуларын аныктоо үчүн бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн [38]. Бирок, узак мөөнөттүү коргонуу мүмкүнчүлүгү аз. Бирок инфекциянын жугуштуу оорулардан башка дагы зыяндуу таасири бар. 15 жаштан 25 жашка чейинки болжол менен 100000 АКШ аялдары жыныстык жол менен жугуучу оорулардан улам эч качан балалуу боло алышпайтт [39]. Жыл сайын дээрлик 80,000 эркектер ВПЧга байланыштуу ракка кабылышат [40]. Жыл сайын 17000ден ашуун америкалыктар СПИДден каза болушат [41]. Эгер силер дагы деле Кудай белгилеген коргоо чектерин аттап, интимдик мамилеге кирүүнү кааласаңар, анда жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктурбоо мүмкүнчүлүгүңөр өтө эле аз. Бул илим тарабынан далилденген. Медициналык коомчулук дагы, өкмөт дагы бул фактыны моюнга алышат. Баса, жакында эле АКШнын жетекчилиги жыныстык жол менен жугуучу ооруларга диагноз коюу жана алдын алуу үчүн 400 миллион доллар бөлгөт [42], бирок, ошого карабастан, оору көбөйүүдө. Жөнөкөй сөз менен айтканда, биз өкмөттөн же дарыгерлерден Кудай бизди ачыктан-ачык эскертип жаткан өз тандообуздун коркунучтуу кесепеттеринен коргойт деп күтө албайбыз. Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу буйруктары бизди күтүлбөгөн кесепеттерден сактап калуу жана эң чоң кубаныч тартуулоо үчүн берилгенин унутпагыла. Таза жана кынтыксыз нике төшөгүндө жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү канчалык болушу мүмкүн? Нөлчөлүк. Бул эң алгылыктуу вариант, туурабы? Эскертүүлөр [28] «Sexually Transmitted Diseases» Epigee. http://www.epigee.org/guide/stds [29] The Medical Institute, «The Facts about Condoms» http://www.medinstitute.org/content [30] The Medical Institute, «Parents and Adolescents Attitudes» http://www.medinstitute.org/media/Attitudes.htm [31] McIlhaney and Bush, Hooked, 117. [32] McIlhaney and Bush, Hooked, 81. [33] «Overview of Sexually Transmitted Disease (STD)» HealthCommunities.com [34] John Wright, ed., The New York Times Almanac 2002 (London: Psychology Press, 2001), 480. [35] Reuters, «CDC: Sexually Transmitted Diseases Still Rising in U.S.» Fox News (November 16, 2009). http://www.foxnews.com [36] Lindsey Tanner, «Study Finds 1 in 4 U.S. Teens Has an STD» ABC News (March 11, 2008). http://www.wjla.com/news/stories [37] Centers for Disease Control and Prevention, «Public Health Leaders Gather at National STD Prevention Conference to Address Heavy Toll of Sexually Transmitted Diseases» (March 2, 2010). http://www.cdc.gov [38] The Medical Institute, «Statement on HPV Vaccine» http://www.medinstitute.org [39] American Social Health Association, «PID (Pelvic Inflammatory Disease) Questions & Answers» http://www.ashastd.org [40] Centers for Disease Control and Prevention, «HPV and Men: Fact Sheet» http://www.cdc.gov [41] AVERT, «United States HIV & AID Statistics Summary»; http://www.avert.org [42] Centers for Disease Control and Prevention, «20 Years of AIDS» (May 31, 2001). http://www.cdc.gov 9 ЭҢ КӨП ТАРАЛЫП ЖАТКАН ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУ КАЙСЫ? Көпчүлүк чоңдор жана өспүрүмдөр жыныстык жол менен жугуучу ооруларга байланыштуу маселелер жөнүндө билимсиз болушкандыгы таң калыштуу. Жада калса, кеңири тараган жыныстык жол менен жугуучу инфекция жөнүндө жана аны айыктырууга болбой тургандыгы жөнүндө аз гана адамдар билет [43]. Мен эмнени айткым келип жатат? Адам папилломавирусу (ВПЧ) тууралуу сөз кылып жатам. ВПЧ — бул жыныстык жол менен жугуучу вирустук инфекция, ал ушунчалык жеңил эле жуккандыгына байланыштуу, жада калса презервативдер да андан сактанууга жардам бербейт. Ушул себептен улам ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору аны Америка Кошмо Штаттарында жана дүйнө жүзүндө жыныстык жол менен жуккан оорулардын саны боюнча биринчи орунда деп эсептешти [44]. Биздин маалыматтар боюнча, жыл сайын алты миллиондой америкалык ВПЧны жуктуруп алышат [45]. Бул көрсөткүч канчалык чоң экендигин элестетүү үчүн, Калифорниянын Лос-Анжелес шаарында жашаган адамдардын дээрлик жарымы деп айтам. Бул санды он экиге бөлөлү, ошондо ай сайын 458 333 адам ооруп жаткан болот, бул болжол менен Жаңы Орлеандын калкынын санына барабар. Ар жумада — 100 миңден ашуун адам (Висконсин штатындагы Грин Бэй шаарынын калкы) бул ооруну жугузуп алышат. Күнүнө 15 миңден ашуун сексуалдык активдүү адамдар, 627 адам саат сайын, 19 адам ар бир мүнөт сайын ушул ооруну жуктурушат. Ушул тапта 20 миллион америкалык ВПЧ оорусун алып жүрүүчү болуп саналат [46]. Бул сан, болжол менен бүтүндөй Австралия континенттин калкынын санына барабар! Ушул статистика жөнүндө ойлонуп көрсөңөр, ал таң калыштуу. • Аялдардын 80 пайызы ВПЧны 50 жашына чейин жугузуп алышат [47]. • Сексуалдык активдүү эркектердин 70 пайызы ВПЧ инфекциясын жуктуруп алышат [48]. • Сексуалдык жактан активдүү адамдардын 50 пайызы мурдатан бери ооруп келишкен же жакында эле ВПЧны жуктуруп алышкан [49]. • 15 жаштан 49 жашка чейинки 80 миллион америкалык бир жолу болсо да жыныстык ВПЧ оорусун жуктуруп алышкан [50]. • 20 жаштан 24 жашка чейинки адамдар көбүнесе ВПЧны жуктуруп алышат: бул курактык категорияга кирген аялдар менен эркектердин 26,8 пайызы, бул ооруну качан эле жуктуруп алышкан [51]. Мындан тышкары, вирустун сансыз көп алып жүрүүчүлөрү уялгандан, ачык нерсени четке какканынан же оорунун белгилерин тоотпогондуктан эч качан доктурга кайрылышпагандыгын эске алышыбыз керек. ВПЧ — бул вирус жана аны айыктыруу мүмкүн эмес. Анын көбөйүшү адамдын терисинин клеткаларында, нымдуу жерлеринде жүрөт жана өтө оңой эле өткөрүлүп берилет. Эксперттердин айтымында, биринчи жыныстык катнашта өнөктөшкө ВПЧны жуктуруу ыктымалдыгы 50 пайызды түзөт. ВПЧны алып жүрүүчүлөр менен жыныстык катнашта болгон адамдар 90 пайыз учурларда бул ооруну жугузуп алышат [52]. Бир жагынан алганда, жуктуруп алуунун жогорку деңгээли вирустун организмде көпкө чейин көрүнбөй калышы менен байланыштуу. ВПЧ денеңизде көп жылдар бою байкалбай «жашырынып» жүрүшү мүмкүн [53]. Бирок эң негизги коркунуч — бул вирус жугузуп алгандыктан, ракка чалдыгуу коркунучу. Папилломавируска чалдыккан аялдардын 70 пайызга жакыны убакыттын өтүшү менен жатын моюнчасында ракка чейинки өзгөрүүлөргө дуушар болушат [54]. ВПЧнын жыныс моюнчасындагы рак оорусунун пайда болушуна жана өнүгүшүнө 90 пайыздан ашуун катыштыгы бар; бул аялдар арасындагы өлүмгө алып келген рак оорусунун экинчи түрү (биринчи орунда эмчек рагы турат) [55]. ВПЧ инфекциясынан улам жатын моюнчасынын рагы жыл сайын 13 миң америкалык аялда пайда болот. Алардын болжол менен 5 миңин өлүм күтүп турат [56]. Акыркы беш жылда ВПЧ ВИЧ жана СПИДге караганда көбүрөөк аялдардын өмүрүн алып кетет [57]. Ошентсе да, бул вирус жөнүндө унчукпай турууну туура көрүшөт. Лос-Анджелес шаарындагы Калифорния университетинин Медицина факультетинин изилдөөчүлөрү папилломавирус аялдарда жатын моюнчасынын жана кындын рак оорусунун 90 пайыздан ашуун (бул эпидемия) учурларында болгонун аныкташат [58]. Ушул себептен ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору рактын бул түрү жыныстык жол менен жугат деп ырастоодо [59]. Эркек ВПЧ жуктуруп алышы мүмкүнбү? Албетте! Аялдардын 80 пайызы папилломавирусту 50 жашка чыга электе жуктурганына карабастан, аялдар гана ооруй турган оору болуп көрунгөнү менен, бул «аял» оорусу эмес. Рак жаатын изилдеген Улуттук онкология илим изилдөө институтунун жакында жүргүзгөн Интернеттеги сурамжылоосу кооптуу тенденцияны тапты: Бразилияда, Мексикада жана АКШда 18 жаштан 70 жашка чейинки эркектердин (сексуалдык жактан активдүү жана активдүү эмес) 50 пайызы ВПЧны жуктуруп алышкан [60]. Папилломавируска чалдыгуу коркунучу жыныстык активдүүлүк менен байланыштуу экендигин жалпысынан өтө эле аз жаш адамдар түшүнүшөт. Андан дагы аз пайызы инфекциянын канчалык коркунучтуу экендигин билишет жана ВПЧ өлүмгө чейин алып бара турганын дээрлик эч ким билбейт. Медицина коомчулугу олуттуу көйгөйдү көрсөткөн коркунучтуу статистиканы жарыялады. Кудай кыйроонун масштабын көрүп турат, бирок аны сандар кызыктырбайт. Ал адамдарга жыныстык катнаш жөнүндө эрежелерди бергенде, ал белгилүү бир адамды — сизди айткан. Кудай сизден тандоону талап кылат — жан шеригиңизди, жубайыңызды күтүү тандоосу. Ал сизди жана сиздин келечегиңизди коргогусу келет. Эскертүүлөр [43] The Medical Institute, «Statement on HPV Vaccine». [44] Centers for Disease Control and Prevention, «Human Papillomavirus (HPV)» (March 11, 2011). http://www.cdc.gov/hpv [45] Centers for Disease Control and Prevention, «HPV Vaccine — What You Need to Know» (March 3, 2010). http://www.cdc.gov/vaccines [46] Centers for Disease Control and Prevention, «Genital HPV Infection» (November 24, 2009). http://www.cdc.gov [47] National Council of Women’s Organizations, «Key Facts about Cervical Cancer: HPV Testing and Older Women». http://www.cluw.org/CCPW/ncwoFactsheet‑2 [48] D. L. Hughes, «How Can Men Be Tested for HPV?» http://www.eHow.com [49] L. A. Koutsky, «Epidemiology of genital human papillomavirus infection» American Journal of Medicine (1997), 102 (5A), 3–8. [50] L. A. Koutsky and N. B. Kiviat, «Genital Human Papillomavirus» in K. K. Holmes, et al., eds., Sexually Transmitted Diseases (New York: McGraw Hill, 1999), 347–59, quoted in Sexual Health Update Newsletter (Spring 2000), 1–2. [51] Eileen F. Dunne, et al., «Prevalence of HPV Infection among Females in the United States» Journal of the American Medical Association, vol. 297, no. 8 (February 28, 2007). http://www.jama.com. [52] National Institute of Health, «Cervical Cancer» Consensus Development Statements 14, no. 1 (April 1–3, 1996). http://www.odp.od.nih.gov/consensus/cons/102 [53] Planned Parenthood, «Human Papillomavirus (HPV)» http://www.plannedparenthood.org [54] Joe S. McIlhaney Jr., M.D., Sex: What You Don’t Know Can Kill You (Grand Rapids, MI: Baker, 1997), 34, 36. [55] Kaiser Family Foundation, «The Tip of the Iceberg: How Big Is the STD Epidemic in the U.S.?» (December 2, 1998). http://www.kff.org/womenshealth/1447 [56] American Cancer Society, «Cancer Facts and Figures 1999: Selected Cancers» (February 21, 2000). http://www.cancer.org/statistics/cff99/selectedcancers.html [57] Institute for Youth Development, «STDs — A Teenage Epidemic?» The Youth Connection (March/April 2004), 4. http://www.youthdevelopment.org [58] Matthew B. Rettig, M.D., «HPV Virus Helps Cervical and Head and Neck Cancers Grow and Spread» UCLA Jonsson Comprehensive Cancer Center (November 4, 2008). http://www.cancer.ucla.edu [59] Centers for Disease Control and Prevention, «Cervical Cancer Rates by Race and Ethnicity» (January 26, 2011). http://www.cdc.gov [60] CDC, «HPV and Men». 10 АЯЛДАР ЭРКЕКТЕРГЕ КАРАГАНДА ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУЛАРДЫ КӨБҮРӨӨК ЖУКТУРУШУ МҮМКҮН ДЕГЕН ЧЫНБЫ? Эркектер жыныстык жактан жигердүүрөөк экендигине карабастан, кыздар жыныстык жол менен жугуучу ооруларга көбүрөөк чалдыгышат [61]. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мисалы, аялдардын 21 пайызында жыныстык герпес бар, бирок бул нерсе эркектердин 11,5 пайызында гана кездешет [62]. Жыныстык жол менен жугуучу кеңири тараган 25 оору биринчи кезекте аялдардын ден-соолугун бузат. Эмне үчүн аялдар көбүрөөк тобокелде болуп жатышат? Мунун бардыгы физиологияга байланыштуу. Жыныстык жол менен жуккан оорулардын көпчүлүгү вирустардын таасиринен келип чыгат, алар өз кезегинде кычкылтек жетпеген, жылуу, нымдуу чөйрөдө, тактап айтканда аялдардын жыныс органдарында көбөйүп кетишет. Эркектин жыныс мүчөсүнө түшкөн вирус акыры кычкылтектин агуусунан өлөт. Ошол себептен аялдын организми көбүрөөк жуктуруп, эки эсе көп жабыркайт. Бул коркунучтуу чындык мына ушундай. Бул жерде бир нече гана сергектендире турган фактылар келтирилген: • хламидиоз жуктуруп алган аялдардын 80–90 пайызы оорунун белгилерин сезишпейт [63]. • Жамбаш органдарынын инфекциялык сезгенүүсүнүн жеңил белгилеринен улам, аялдардын 85 пайызы дарыгерлерден жардам сурап кеч кайрылышкандыктан, алардын балалуу болуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла төмөндөтөт [64]. • 2007-жылдан 2008-жылга чейин аялзатынын сифилис оорусу менен катталгандардын саны 36 пайызга чейин өскөн [65]. • Жаш аялдардын арасында «жатын моюнчасынын рак оорусу» диагнозунун саны өсүүдө [66], бул ВПЧны кошо алганда, ал аялдардын жыныстык жол менен жугуучу ооруларга болгон сезимталдыгы жогорулагандыгын билдирет. • ВИЧ-инфекциясын жуктурган аялдардын саны жакын арада ВИЧ-инфекциясын жуктурган эркектердин санынан ашып кетет [67]. • Кош бойлуулук учурунда жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктурган аял эрте толгоолорго, кабыкчалардын эрте жарылып кетишине же төрөттөн мурун жана төрөттөн кийин жатындын инфекцияланышына кабылышы мүмкүн [68]. • Балдардын эрте төрөлүүлөрү жана бир жашка чейинки балдардын өлүмдөрүнүн 30–40 пайызы энесинин венерикалык оорулары менен ооругандыгына байланыштуу деп эсептелет [69]. Жыныстык жол менен жуккан инфекциянын аялдын организмине эң көп тараган кесепети — бул тукумсуздук. Жыныстык жол менен жуккан оорулар жатын түтүкчөлөрүндө жана жатындын кабыгында калыбына келтирилгис тырыктарга алып келет. Эркектер ошол эле инфекцияны тукумсуз болуу коркунучу жок эле жуктурушу мүмкүн, анткени алардын тукум улоочу органдары тырыктарга кабылбайт. Аялдардагы тукумсуздуктан тышкары, жыныстык жол менен жугуучу оорулар аларды жатын моюнчасынын рак оорусуна алып келет. Бул кооптуулук эркектер үчүн коркунучтуу эмес, анткени аларда жатын моюнчасы жок. Албетте, адамдар — айрыкча бул аялдарга тиешелүү, жыныстык катнашка болгон Кудайдын чегин бузуу менен эбегейсиз чоң баа төлөшөт. Эскертүүлөр [61] http://www.Chastity.com, http://www.chastity.com/chastity-qa/stds/infections. [62] JoAnne Allen, «U.S. herpes rates remain high — CDC» Reuters (March 9, 2010). http://www.reuters.com [63] Sexuality Information and Education Council of the U.S., «Fact Sheet: Sexually Transmitted Diseases in the United States» Siecus Report 25, no. 3 (1997). [64] Women’s Health, «Pelvic Inflammatory Disease» http://www.womens-health.co.uk/pid.html [65] Florida Association of Planned Parenthood Affiliates, Inc., «CDC Report Finds Adolescent Girls Continue to Bear a Major Burden of Common Sexually Transmitted Diseases» http://www.floridaplannedparenthood.org/news [66] «Invasive Cervical Cancer Rising in Young White Females» Journal of the National Cancer Institute, vol. 86, issue 1 (January 5, 1994), 6–7. http://www.jnci.oxfordjournals.org [67] Centers for Disease Control and Prevention, «HIV/AIDS and Women» (February 11, 2010). http://www.cdc.gov [68] Centers for Disease Control and Prevention, «STDs & Pregnancy» (January 4, 2008). http://www.cdc.gov [69] House Committee on Commerce, «Ronald O. Valdiserri, M.D., addressing the Subcommittee on Health and Environment on cervical cancer» Congressional Record (March 16, 1999), 18–22. 11 БАШКА КУРАКТАГЫ АДАМДАРГА КАРАГАНДА ЖАШТАР ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУЛАРГА КӨБҮРӨӨК КАБЫЛЫШАТ ДЕГЕН ЧЫНБЫ? Жыныстык жетилгендиктин белгилеринин бири — өзүнүн алсыз жагы жок деген сезим, жаман нерселер ар дайым башка бирөөнүн башына түшөт деген ишеним. Өспүрүмдөр жана жыныстык катнаш жөнүндө сөз болгондо, эч нерсе реалдуулуктан алыс эмес. Биздин коомдо 12 жаштан 25 жашка чейинки адамдарды жаштар деп эсептөө салтка айланган. Ошентип, АКШда жаштар калктын 17 пайызын түзөт. Анын үстүнө, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын үчтөн экиси 25 жашка чейинки адамдарда кездешет [70]. АКШда жыл сайын 19 миллион адам жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктурушат [71]. Алардын ичинен инфекциянын үч миллиону 13 жаштан 19 жашка чейинкилерди [72], тогуз миллиондон ашыгы 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдарда кездешет [73]. Башкача айтканда, жыныстык жол менен жуккан оорулардын болжол менен үчтөн экиси гана АКШ калкынын 17 пайызында кездешет [74]. Биринчи жыныстык тажрыйбадан кийин эки жылдын ичинде өспүрүмдөрдүн 50 пайызы жыныстык жол менен жугуучу ооруга чалдыгышат [75]. Жыл сайын жыныстык жактан активдүү өспүрүмдөрдүн болжол менен 25 пайызына жаңы инфекция диагнозу коюлат [76]. Башкача айтканда, ар бир төртүнчү жогорку класстын окуучусу эмес, ар бир төртүнчү жогорку класстын окуучусу жыл сайын оору жуктурат. Интимдик мамилеге өткөн ар бир үчүнчү өспүрүм мектепти сертификат менен гана эмес, ошондой эле венерикалык оору менен бүтүрөт. Бул шумдуктуу сандар жөнүндө ойлонуңуз, аларга жеңил ойлуулук менен мамиле кылбаңыз. • 2006-жылы 13 жаштан 29 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар жаңы ВИЧ-инфекцияларынын эбегейсиз чоң үлүшүн түздү (34 пайыз) — бул башка бардык курактык топторго караганда көбүрөөк [77]. • ВИЧ менен ооруган беш америкалыктын үчөө бул ооруну өспүрүм кезинде жуктурган [78]. • Жаштарга инфекция жугуу коркунучу жогору болгонуна карабастан, жыныстык жактан активдүү өспүрүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү гана (15 жаштан 17 жашка чейин) жана сексуалдык активдүү жаштардын жарымы (18 жаштан 24 жашка чейин) гана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар бар же жок экендигин билүү үчүн текшерүүдөн өтүшкөн [79]. • Өспүрүмдөр, чоңдорго салыштырмалуу, он эсе жамбаштын сезгенип оорушуна кабылышат [80], бул акыр аягында көптөгөн жаш аялдарды «тукумсуздук» диагнозуна алып келет. • 2002-жылы Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору тарабынан хламидиоздун 50 пайызы өспүрүмдөргө жукканы катталган [81]. • 2002-жылы гонорея 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдардын арасында кеңири тараган жугуштуу оору болгон [82]. • Күн сайын, 15 жаштан 24 жашка чейинки 25 миңге жакын адам жыныстык жол менен жугуучу бир ооруну жуктурушат. Бул саатына 1039 адам жугузат дегенди билдирет [83]. Эмне үчүн өспүрүмдөр жыныстык жол менен жугуучу ооруларга көбүрөөк кабылышат? Мунун эки жөнөкөй түшүндүрмөсү бар: биология жана жүрүм-турум. Жыныстык жол менен жугуучу ооруларга жаштардын жогорку сезимталдыгынын биологиялык себептери биринчи кезекте аялдарга байланыштуу. Жаш кыздын жатын моюнчасынын каналы көп сандагы клеткаларды камтыйт, аларды «мамычалар» деп аташат. Алар жатын моюнчасынын бүт бетинин ичине тизилген [84]. Улгайган сайын, мамычалуу клеткалар акырындык менен жалпак эпителий клеткалары менен капталып, алар катмарларды түзө башташат жана акырында астындагы мамычалуу клеткаларды толугу менен жашырышат [85]. Бул процесс болжол менен 25 жашта аяктайт. Бул эки типтеги клеткалардын айырмасы эмнеде? Мамычалуу клеткалар өтө сезгич. Аларды нымдуу губкалар деп элестетип көрсөк болот. Бул клеткаларга тийген кайсы гана инфекция болбосун, сыягы, топурак же кум нымдуу губкага жабышкандай, аларга «жабышып» калат. Белгилүү болгондой, мамыча клеткалары 25 жаштан жогору аялдардын жатын моюнчасынын ичин каптаган жалпак эпителий клеткаларына караганда 80 пайыздан көбүрөөк инфекцияга сезгич экендиги белгилүү [86]. Ушул жаштан баштап жатын моюнчасы катып баштап, байланышка чыккан вирустарды четке кага баштайт. Биздин салыштыруубузду улантсак: кабырчыктарга окшош эпителий клеткалары эч качан колдонулбаган кургак губкага окшош. Ал бекем жана тыгыз болгондуктан, ага кум жана топурак жабышпайт. Бирок, биз бул жерде кир жөнүндө сөз кылып жаткан жерибиз жок. Сөз жаш аялдардын жана алардын сексуалдык өнөктөштөрүнүн ден-соолугуна олуттуу коркунуч келтирген вирустар жөнүндө болуп жатат. Мисалы, 15 жаштагы сексуалдык активдүү кыздын жамбашынын сезгенишинин өнүгүшүнүн сегизден бир мүмкүнчүлүгү бар, ал эми 24 жаштагы аялда ушул эле кырдаалда сексенден бир мүмкүнчүлүк бар [87]. Дагы бир айырмачылык, жаш кыздын мамычалык клеткалары вирусту канга түз өткөрөт, ал эми улуураак аялдын жатын моюнчасынан вирустун канга өтүшү бир топ кыйынга турат. Жалпысынан, өспүрүмдүн жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү 25 жаштан жогоркуларга караганда 80 пайызга жогору [88]. Аялдын жатын моюнчасындагы өзгөрүүлөр мээнин лимбиялык башкаруу системасынан (таза эмоцияларга негизделген) префронталдык кортекске (жакшы менен жаманды айырмалап) өткөн мезгилде болуп жаткандыгын силер байкадыңарбы? Кудай бизге Ал белгилеген убакытка чейин күтүп турууга макул болсок, денебиздин ырахаттануусун арттыруу үчүн бизге керектүү нерселердин бардыгын бергени айдан ачык. Бирок жаштарга жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыгуу коркунучун жараткан фактор жалгыз биология гана эмес. Өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму көп учурда аларды коркунучтуу инфекциялар үчүн идеалдуу максатка айландырат. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, өспүрүмдөр өзүнө улуу сексуалдык өнөктөштөрдү тандашат. Мындан тышкары, сексуалдык активдүү өспүрүмдөр бир нече өнөктөштөр менен мамиле түзүп, муну менен ооруну жуктуруу коркунучун көбөйтүшөт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 18 жашка чейин жыныстык катнашка бара баштаган өспүрүмдөрдүн 75 пайызында кеминде эки жыныстык өнөктөш болгон, ал эми алардын 45 пайызында төрт же андан көп өнөктөш болгон [89]. Жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктурган жаш улан-кыздардын саны өтө тездик менен өсүп жатат. Оорунун курмандыгы болгон адам үчүн мунун баасы өтө эле жогору болуп калат. Бул жөнүндө Кудайдын Сөзүндө эмне делет? Келгиле, Тиметейге жазган Биринчи катты окуп көрөлү (4:12): «Эч ким сени жашсынтпашы үчүн, сен Ыйсага ишенгендерге сөзүң менен, жүрүш-турушуң менен, сүйүүң менен, ишенимиң менен, тазалыгың менен үлгү бол». Жаштар жана жыныстык катнаш маселеси көтөрүлгөндө талапты ким көтөрөт? Дени сак жашоонун үлгүсү, адеп-ахлактык тазалыктын үлгүсү болууга ким даяр? Тобокелдиктер өтө эле жогору жана Кудайдын ой-ниети биз үчүн эң сонун деп ким чечет? Балким, сиз? Эскертүүлөр [70] Center for Young Women’s Health, «Sexually Transmitted Diseases (STDs): General Information» http://www.youngwomen’shealth.org [71] McIlhaney and Bush, Hooked, 81. [72] Office of National AIDS Policy, «Youth and HIV/AIDS 2000: A New American Agenda» http://www.whitehouse.gov/administration/eop.onap [73] McIlhaney and Bush, Hooked, 81. [74] Center for Young Women’s Health, «Sexually Transmitted Diseases». [75] Megan Brooks, «Half of teen girls have STIs by 2 years of first sex» Reuters (December 7, 2009). http://www.reuters.com/article [76] Joe S. McIlhaney Jr., M.D., «Because Sex Is Not a Game This School Year», The Medical Institute Quarterly (Spring 2002). [77] DoSomething.org, «11 Facts about Teens and STIs». [78] Josh McDowell, Why True Love Waits (Carol Stream, IL: Tyndale House Publishers, 2002), 39. [79] DoSomething.org, «11 Facts about Teens and STIs» http://www.dosomething.org/tipsandtools/11-facts-about-teens-and-stds [80] The Medical Institute, Abstinence and «Safer Sex» Sexuality Education: A Comparison (Austin, TX: The Medical Institute), 20. [81] C. Leah, L. Jackson, et al., Centers for Disease Control, powerpoint. «Chlamydia Screening and STD Education for High-risk Teens» 2002. http://www.cdc.gov/stdconference/2002/slides/b7leah.pps [82] CDC, «STDs in Adolescents and Young Adults» STD Surveillance 2002: Special Focus Profiles. http://www.cdc.gov/std/stats02/2002pdf/SFAdoles.pdf [83] McIlhaney and Bush, Hooked, 81. [84] Institute for Youth Development, «Benefits of Delaying Sexual Debut» (2008). http://www.youthdevelopment.org [85] Gary L. Rose, M.D., Sexual Health for Life Seminar, September 12, 2007, Pittsburgh, PA. [86] Gary L. Rose, M.D., Sexual Health for Life Seminar, September 12, 2007, Pittsburgh, PA. [87] Raymond G. Bohlin, Ph.D., «Probe Ministries: Safe Sex and the Facts» Leadership U (July 14, 2002). http://www.leadershipu.com/orgs/probe/docs/safesex.html 12 ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ УЧУРУНДА ПРЕЗЕРВАТИВДИ КОЛДОНСО, ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ КООПСУЗ ДЕП ЭСЕПТЕЛБЕЙБИ? Силердин муунду презервативди колдонуу коопсуз жыныстык катнашка барабар жана коопсуз жыныстык катнаш адамдарга эч кандай коркунучсуз физикалык жакындыкка ээ болууга мүмкүнчүлүк берет деп ишендиришкен. Ошентип, силерди алдап коюшту. Бир нече жыл мурун презервативдерди колдонууну жактоочулар өздөрүнүн билдирүүсүнө кылдаттык менен бир өзгөртүүнү киргизишкен. Алар эми жаштарга «коопсуз» жыныстык катнаш жөнүндө эмес, «коопсузураак» жыныстык катнаш жөнүндө айтып жатышат. Эмне үчүн мурдагы сөз айкашы өзгөрдү? Анткени далилдер презервативдердин такыр коопсуз эместигин көрсөтүп турат. Силер презервативди колдонуп, дагы деле болсо жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алсаңар болот. Силер презервативди колдонсоңор да, боюңарга бүтүрүп алышыңар мүмкүн. Ошондой эле, эгер Кудайдын ою-ниетине ылайык жыныстык катнашка барбасаңар, анда эч кандай презерватив силерди акыл-эстик жана эмоционалдык тузактардан коргой албайт. ПРЕЗЕРВАТИВДЕР ЖАНА ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР Силер «презерватив кийип, коопсуз жыныстык катнашка бара албайсыңар», бул жомок. Эң жакшысы, жыныстык катнаш «анчалык коркунучтуу эмес» болушу мүмкүн (бул сөз айкашы СПИД боюнча эксперт, доктор Роберт Редфилд менен болгон жеке сүйлөшүүдөн алынган). Презервативдер бир нече жыныстык жол менен жугуучу оорулардан, тагыраак айтканда, жыныстык жол менен жугуучу 25 инфекциянын ичинен бешөөсүнөн коргойт. Эксперттердин айтымында, презервативди колдонгондо ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуунун коркунучу эң төмөн (85–87 пайызга). Гонорея жана хламидия менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү 50 пайызга төмөндөйт [90]. Бул сандар силерди таң калтырышы мүмкүн, бирок «коопсуз» жыныстык катнашка силерди тартып жаткандарга арбалып, бул кумар оюнуна өзүңөр эмнени тобокелге салып жатканыңар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү. ВИЧ айыкпас оору, инфекцияны жуктуруп алуунун акыр аягы — өлүм. Жыныстык катнашка барган сайын презерватив колдонсоңор дагы, өнөктөшүңөр ооруп жатса, өзүңөргө инфекция жуктуруу мүмкүнчүлүгүн 15 пайызга калтырасыңар. Гонорея же хламидиоз менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү дээрлик экиден бирге барабар. Келечекте бул инфекциялар тукумсуздукка алып келет. Эркектер менен аялдардын көпчүлүгү кичинекей да белгилерди сезишпейт жана байкабай ооруну жыныстык өнөктөштөрүнө жуктуруп алыштары мүмкүн. Жыныстык катнашка барган сайын презервативди колдонуп, дагы деле болсо инфекцияны жуктуруп алышыңар мүмкүн, демек, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүңөрдү тобокелге салып жатасыңар. ВИЧ, гонорея жана хламидиоздон силерди жарым-жартылай коргоп жатып, презервативдер силерди башка көптөгөн жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан коргой албайт. Эгерде ойлоно келсек, көпчүлүк учурда алар оорунун ылдамдыгын төмөндөтүшпөйт, анткени жыныстык жол менен жуккан оорулардын көпчүлүгү вирустардын таасиринен болот жана алар организмдин презерватив менен корголбогон бөлүктөрүнө тийүү жолу менен жугат. Мунун башкы мисалы — папилломавирус. ВПЧ — бул биринчи орунда турган жыныстык жол менен жугуучу оору. Бүгүнкү күндө сексуалдык активдүү адамдардын 50 пайызы ВПЧ оорусун жуктуруп алышкан [91]. Вирусту алып журүүчү өнөктөштү жолуктуруп алуу ыктымалдыгы өтө жогору. ВПЧ вирус болгондуктан, ал нымдуу териге тамыр жайып, башкаларга оңой эле жугат. «Коопсузураак» жыныстык катнаштын жактоочулары жаштарды «корголгон» жакындашууга барууга үндөшөт. Бирок презервативдер силерди кесепеттери өтө жаман болушу мүмкүн болгон жыныстык жол менен жугуучу оорулардан толугу менен коргой алышпайтт. Азыр бизге презервативди колдонуп «коопсуз» жыныстык катнашта болуу таптакыр коопсуз эмес экени айдан ачык болуп калды. Чындыгында, кээ бир инфекцияларды жугузуп алуу үчүн жыныстык катнаш деле талап кылынбайт. Улуттук ден-соолук институту (дүйнөдөгү эң өнүккөн медициналык изилдөөчү уюмдардын бири) «киргизбей эле жыныстык байланышта болуу» же интимдик жактарга тийүү — «бул [ВПЧ нын жана көптөгөн башка вирустардын] кыздыкты бузбай туруп өтө турган ыкмасы болушу мүмкүн экендигин тастыктайт» [92]. Жөн гана тийип коюу! Бул кандайча? ВПЧ жана башка жыныстык жол менен жугуучу оорулар жыныс мүчөсүнүн этегиндеги жана кындын айланасындагы теринин презерватив менен жабылбаган нымдуу жерлерине тийгенде жугат. Эгерде силер презерватив менен чындап коопсуз жыныстык катнашта болгуңар келсе, анда ал силердин денеңерди толугу менен суудан коргоо костюму сыяктуу жаап турушу керек. Ошондуктан Улуттук Саламаттыкты Сактоо Институттары «презервативди колдонуу HPVнин таралышын азайтпайт» деп айтышат» [93]. Бирок, презервативдердин таңгагынан муну окуй албайсыз! Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жугуштуу өнөктөш жыныстык катнашка барган сайын презерватив колдонсо дагы, аны менен жыныстык катнашка барган аялга жуктуруу мүмкүнчүлүгү 37,8 пайызды түзөт [94]. Чындыгында, тобокелдик андан да жогору. Жакында Американын бир университетинде ВПЧ менен ооруган эркектер жана аялдар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Жыныстык катнаш менен кеминде үч жолу презервативсиз алектенгендердин 44 пайызы өнөктөштөрүнө бул ооруну жугузушкан [95]. (Эгерде аларда СПИД бар болсо, презервативдер жуктуруп алгандардын санын төрт пайызга чейин кыскартып салмак — эгер сиз жуктуруп алгандардын катарына кирбесеңер, бул жакшы жаңылык.) Презерватив колдонгондордун 42 пайызы инфекцияны жуктурушкан, демек, бул презерватив инфекция коркунучун эки гана пайызга азайтат дегенди билдирет [96]. Эмнеге мынча аз? Себеби презерватив вирусту тарата турган бардык жакты жаппайт. ПРЕЗЕРВАТИВДЕР ЖАНА КОШ БОЙЛУУЛУК Демек, презервативдер силерди жыныстык жол менен жугуучу оорулардан толугу менен коргой албашы мүмкүн, бирок, жок дегенде, каалабаган кош бойлуулук коркунучун жок кылат, туурабы? Жок, бул туура эмес. Орто статистикалык аял бир айда сегиз күн боюна бүтсө болот. Бул жылына 96 күнгө барабар. Өкмөт презерватив өндүрүүчүлөрдү өз продуктусунун ишенимдүүлүгүн эсептөөгө мажбурлаганда, жыныстык катнашка барган сайын презерватив колдонгон кадимки 20дан 24 жашка чейинки аялдардын боюна бүтүп калышы ыктымалдыгы 31 пайызды түзөт деп эсептешкен [97]. Жөнөкөй сөз менен айтканда, презерватив колдонуп жыныстык катнашка барган ар бир он студент кыздын үчөөсү каалабаган кош бойлуулукка кабылышат. Ошентип, аялдар айына сегиз күн же жылына 96 күн боюна бүтүшү мүмкүн. Бирок венерикалык ооруну жылына 365 күнгө чейин жуктуруп алсаңар болот, бул жерде аялдар менен эркектер бирдей коркунучта турушат. Демек, бир жылдын 96 күнүнүн биринде пайда болушу мүмкүн болгон кош бойлуулуктан 100 учурдун ичинен 31 учурунда презерватив коргой албаса, анда анын жыл бою жугуучу инфекциядан коргой албоо мүмкүнчүлүгү канчалык болот? Силерди алдап коюшкандарын силер дагы деле сезе элексиңерби? ЖАБЫЛБАГАН ЧЫНДЫК Америка Кошмо Штаттарынын тамак-аш жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы презервативдерди күбөлөндүрүүдөн баш тартып жатканын билдиңер беле? Силер эмне үчүн деп сурайттырсыңар? Бул алардын бардык жол берилген стандарттардан ашып түшкөн алардын ишенимсиздигинин деңгээлине байланыштуу. Башка мамлекеттик органдар, ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору, жыныстык жол менен жугуучу оорудан сактануунун бирден-бир ишенимдүү жолу — бул өзүн кармап, ага барбоо деп айтышат [98]. Бирок дагы бир жолу бар — эч кандай инфекцияны жуктурбаган өнөктөш менен моногамдык (бир гана өнөктөш) мамилеге кирүү. Мен муну нике деп атайм. Дүйнө бизге коопсуз жыныстык катнаш эркиндикке карай жол деп үйрөтөт. Бир гана маселе, ал толугу менен кооптуу болуп эсептелет. «Коопсуз» жана «коопсузураак» жыныстык катнаштын ортосунда чоң ажырым бар экендиги айдан ачык. Презервативдер коопсуздук жөнүндө иллюзияны гана берет, чындыгында, иш жүзүндө алар тобокелдикти дээрлик азайтпайт. Базарда жыныстык катнаштын денеңерге, мээңерге же жүрөгүңөргө тийгизген таасиринен коргой турган презерватив же бойго болтурбоочу каражаттар жок. Кудай силерди Өзүнүн планын (жубайлардын ортосундагы жакындык гана) аткарууга чакыруу менен, силерге чыныгы коргоону тартуулоону каалайт. Анын планын аткарганда гана, бул силерге жүз пайыз коопсуздук кепилдиги болуп берет. Эскертүүлөр [88] Statistics: STI/STDs #95, Relationships Under Construction, high school curriculum (Sunbury, OH: ATM Education, 2008), 126. [89] Centers for Disease Control and Prevention, «Premarital Sexual Experience among Adolescent Women — United States, 1970–1988» Morbidity and Mortality Weekly Report 39, no. 51 (January, 1991), 929–32. [90] «Scientific Evidence on Condom Effectiveness for Sexually Transmitted Disease (STD) Prevention» The National Institute of Health and the National Institute of Allergy and Infectious Disease (July 2001). [91] Centers for Disease Control and Prevention, «HPV: Common Infection, Common Reality» http://www.cdc.gov/std/hpv [92] Anjum Khursid, MBBS, MPAff, «Talking Points on Winer’s Article in New England Journal of Medicine on Condom Use and HPV Risk» The Medical Institute. http://www.medinstitute.org [93] Anjum Khursid, MBBS, MPAff, «Talking Points on Winer’s Article in New England Journal of Medicine on Condom Use and HPV Risk» The Medical Institute. http://www.medinstitute.org. [94] Anjum Khursid, MBBS, MPAff, «Talking Points on Winer’s Article in New England Journal of Medicine on Condom Use and HPV Risk» The Medical Institute. http://www.medinstitute.org. [95] Raymond G. Bohlin, Ph.D., «Probe Ministries: The Epidemic of Sexually Transmitted Diseases» Leadership U (July 14, 2002). http://www.leadershipu.com/orgs/probe/docs/safesex.html [96] Raymond G. Bohlin, Ph.D., «Probe Ministries: The Epidemic of Sexually Transmitted Diseases» Leadership U (July 14, 2002). http://www.leadershipu.com/orgs/probe/docs/safesex.html [97] Kaiser Family Foundation, «It’s Your (Sex) Life: A Guide to Safe and Responsible Sex». http://www.kff.org/mediapartnerships [98] Centers for Disease Control and Prevention, «STD-Prevention Counseling Practices and Human Papillomavirus Opinions among Clinicians with Adolescent Patients — United States, 2004» Morbidity and Mortality Weekly Report 55, no. 41 (October 20, 2006), 1117–120. 13 ЭГЕРДЕ ЭКӨӨБҮЗДӨ ТЕҢ ВЕНЕРИКАЛЫК ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ ЖОК БОЛСО, БИЗ ООРУЛУУ БОЛУП КАЛЫШЫБЫЗ МҮМКҮНБҮ? Сиз дагы эле күмөн санап жатасызбы? Бул толук мүмкүн! Мына ушул тема боюнча бир нече гана фактылар келтирилген. • ВПЧ орто эсеп менен он-он эки жыл аралыгында өзүн көрсөтпөшү мүмкүн; силер жугузуп алганыңарды билбей деле каласыңар [99]. • ВПЧ инфекцияларынын 90 пайызынын эч кандай белгилери жок [100]. • Ошондой эле аялдардын 80 пайызында жана эркектердин 40 пайызында хламидиоздун белгилери жок болушу мүмкүн [101]. • Жыныстык герпес деп аталган ВПГ II белгилери ушунчалык байкалбагандыктан, жуктуруп алгандардын 80 пайызы аларды сезишпейт же туура тааный алышпайт [102]. • ВИЧ денеде өзүн ачыкка чыгарбастан, он-он беш жылга чейин «жашырынып» калышы мүмкүн [103]. • Сырткы белгилердин деңгээлинде көрүнбөгөн жыныстык жол менен жуккан оору дагы өнөктөшкө жугушу мүмкүн. Демек, денеңер силерге же силердин өнөктөшүңөргө жыныстык жол менен жуккан оору жуккандыгы жөнүндө токтоосуз сигнал берет деп күтүүгө болбойт. Сурамжылоолорго ылайык, сексуалдык активдүү өспүрүмдөрдүн эң чоң коркунучу — бул кош бойлуулук, анткени анын кесепеттери айдан ачык. Бирок жыныстык жол менен жугуучу инфекция мындан да алда канча чоң тобокелдик алып келет. Силерде же силердин өнөктөшүңөрдө вирус жуккандыгын түшүнүү мүмкүнчүлүгүңөр өтө эле аз. Жыныстык жол менен жуккан инфекциялардын көпчүлүгү өзүн физикалык жактан көрсөтпөгөндүктөн, көптөгөн өспүрүмдөр өздөрүн коопсуздуктабыз деп эсептешет. Массалык маалымат каражаттары бизди түзмө-түз кесепеттерсиз сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөр менен бомбалап, көйгөйдү күчөтүүдө. Сериалдардын үчтөн экисинен көбү (68 пайызы) интимдик жакындашуу көрүнүштөрүн өз ичине камтыйт [104]. Жакында жүргүзүлгөн бир изилдөөгө ылайык, кечки прайм-таймда (эфирдин эң жогорку чеги) кабелдик телекөрсөтүү орто эсеп менен саатына сексуалдык жүрүм-турумдун он көрүнүшүн көрсөтөт [105]. А бирок экрандагылардын эч кимиси бул үчүн «төлөшпөйт» окшойт. Акыркы жолу силер сыналгыдан бирөө жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алганын качан көрдүңөр эле? Адамдар чогуу төшөктө жатышкан болушат, өнөктөштөрүн оңой эле алмаштырышат, ошол эле учурда алардын эч кимиси эч качан оорубайт. Эч ким потенциалдуу өнөктөшүнөн алгач жыныстык жол менен жугуучу ооруларга текшерүүдөн өтүүсүн суранбайт. Мунун бардыгы мен «кредиттик картанын эффектиси» деп атаганга алып келет. Бул жакта «азыр ырахат ал, кийин төлөйсүң» деген идея жөнүндө сөз болуп жатат. Кунт коюп уксаңар: силер бул үчүн сөзсүз түрдө төлөшүңөргө туура келет. Оорунун белгилери байкала баштаганда, баа өтө эле жогору болуп калат. Кыздар, сексуалдык активдүү жашоону орто мектептин акыркы классына бир жыл калганда баштоону чечтиңер деп элестетип көрсөңөр. Силерде эч качан жыныстык жол менен жугуучу оорулардын белгилери болгон эмес, ошондуктан силер дарыгердин текшерүүсүнөн өткөн эмессиңер. Бир нече жылдан кийин силер кыялыңардагы эркекке жолугасыңар. Силер үйлөнүп, балалуу болууга аракет кылып жатасыңар, бирок кош бойлуу боло албайсыңар. Ошентип, тукумсуздуктун себебин билүү үчүн доктурга кайрыласыңар. Дарыгер сизде жамбаш сезгенүү оорусу бар дейт. Ал эми сиз болсо, бир кезде хламидиоз менен ооруганыңызды элестеткен да эмессиз. Эми үйгө барып, күйөөңүзгө анын эч качан өз балдары болбой турганын айтышыңар керек болот. Жигиттер, ушундай эле абалды элестетип көргүлө. Силер он беш жашыңарда тазалыгыңарды ошол кезде чындап сүйөм деп ойлогон кыз менен жоготтуңар. Он жылдан кийин, акыры, чыныгы сүйүү эмне болорун келечектеги жубайыңар менен таанышып, үйлөнгөндө түшүнөсүңөр. Үйлөнгөн күнү ал кыз болуп чыкты. Бир нече жылдан кийин аялыңардан шектүү кан агуу башталат. Дарыгерге кайрылганда, ал жатын моюнчасынын рагы менен ооруй тургандыгын, балким силер ага байкабай жуктуруп алган ВПЧ вирусунан улам экенин билип калат. Ал бир кездерде жан шеригин күтүү чечимин кабыл алганына карабастан, эми өз убагында силер ошол эле чечимди кабыл албаганыңар үчүн, ал кымбат бааны төлөөгө аргасыз болуп жатат. Вирусту жуктуруп алганыңарды билген убагыңарда, денеңер буга чейин эле жабыркап калышы мүмкүн, андан тышкары, байкабай эле силер үчүн кымбат адамыңарга жыныстык жол менен жуккан ооруну жуктуруп алышыңар мүмкүн. Ошентип, өнөктөшүңөргө вирус жукканын же жукпагандыгын кантип билсе болот? Эч кандай биле албайсыңар. Жугуштуу өнөктөштөр менен ар дайым байланышуудан качуу мүмкүн эмес, анткени алар өздөрү ооруп жатышкандарын билбеши мүмкүн. Бирден-бир ишенимдүү жол — бул өмүр бою бир адам менен жыныстык катнашта болуп, силер менен гана жакын мамиледе боло турган түгөйдү тандап алуу. Көрүнүп калууга үлгүрбөгөн ооруну жуктуруп албооңордун бирден-бир кепилдиги — бул Кудайдын ой-ниетине кармануу чечимиңер. Дене силерге олуттуу коркунуч туудурганга чейин эскертүү берет деп күтүүгө болбойт. Бирок Кудай ачык-айкын мындай дейт: «Мен сени абдан жакшы көрөм, сени коргоп, жеке жашоодо бактылуу болушуң үчүн керектүү нерселердин бардыгын камсыз кылгым келет. Ошондуктан күтө тур». Эскертүүлөр [99] Planned Parenthood, «Human Papillomavirus (HPV)». http://www.plannedparenthood.org [100] Rose, Sexual Health for Life Seminar. [101] Sexual Information and Education Council of the U.S., «Fact Sheet: Sexually Transmitted Diseases in the United States». [102] Relationships Under Construction, high school curriculum (Sunbury, OH: ATM Education, 2008), 118. [103] Jacqueline Matuza, «What Is the Incubation Period of AIDS?» eHow Health. http://www.ehow.com [104] Kaiser Family Foundation, «TV Sex Getting ‘Safer,’ Kaiser Family Foundation Study Finds» (February 4, 2003). http://www.kff.org/entmedia [105] Anna Forbes, «Askable Parents, Teachable Moments» Bryn Mawr Alumnae Bulletin. http://www.brynmawr.edu 14 ВЕНЕРИКАЛЫК ООРУЛАР ИЙНЕ МЕНЕН ЖЕ АНТИБИОТИКТЕР МЕНЕН ДАРЫЛАНБАЙБЫ? Жыныстык жол менен жуккан ооруларга келсек, андан тез жана оңой эле айыгып кетүү ыкмасы жок. Жыйырма беш жыныстык инфекциянын он тогузу такыр айыкпайт [106]. Демек, инфекцияны жуктуруп алган учурлардын 75 пайызынан көбүндө силер эч нерсе кыла албайсыңар. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, болжол менен 65 миллион америкалык, жок дегенде, бир жолу жыныстык жол менен жугуучу ооруга кабылып, айыккыс ооруга чалдыккан [107]. Силер Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу ой-ниетин четке кагып, кесепеттеринен оңой эле кутулуп кете албайсыңар. Жада калса, жыныстык жол менен жугуучу инфекциянын коркунуч туудура турганын жөн гана түшүнүп койгондук да — жетишсиз. Бир изилдөөнүн билдирүүсүнө ылайык кыздар жыныстык жол менен жугуучу оорулар жөнүндө билишкенде деле жыныстык катнашта болууларын уланта беришкен [108]. Алар фактыларды билишкен, бирок коркунучту түшүнүшкөн эмес. Мага кененирээк түшүндүрүп бергенге уруксат этсеңер. ВПЧ — бул жыл сайын алты миллион америкалык жуктурган жыныстык жол менен жугуучу эң көп таралган оору. Акыры, инфекция инвазиялык ракка алып келет [109]. Бүгүнкү күндө бул айыккыс абалга кептелди. 14 жаштан 49 жашка чейинки америкалыктардын болжол менен он алты пайызы жыныстык герпести (ВПГ) жуктурушкан [110]. Бүгүнкү күндө да бул вирус айыккыс болуп эсептелинет. Америка Кошмо Штаттарында жыл сайын 100 миңге жакын америкалыктар В гепатитин жуктурушат. Жыл сайын болжол менен 5000 адам бул оорудан жана анын татаалдашынан көз жумат [111]. Жыныстык органдардын инфекцияларынын алдын алууда айрым кадамдар жасалды дегенге макулмун — мисалы, ВПЧга каршы вакцина табылды. Бирок сегизинчи суроонун жообунда биз талкуулаганыбыздай, бул кийлигишүүнүн натыйжалуулугу чектелүү. ВПЧга каршы вакцина аялдардын организминде гана иштейт жана отуз пайыздай учурларда натыйжасыз болот (Улуттук онкология институту вакцина отуз пайызга жакын учурларда жатын моюнчасынын рагын алдын ала албай турганын моюнга алат) [112]. Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын айрымдарын айыктырса болот, бирок көбүнчө бул процесс узак жана азаптуу болот. Жада калса, дарылана турган жыныстык жол менен жугуучу оорулардын арасында, инфекциялардын дары-дармекке болгон туруктуулугу күндөн-күнгө күчөп жаткандыгы дарыгерлердин тынчын алууда. 2006-жылы гонорея вирусу инфекциялардын 13,8 пайызында антибиотиктерге туруктуулугун көрсөткөн; салыштыруу үчүн: 2005-жылы бул пайыздык көрсөткүч 9,4%, 2004-жылы — 6,8% жана 2003-жылы — 4,1% түзгөн [113]. Демек, тыюу салынган жыныстык катнашка барганда, заманбап медицина анын кесепеттерин жоюп салат деп күтүү бекер. Бул жөн гана иштебей калат. Акыр-аягы, силер мындай тандооңордун олуттуу кесепеттерине, атүгүл өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон натыйжасына кездешишиңер мүмкүн. Жыныстык жол менен жуккан инфекциялардын зыянынан коргонуунун бирден-бир жолу — бул биринчи кезекте жугуштуу оорудан сактануу. Эскертүүлөр [106] The Medical Institute, «The Facts about Condoms». [107] «Overview of Sexually Transmitted Disease (STD)» http://www.Health-Communities.com [108] Trace W. Kershaw, et al., «Sexual Risk Following a Sexually Transmitted Disease Diagnosis: The More Things Change the More They Stay the Same» Journal of Behavioral Medicine, vol. 27, no. 5, 445–61. [109] CDC, «HPV Vaccine: What You Need to Know». [110] Centers for Disease Control and Prevention, «Genital Herpes»/ http://www.cdc.gov [111] Hepatitis B Foundation, «General Information: FAQ». http://www.hepb.org [112] National Cancer Institute, «Human Papillomavirus (HPV) Vaccines» (October22, 2009). http://www.cancer.gov [113] Centers for Disease Control and Prevention, «Trends in Reportable Sexually Transmitted Diseases in the United States, 2006» Surveillance 2006. http://www.cdc.gov 15 ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУНУ ЖУКТУРУУ КЫЙЫНБЫ? Изилдөөнүн артынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаштар никеден тышкары жыныстык катнашка байланыштуу, айрыкча жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын организмине кабылуу коркунучуна өтө эле ишенчээк мамиле кылышат. Жыныстык жол менен жугуучу оорулар сексуалдык активдүү жаштардын арасындагы өзгөчө көрүнүш эмес, кадимки эле көрүнүш экендигин түшүнүү үчүн статистика менен үстүртөн таанышуу эле жетиштүү. Келгиле, фактыларга кайрылалы: 1. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун баамдоосу боюнча жыл сайын 19 миллион адам жыныстык жол менен жуккан инфекцияны жуктуруп алат жана оорулардын дээрлик жарымы 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдарда болот [114]. 2. Бүгүнкү күндө 70 миллиондон ашуун америкалыктар кандайдыр бир жыныстык жол менен жуккан инфекцияны жуктурушкан [115]. 3. Жыныстык активдүү өспүрүмдөрдүн болжол менен 25 пайызы жыл сайын бир жыныстык жол менен жугуучу оору менен оорушат [116]. 4. Бир изилдөөгө ылайык, 25 жашка чейин америкалык жаштардын жарымы жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыгышат [117]. Бул маалымат расмий катталган оорулардын статистикасына негизделгенин эске алуу керек. Бирок бизге белгилүү болгондой, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын көптөгөн учурларында бейтаптын бул сырды ачыкка чыгаргысы келбегенинен же белгилеринин жоктугунан эч качан диагноз коюлбайт. Бул сандар инфекция жуккан өнөктөш менен байланышуу ыктымалдыгы өтө жогору экендигин көрсөткөнү менен, иш жүзүндө тобокелдик мындан да алда канча жогору болушу мүмкүн. Өспүрүм никеге чейин жыныстык катнашка барууну чечкенде, жугуштуу оору жугузуп алуу тобокелдиги жыл сайын кеминде 25 пайызды түзөт [118]. Жолдон өтүп бара жаткан ар бир төртүнчү адамга чагылган тийсе, күн күркүрөп жатканда эч ким сыртка чыкмак дагы эмес. Жада калса, каргашалуу кесепеттерге алып келген, жок дегенде, бир жыныстык жол менен жугуучу оору менен ооруп калуу коркунучу чоң болсо дагы, өспүрүмдөр өз өмүрлөрүн тобокелге салууга даяр. Кайзердин үй-бүлөлүк фондусунун жакында жүргүзгөн изилдөөсү көрсөткөндөй, жаштар жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыгуу тобокелдиги жок сексуалдык эксперименттерди өзүбүзгө жасай алабыз деп жаңылышат [119]. Жогоруда аталган изилдөө дагы бир нече кооптуу мифтерди ачып берди. Келгиле, катаал чындык менен гана жетектелип, ар бирин өзүнчө териштирип чыгалы. № 1 МИФ ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ЖУГУУЧУ ООРУЛАРДЫ КӨРҮНҮП ТУРГАН БЕЛГИЛЕР БАР БОЛСО ГАНА ЖУКТУРУП АЛУУГА БОЛОТ Кайзердин үй-бүлөлүк фондусунун изилдөөсүнө ылайык, өспүрүмдөрдүн 25 пайызы өнөктөшүнүн жыныстык жол менен жугуучу оорусу жөнүндө «билип алабыз» деп айтышкан жана 20 пайызы жыныстык жол менен жуккан оорулар ачыктан-ачык белгилери болгондо гана жугат деп ишенишет [120]. ЧЫНДЫК: ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ООРУГАН КӨПЧҮЛҮК АДАМДАР БУЛ ТУУРАЛУУ ӨЗДӨРҮ БИЛБЕЙ ЖҮРӨ БЕРИШИ МҮМКҮН 80 пайыз учурларда жыныстык жол менен жуккан оорулар симптомдордун деңгээлинде байкалбайт [121]. Жыныстык жол менен жугуучу кээ бир вирустар, анын ичинде ВИЧ, адам денесинде он беш жылга чейин өзүн-өзү билгизбей өткөрүшү мүмкүн [122]. Американын пландалган үй-бүлө федерациясынын стратегияларынын бири, кээ бир мамлекеттик уюмдар сыяктуу эле, жаштарды өнөктөштөрүнөн алар жугуштуу ооруларды алып жүрүшөбү же жокпу деп суроого үйрөтүшөт. Бирок, чындыгында, көпчүлүк жаштар денесинде жыныстык жол менен жугуучу инфекция бар же жок экендигин билишпейт. Бул тууралуу билгендер дагы ден-соолугу жөнүндө алдап коюштары мүмкүн. «Гормондордун абийири жок» экенин унутпагыла. Анан да, кырдаалдар кызып бараткан учурда өнөктөшүңөрдөн бул жөнүндө сураганга убакыт тапсаңар, чындыгында, силерге чындык айтылбайт, анткени бул убакта экөөңөр тең аябай дүүлүгүп турган болосуңар. Эгер силер «анча коркунучтуу эмес жыныстык катнаш» жактоочуларына ишенсеңер, анда «суроо берүү» өзүңөрдү коргоону билдирерин түшүнөсүңөр. Бирок мен силердин ордуңарда болсом, мен баарын жакшылап ойлонмокмун! Силердин өмүрүңөрдү тобокелге салып жаткан нерсени билбеген адамга өмүрүңөрдү тапшырууга даярсыңарбы? № 2 МИФ: ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ИНФЕКЦИЯЛАР ӨТӨ ЖЕҢИЛ ОЙЛУУ АДАМДАРГА ГАНА КОРКУНУЧ ТУУДУРАТ Сурамжылоодон өткөн адамдардын 12 пайызы эгерде көп адамдар менен жакын мамиледе болбосо, анда жыныстык жол менен жугуучу оорулардан кабатыр болбой эле койсо болот жеген нерсеге ишенишкен [123]. ЧЫНДЫК: БИР ЖОЛУ ГАНА ЖЫНЫСТЫК КАТНАШТА БОЛУУ МЕНЕН ООРУНУ ЖУГУЗУП АЛЫШЫҢАР МҮМКҮН Сурамжылоо көрсөткөндөй: он сегиз жашка чейин жыныстык катнашка барган өспүрүмдөрдүн 75 пайызы эки же андан көп өнөктөш менен болушат; 45 пайызы, жок дегенде, төртөө менен жакын мамиледе болушат [124]. Жаштар эки же төрт өнөктөш болууну «бузукулук» деп эсептебеши мүмкүн, бирок өспүрүм бир эле өнөктөшү менен жыныстык катнашка барган күндө дагы, орто мектептин аягына чейин жыныстык жол менен жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү төрттөн бирди түзөт жана бул нерсе ар бир жылда кайталана берет. Статистикалык маалыматтарга ылайык, биринчи сексуалдык тажрыйбадан кийин эки жылдын ичинде жыныстык жактан активдүү өспүрүм кыздардын жарымы, жок дегенде, эң көп кездешкен жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктурушу мүмкүн [125]. № 3 МИФ: ВЕНЕРИКАЛЫК ООРУЛАР ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ АРКЫЛУУ ГАНА ЖУГУШУ МҮМКҮН ЧЫНДЫК: КӨБҮНЧӨ ВЕНЕРИКАЛЫК ООРУЛАРДЫ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШЫ ЖОК ЭЛЕ ЖУГУЗУП АЛСА БОЛОТ, АНТКЕНИ АЛАР ВИРУСТАР АРКЫЛУУ КЕЛЕТ 15 жаштан 17 жашка чейинки жаштардын 19 пайызы жыныстык жол менен жуккан оорулар оралдык секс аркылуу да жугушу мүмкүн экендигин билишпейт [126]. Вирустар (мисалы, ВПЧ сыяктуулар) жылуу, нымдуу териден тамыр алышат. Аларга жыныс органдарынын жөнөкөй тийишүүсү аркылуу да жугушу мүмкүн. Жыныстык катнаштан алыс болгондо, бирок башка сексуалдык иш-аракеттерге, анын ичинде оралдык секске барганда, өзүңөрдү эч кандай жол менен коргобой тургандыгыңарды эсиңерден чыгарбагыла. Эгер силер никесиз жыныстык катнашта болуп, инфекцияны жуктурбоого болор-болбостугун билгиңер келсе, анда андай эмес. Андан көрө өзүңөргө: «Кантип өзүмдү сексуалдык коркунучтардан 100 пайыз коргой алам?» деген суроону бергиле. Жооп жөнөкөй: Кудайдын ой-ниетине ылайык жашагыла. Жыныстык жол менен жугуучу оорулар боюнча статистиканы карап, ойлонуп көргүлөчү, ошондо Кудай койгон жыныстык чек араны четке кагуу менен, өзүңөрдү өтө коркунучтуу абалга алып келип жатканыңарды түшүнөсүңөр. Жана тескерисинче, Кудайдын ой-ниетин бекем кармансаңар, инфекциядан коркпостон жакын мамиледе боло аласыңар. Силер антибиотиктер же презервативдер, же коркунучтуу вирустар азырынча денеңерде жашырынып турат деп эч качан кабатыр болбойсуңар. Мына ушул чыныгы сексуалдык боштондук. Чындыктын жүзүнө тике карайлы: силер керектүү убакытты «бекер» күтсөңөр болот, ал эми ошол эле учурда, шашылуу, силерге өтө кымбатка турушу мүмкүн экендиктин деңгээли жогору. Эскертүүлөр [114] Reuters, «CDC: Sexually Transmitted Diseases Still Rising in U.S». [115] McIlhaney and Bush, Hooked, 81. [116] McIlhaney, «Because Sex Is Not a Game This School Year». [117] Ed Vitalgiano, «New Study: Half of Young People Will Contract STDs», Alan Guttmacher Institute (May 13, 2004). http://www.crosswalk.com [118] McIlhaney, «Because Sex Is Not a Game This School Year». [119] Kaiser Family Foundation, «What Teens Don’t Know about STDs Puts Them at Risk» (March 8, 1999). http://www.kff.org [120] Kaiser Family Foundation, «What Teens Don’t Know about STDs Puts Them at Risk» (March 8, 1999). http://www.kff.org [121] The Medical Institute, «Sex, Condoms & STDs: What We Now Know» (2003). http://www.medinstitute.org [122] «Human Immunodeficiency Virus» PDR Health, Diseases & Conditions. http://www.pdrhealth.com/disease [123] Sexual Information and Education Council of the U.S., «The Truth about Adolescent Sexuality». http://www.siecus.org [124] Centers for Disease Control and Prevention, «Premarital Sexual Experience among Adolescent Women — United States, 1970–1988» Morbidity and Mortality Weekly Report 39, no. 51 (January 1991), 929–32. [125] «Study: Half of Teen Girls Infected with STDs within 2 Years of Having Sex» Fox News (December 8, 2009). http://www.foxnews.com/story [126] Sexual Information and Education Council of the U.S., «The Truth about Adolescent Sexuality». http://www.siecus.org 16 ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР ОЛУТТУУ ООРУЛАРГА — МИСАЛЫ, РАККА АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮНБҮ? Кайзердин үй-бүлөлүк фондусу жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 60 пайызы жыныстык органдардын инфекциясы рактын кээ бир түрлөрүн алып келе турганын билишпей турганы аныкталды [127]. Бирок, чындыгында, жыныстык жол менен жугуучу оорулар көптөгөн оор илдеттерге, анын ичинде ракка алып келери анык. Ушул жөнөкөй чындыкты түшүнүү бир күнү силердин өмүрүңөрдү сактап калышы мүмкүн. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын оор дартка алып келиши жөнүндөгү эң жөнөкөй мисалды карап көрөлү. Окумуштуулар ВПЧ менен рактын ортосундагы так байланышты белгилешти. Чындыгында, ВПЧ жатын моюнчасынын рак оорусунун башкы себеби болуп саналат [128]. Калифорния университетинин Лос-Анжелес медициналык борборунун адистеринин байкоолоруна ылайык, жатын моюнчасынын рагы менен ооругандардын 99 пайызына чейин ВПЧны жугузушкан [129]. Жатын моюнчасынын рак оорусунун болжол менен 70 пайызын папилломавирус козгойт [130]. Джон Хопкинс Университети (Вашингтон, Колумбия округу) изилдөө жүргүзүп, сексуалдык активдүү аялдардын 80 пайызында ВПЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу бар экендигин көрсөткөн [131]. Натыйжада, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 500 миң аялга жатын моюнчасынын рагы диагнозу коюлат. Булардын болжол менен 300 миңи бул оорудан көз жумат [132]. Бирок жатын моюнчасынын рак оорусуна чалдыгуу — бул бирден-бир коркунуч эмес. Ооруларды контролдоо жана алдын алуу борборлорунун билдирүүлөрүнө ылайык, АКШда 1998–2003-жылдар аралыгында ВПЧ вирусу 25 миң рак оорусун, анын ичинде жатын моюнчасынын рагын, ичегинин рагын жана ооздун рагынын пайда болушуна алып келген [133]. Аналдык ВПЧ инфекциясы цервикалдык инфекциялар сыяктуу эле көп кездешет делет «Journal of Inffecties Journal» журналындагы жарык көргөн макалада. Натыйжада, Америка Кошмо Штаттарында жыл сайын 4600дөн ашуун адам «ичеги рагы» менен ооруйт. Бул оорудан болжол менен 700 бейтап каза болот [134]. ВПЧ вирусун жуктурган адамда кекиртек рагына кабылуу коркунучу 32 эсе жогору [135]. Кудайдын жыныстык катнашка койгон чек араларын бузуп, силер жыныстык жол менен жуккан инфекцияны, анын ичинде ВПЧны жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгүн кескин көбөйтөсүңөр. Жугуштуу оору өз кезегинде олуттуу ооруларга, анын ичинде ракка алып келиши мүмкүн. Катаал чындык — ушул себептен жылына миңдеген бейтаптар көз жумгандыгында. Эскерте кетейин: өзүңөрдүн алсыз жерим жок деген оюңарга ишенбегиле. Жеңил ойлуу жыныстык катнашта болуп, от менен ойноп жаткан болосуңар, демек, силерде жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар, кийинчерээк рак оорусун жаратып, андан кийин бул нерсе өлүмгө алып келиши мүмкүн. Эскертүүлөр [127] Kaiser Family Foundation, «What Teens Don’t Know about STDs Puts Them at Risk» (March 8, 1999). http://www.kff.org [128] Reuters, «HPV Linked to 25,000 Cancers in 5 Years: Government study suggests need for HPV screening men and women» MSNBC.com (November 3, 2008). http://www.msnbc.com [129] Rettig, «HPV Virus Helps Cervical and Head and Neck Cancers Grow and Spread». [130] Dunne, et al., «Prevalence of HPV Infection». [131] Julie Sharp, «Oral Sex Linked to Throat Cancer» BBC News (May 10, 2007). http://www.news.bbc.co.uk/2/hi/health [132] Reuters, «HPV Linked to 25,000 Cancers in 5 Years». [133] Reuters, «HPV Linked to 25,000 Cancers in 5 Years». [134] JoNel Aleccia, «„Eww“ factor aside, anal HPV infection is a risk» MSNBC Women’s Health (May 23, 2008). http://www.msnbc.msn.com [135]«Throat Cancer Added to List of Diseases Caused by HPV» Houston Chronicle (May 2007). 17 ЭГЕРДЕ ТӨРӨТТӨН САКТООЧУ ТАБЛЕТКАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛСА, БУЛ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШТЫ КООПСУЗ КЫЛБАЙБЫ? 1960-жылдары бойго бүтүрбөөчү таблеткалар деп аталган ооз контрацептивдери, Американын маданий пейзажын кескин өзгөртүп, «эркин сүйүүгө» жана жыныстык катнаштагы бардык чектөөлөрдү жоюуга чакырган сексуалдык революциянын чыныгы символу болуп калды. 50 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин, биз «эркин» жыныстык катнаш миф экендигин билдик. Баарын баштаган кичинекей таблеткалар миллиондогон аялдарды алардын тандоолорунун кесепеттеринен куткара алган жок. Таблеткалар силерди жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргой алышпайт. Алар силердин денеңердеги инфекциялардын тамыры жайыла турган жерлерге эч кандай таасир этпейт. Жыл сайын 19 миллион америкалыктардын [136] ден-соолугуна зыян келтирген жыныстык жол менен жугуучу оорулардын 25 түрү бар жана таблеткалар аларды инфекциядан [137] коргош үчүн таптакыр эч нерсе кылбайт. Жеке мен үчүн мындай жыныстык катнаш коопсуз деп сезилбейт. Кош бойлуулук жөнүндө эмне айтууга болот? Бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды чыгарган фармацевтикалык компаниялар таблетка 100% натыйжалуу эместигин моюнга алышат. Дарыгердин көрсөтмөсү боюнча таблеткаларды такай ичип турсаңар дагы, боюңарга бүтүп калышы мүмкүн. Чындыгында, ичүүчү контрацепция каражаттары күн сайын бир убакта кабыл алынышы керек. Эгер силер муну жасабасаңар же жок дегенде эки саат иче турган убакыттан кечиктирсеңер, анда гормоналдык баланс өзгөрүлүп, овуляция болушу мүмкүн; организм уруктанган жумуртканы «коё бериши» мүмкүн. Ошол эле учурда, жаш аялдар көп учурда тез эле кош бойлуу болушат, анткени алардын жыныс мүчөлөрүнүн саламаттыгы дагы деле толугу менен бекем бойдон. Изилдөөлөрдүн биринде өспүрүм кыздарга 13 пайызга жакын кырдаалда иче турган контрацептивдер таасир этпей калгандыгы аныкталган [138]. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул таблеткаларды ичүү менен жыныстык жашоодо жашап жаткан 100 кыздын кеминде 13 кызы күтүүсүздөн кош бойлуу болуп калат дегенди билдирет. Таблеткалар чынында эле пландаштырылбаган кош бойлуулуктан бир аз коргойт, бирок 100% натыйжага кепилдик бере албайт. Жыйынтык чыгаралы. Эч кандай таблеткалар силерди: • жок дегенде бир жолу жыныстык жол менен жуккан оорудан; • жараланган жүрөктөн; • никеге чейинки жыныстык катнаштын натыйжасында мээдеги өзгөрүүлөрдөн; • никеге чейинки жыныстык катнашты коштоп жүргөн өзүн-өзү күнөөлүү сезүүдөн жана уят сезимдеринен коргой албайт. Келли муну өз башынан өткөргөндүгүнөн улам билет. Ал никеге чейин жыныстык катнаш менен алектенем деп шашылууну каалаган эмес, бирок Тайлер аттуу жигити менен мамилеси барган сайын олуттуураак болуп баштаганда, ал «варианттарды талкуулоо» үчүн доктуруна кайрылган. Дарыгер ага контрацептивдүү каражаттарды ичүүнү сунуш кылды, ал эми Келли «кереги тийип калышы мүмкүн» деп макул болду. Келли менен Тайлер чын эле жыныстык жашоону башташты. Кош бойлуулук же оору жөнүндө тынчсыздануунун кереги жок экендигине Келли толук ишенди. Ал «коопсуз» жыныстык катнашта болуп жатам деп эсептеген. Үч айдан кийин Келлиден жыныстык жол менен жугуучу оору ал тапшырган тест аркылуу табылды. Ал ачууланып, көңүлү калып, ошол эле учурда уятынан кирерге жер таппай жатты. Бир нече айдан кийин бул экөө эки ажырым жолго түшүштү. Келли өзүн коргонуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым деп эсептеген, бирок таблеткалар аны жугуштуу оорудан да, Тайлер менен мамилесин үзгөндө башынан өткөргөн азаптан да куткара алган эмес. Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү, бирок Келли дагы деле жан дүйнөсүнүн жарасы качан айыгат деген суроону өзүнө берип жүрөт. Презервативдер силерди тыюу салынган жыныстык катнаштын көптөгөн кесепеттеринен коргой алышпайтт. Эч кандай таблетка муну кыла албайт. Чыныгы коопсуз жыныстык катнаш өмүр бою никеге арналган эки адамдын ортосунда гана болушу мүмкүн. Эскертүүлөр [136] Reuters, «CDC: Sexually Transmitted Diseases Still Rising in U.S». [137] «Sexually Transmitted Diseases» Epigee. [138] Haishan Fu, «Contraceptive Failure Rates: New Estimates from the 1995 National Survey of Family Growth» Family Planning Perspective, vol. 31, no. 2 (March/April 1999). 18 ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУДАН МЕН КАНТИП САКТАНСАМ БОЛОТ? Жыныстык жол менен жугуучу оорулардан сактоого кепилдик берүүнүн бир гана жолу бар — никеге чейин жыныстык мамиледен алыс болгула. Бул маселеде светтик жана машаякчы булактар өз ара макулдукка келишет: никеге турууга чейин жыныстык катнаштан баш тартуу жана никедеги ишенимдүүлүк — бул инфекциядан сактануунун бирден-бир ишенимдүү жолу. Көйгөйдүн бардыгы, эгерде силердин өнөктөшүңөр никеде ишенимсиз болсо, же мурун башка адамдар менен жакын мамиледе болсо, анда силер да тобокелге салынасыңар. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору моногамия (бир никелүүлүк) жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы деп эсептейт [139]. Американын үй-бүлөнү пландаштыруу федерациясы жарыялаган отчетто: «Кармануу жана өмүр бою бир никеде болуу ВПЧ инфекциясынан толук сактануунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп калууда» деп айтылат [140]. Билим берүү тутумунун мамлекеттик көрсөтмөлөрү студенттерге өзүн-өзү кармануу никесиз кош бойлуулуктан жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргонуунун кепилденген жалгыз жолу экендигин түшүндүрүүнү талап кылат [141]. Кудайдын Сөзү бизге эмнени үйрөтүп жаткандыгын дагы бир жолу карап чыгалы. Сулаймандын Накыл сөздөр китебинде эмне деп айтылганы эсиңердеби (5:18–19)? Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган, маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан. Бул аят кимге багытталса, ал адам жыныстык катнаштын артыкчылыктарынан эркин пайдалана алат. Аны коркуу сезими кыйнабайт. Ал ыраазы жана «канган», анткени ал ден-соолугу үчүн сарсанаа болбойт жана тынчсызданбайт. Анын өнөктөш аялы ким? Ал кечеде таанышкан чоочун кыз эмес, же мурунку жыныстык тажрыйбасы ага белгисиз болгон ал билбеген курбу кызы эмес, ал — анын сүйүктүү жубайы. Ал ооруну жугузуп алуудан толугу менен корголгон, ал өнөктөшүнүн мыйзамсыз кош бойлуулукка кабылып калуу коркунучунан коркпойт, анткени анын мыйзамдуу аялы — анын жалгыз жыныстык өнөктөшү. Биринчи Корунттуктарга 6:13тө: «Дене ойноштук кылуу үчүн эмес..» деген эскертүү бар. Качан силер Кудай белгилеген чек араларды бузууну чечип, бир нече өнөктөш менен жакын мамиледе болуп жатсаңар, силердин денеңер баштапкы максатына каршы иш алып барат жана тобокелдктер көп эсе өсөт. ЭКИ КЫРДААЛДЫ ЭЛЕСТЕТИП КӨРӨЛҮ 1. Эшли менен Аарон үч ай жолугуп жүрүштү. Бүтүрүү кечесинде Арун Эшлини ижарага алган лимузининин арткы отургучунда жыныстык катнашка барууга ынандырган. Ушундан кийин Эшли өзүн ушунчалык күнөөлүү сезгенинен, Арун менен мамилесин үздү. Бир нече айдан кийин Эшли ич оорусуна чалдыгып, айызы бир калыпта болбой калат. Ал Арунга чалып, андан ал буга чейин жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга текшерилип көргөнсүңбү деп сурайт. Ал Эшлиге чейин дагы төрт өнөктөш менен жакын мамиледе болгонун мойнуна алат, бирок ооруканага баруудан баш тартат. Эшли өзү байкаган белгилер жөнүндө апасы менен сүйлөшкөндөн аябай уялат. Ал керектүү анализдерди тапшыруу үчүн мектептин медайымынын бөлмөсүнө бармак болчу, бирок ал эл арасына бул тарап кетет деп коркот: эгер кимдир бирөө бул жөнүндө билип калса эмне болот деп ойлойт. Эшли бир гана жолу жыныстык катнашка барган, бирок эми ал кандайдыр бир айыкпас ооруга чалдыгып калбадым бекен деп дайыма тынчсызданат. 2. Жаклин менен Марк жогорку класстарда окуп жүрүшкөндө бири-бирин сүйүп калышкан. Жакыныраак болууну каалашып, алар дагы деле болсо үйлөнгөнгө чейин жакын мамиледе болбой турууну чечишти. Алардын эч кимисинин никеге чейин жыныстык өнөктөшү болгон эмес. Биринчи нике түнүндө алар эч кандай инфекциядан коркпой жыныстык катнашта болушту. Эми алар бири-бири менен интимдик жакындашууда канча кааласа жана каалаган убактысында, качандыр бир кезде венерикалык ооруну өзүлөрүнөн табуудан коркпой эле боло алышат. Кудай силердин эркиндигиңерди чектөө үчүн же жашооңордон кубаныч алууңарды тартып алуу үчүн, никеден мурун жыныстык катнаштан баш тартууңду суранбайт. Никеде силер жыныстык катнаштан өмүр бою инфекциядан коркпой ырахат ала аласыңар. Жыныстык жол менен жугуучу оорудан өзүңөрдү сактоонун бирден-бир жолу — бул силердин жеке жашооңорго карата Кудайдын планын түшүнүү жана кабыл алуу. Эскертүүлөр [139] Centers for Disease Control and Prevention, «STD-Prevention Counseling Practices and Human Papillomavirus Opinions among Clinicians with Adolescent Patients — United States, 2004» Morbidity and Mortality Weekly Report 55, no. 41 (October 20, 2006), 1117–120. [140] Planned Parenthood, «Fact Sheet: HPV — The Most Common Sexually Transmitted Virus» (August, 2006). http://www.plannedparenthood.org [141] Elizabeth Boskey, Ph.D., «What are the federal guidelines for abstinence only education?» About.com (October 13, 2010). http://www.std.about.com/od/syphilis/f/federalabstinenceregs.htm 19 НИКЕГЕ ЧЕЙИНКИ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ МЕНЕН ПСИХИКАЛЫК ДЕН-СООЛУКТУН БАЙЛАНЫШЫ БАРБЫ? Жыныстык катнаш жөнүндө сөз болгондо, Кудай бизден шашылбоону суранат. Ал бизди коргоп, бизди бардык жакшы нерселер менен камсыздагысы келет. Жогоруда биз ынанганыбыздай, никеге чейин кармануу бизди физикалык коркунучтардан, анын ичинде жыныстык жол менен жугуучу оорулардан жана каалабаган кош бойлуулуктан сактайт. Мындан тышкары, мээбизди бир нече өнөктөштөр менен жакын мамиледе болгондон улам пайда болгон неврологиялык өзгөрүүлөрдөн сактайт. Бирок күтүү психикалык ден соолукту сактоого жардам береби? Сурайсыңар да! Коркунучтуу фактылардын бири — бул жыныстык жактан активдүү өспүрүм кыздар, кыздыгын жогото элек өзүлөрүнүн курдаштарына караганда өз өмүрүнө кол салууга 300 пайызга көбүрөөк барышат [142]. Ал эми жыныстык жактан активдүү жигиттер өз өмүрүнө кол салууга кыздардан эки эсе көбүрөөк аракет кылышат. Башкача айтканда, эгерде өспүрүм кыз же эркек активдүү жыныстык жашоодо жашап жаткан болсо, анда анын өз жанын кыюуга аракет жасоо ыктымалдыгы ал үйлөнүү тоюн күтүүнү чечкенден 700 пайызга жогору болот [143]. 14 жаштан 17 жашка чейинки жыныстык жактан активдүү кыздардын 25 пайыздан ашыгы сурамжылоодо көбүнчө же ар дайым басынтылган абалдагы сезимге кабылышканын жазышкан. Салыштыруу үчүн: кыздыгы бар кыздар мындай жоопту 7,7 пайыз учурларда гана беришкен. Өткөн жылы жыныстык жактан активдүү кыздардын он төрт пайыздан ашыгы өз өмүрүнө кол салууга аракет кылышкан, ошол эле курактагы кыздыгы бар кыздар арасында бул көрсөткүч 5,1 пайызды түзгөн [144]. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр үчүн жыныстык жол менен жугуучу оорулардын зыяндуулугу жөнүндө ачык жазышат, бирок никеге чейинки жакындык психикалык ден-соолукка талкалай тургандай таасир этет деп дээрлик эч жерде айтылган эмес. Жыныстык жактан активдүү өспүрүмдөр курдаштарына караганда үч эсе көп стресстик абалга түшүп, өзүн өлтүрүүгө аракет кылышат [145]. Медициналык институттун сексуалдык саламаттык боюнча доктору Фреда Маккиссик Буш белгилегендей, «Депрессиянын, өзүн-өзү төмөн баалоонун жана башка көптөгөн эмоционалдык кесепеттердин пайда болуу коркунучунун негизги факторлорунун бири силер менен жакын [жыныстык] мамиледе болгон адамдардын санына түздөн-түз байланыштуу. Силер канчалык көп адамдар менен [жыныстык] мамиледе болсоңор, ошончолук силер келечекте өмүр бою бир адам менен болууга даяр экениңерди түшүнгөнүңөрдө, сергек, туура мамилелерди курууда кыйынчылыктарга туш болосуңар» [146]. Заманбап маданият жыныстык катнаш романтикалуу мамилелерде бакыт, бүтүндүк жана жакындык сезимин алып келет деп үйрөтөт, бирок бул чындык канааттанууну алып келбейт. Жакында эле Американын саламаттыкты сактоо ассоциациясынын колледжинде изилдөө жүргүзүлүп, анда АКШнын бардык студенттеринин 43 пайызы ушунчалык басынган абалда болуп, ар кандай иш-аракеттерди жасай албай тургандыгын жана студенттердин 61 пайызы үмүтсүздүккө кабылышкандыгы аныкталды [147]. Бул кокусунан эле болгон жок; эрте жыныстык активдүүлүк менен үмүтсүздүк, депрессия сезимдеринин ортосунда тыгыз байланыш бар. Өспүрүм депрессияны дарылоочу дары издей баштаганда кырдаал курчуй баштайт. Антидепрессанттардын негизги терс таасири — бул сексуалдык жактан дисфункцияга кабылуу [148], башкача айтканда, жыныстык адеп-ахлаксыздык адамды депрессияга учуратат, натыйжада депрессияга каршы дары-дармектер аны жакындыктан канааттануу алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Тыюу салынган жыныстык катнаштын жалгыз натыйжасы депрессия гана эмес. Колумбия университетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, жыныстык жактан активдүү өспүрүмдөр баңги затына көбүрөөк кайрылышат [149]. Жыныстык жактан активдүү жаштар дагы, адатта, өздөрүнүн жүрүм-турумунан улам күнөөнү жана уятты сезишет. Сурамжылоолорго караганда, сексуалдык активдүү өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн экиси мындай жашоо образын эрте, шашылып баштагандарына өкүнүшөт [150]. Жаш жигиттин эч качан кайтып келбеген өтө маанилүү бир нерседен баш тарткандыгы үчүн өзүн күнөөлүү сезүү өспүрүмдү башка кесепеттерге караганда көбүрөөк кыйнашы мүмкүн. Никеден тышкары жыныстык катнаштын эң зыяндуу эмоционалдык «натыйжаларынын» бири — бул жараланган жүрөк. Физикалык жактан жакындашууга болгон мээңердин нейрохимиялык реакциясы үчүн, жыныстык катнашты сүйүү деп кабыл алып, оңой эле жаңылып калышыңар мүмкүн. Интимдик жакындашуу учурунда окситоциндин бөлүнүп чыгышы силерди өнөктөшүңөр менен тыгыз байланышта болууга аргасыз кылат. Жыныстык катнаш ар дайым эмоционалдык байланыштарды түзөт. Ал байланыштар үзүлгөндө, бул аябай чоң азаптарды алып келет. Никедеги жыныстык катнаш коопсуздукка барабар. Никеден тышкары жыныстык катнаш корголбогондой, уят, өзүн-өзү күнөөлөө, депрессия, үмүтсүздүк жана кайгы-капа сезимдерине алып келет. Бирок ошондой эле Кудай жакын мамилелерге койгон чектерди бузгандыктары үчүн руханий жактан да баа төлөгөнгө туура келет. Эврейлерге жазган катта (13:4): «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт». Жөнөкөй тил менен айтканда, никеден тышкары жыныстык катнашта болуу — бул күнөө, ал эми күнөө болсо, бизди ар дайым Кудайдан бөлүп турат. Кудайдын буйруктарын бузуу Кудайдын Падышачылыгы үчүн натыйжалуу эмгектене албагандыгыбызга алып келет, биздин баталарыбызды жана Машаяк жөнүндө күбөлөндүрүүнүн жемиштерин уурдайт. Биздин жеке жашоону тандообуздан, биздин сезимдерибиз жана акыры жалпы жыргалчылыгыбыз көз каранды экендигин Кудай билет. Мына ошондуктан Сулаймандын Накыл сөздөр китебинде (4:23): «Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени өмүрдүн булагы анда», — деп эскертилет. Эскертүүлөр [142] McIlhaney and Bush, Hooked, 20. [143] McIlhaney and Bush, Hooked, 20. [144] Laura Vanderkam, «Sexually Active Girls’ Lament: Why Didn’t I Wait?» USA Today (June 12, 2003). http://www.usatoday.com [145] R. E. Rector, K. A. Johnson, and L. R. Noyes, «Sexually Active Teenagers Are More Likely to Be Depressed and to Attempt Suicide» Washington, DC: A report from the Heritage Center for Data Analysis, Heritage Foundation CDA03–04 (2008), 78. [146] Personal interview, Freda McKissic Bush. [147] Extrapolated from Joe S. McIlhaney Jr., M.D., and Freda McKissic Bush, Hooked, 78. [148] «Your Brain on Sex» Reuniting: Healing with Sexual Relationships (June 25, 2005). http://www.reuniting.info/science [149] Cited in Kaiser Family Foundation, «Substance Use and Risky Sexual Behavior: Attitudes and Practices Among Adolescents and Young Adults» (February, 2002). http://www.kff.org [150] Kaiser Family Foundation, «Teen Sexual Activity». 20 АНАЛДЫК ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ — БУЛ НОРМАЛДУУБУ? Аналдык жыныстык катнаш дагы жыныстык катнаш. Кудай бизден жыныстык адеп-ахлаксыздыктан алыс болуубузду суранат (1 Кор. 6:18 карагыла), анын ичинде жакындыктын бул түрү да бар. Чындык аналдык жыныстык катнаш жатындык жыныстык катнашка караганда алда канча кооптуу экендигинде. Албетте, андан кийин кош бойлуу болуу мүмкүн эмес, бирок жыныстык жактан ооруга чалдыгып калуу мүмкүн. Андан тышкары, аналдык жактан ВПЧны жуктуруу жатын моюнчасынын инфекциялары сыяктуу эле көп кездешет. 11-суроого жооп берип жатып, жатын моюнчасы ичтен мамычалуу клеткалар менен капталган деп айттым. Мамычалуу клеткалар инфекцияга өтө сезгич келишет. Аял 25 жашка келгенде, анын жатын моюнчасы бекемделип, ал эми мамычалуу клеткалар эпителийдин кабырчыктуу клеткалардын катмарларынын астында жашынышат жана ушул аркылуу анын жатын моюнчасы жыныстык жол менен жугуучу ооруларга анчалык сезимтал болбой калат. Силердин оозуңарда жана арткы тешигиңерде да мамычалуу клеткалар тизилген. Бирок алар эч качан эпителийдин кабырчыктуу клеткаларынын астында жашырына алышпайтт. Денеңердин бул жерлери ар дайым жыныстык жол менен жугуучу ооруларга тез кабылат [151]. Кошулуунун мындай кооптуу альтернативасы менен тажрыйба жүргүзүүгө аракет кылган жаштар каргашалуу кесепеттерге туш болушу мүмкүн, анткени мындай жыныстык катнаш менен алектенүүдө организмдин инфекцияга өтө алсыз бөлүктөрү кирет. ВПЧ кын аркылуу жатын моюнчасынын рак оорусун пайда кылгандай эле, аналдык жыныстык катнаш дагы ичеги карын рагына алып келиши мүмкүн. Катаал чындыктан качып кутула албайбыз: Америка Кошмо Штаттарында жыл сайын 4600дөн ашуун адамга ичеги карын рак диагнозу коюлат, алардын ичинен 700 адам ушул оорудан көз жумат [152]. Дарыгерлер акыркы жылдары ичеги-карын рагы оорусу кескин көбөйгөнүн белгилешет [153], бул таң калыштуу деле эмес, анткени аналдык жыныстык катнашка барган түгөйлөрдүн саны көбөйүп баратат. Илгери ооздук жана аналдык жыныстык катнаш тыюу салынган нерсе деп эсептелгени менен, бүгүнкү күндө өспүрүмдөр формалдуу көз караш менен караганда кыздыкты сактап калуу үчүн аларды тандашат. Бирок алар бул үчүн чоң бааны төлөп жатышат. Интимдик жакындашуу өз ичине ар дайым эмоционалдык компонентти камтыйт. Денеңер козголуп дүүлүккөндө, ал нерсе мээңердеги химиялык заттардын, анын ичинде окситоцин, вазопрессин жана дофаминдин бөлүнүп чыгышына шарт түзүп, кынга жыныс мүчөсү кирбесе дагы, өнөктөшүңөргө болгон байланууңар бекемделет. Оралдык же аналдык жыныстык катнаш менен алектенүүнү чечүү менен, силерде 19-суроонун жообунда баяндалган эмоционалдык жана руханий «терс таасирлерди» баштан өткөрүү коркунучу бар. Демек, аналдык жыныстык катнаш дагы бул жыныстык катнаш. Ал ошондой эле кооптуу кесепеттерге алып келет жана ошондой эле күчтүү байланышты жаратат. Акыркы учурда ал модага айланып бараткандай сезилет, бирок көпчүлүктүн ою боюнча, коопсуз альтернативаны билдирбейт. Бирок ден-соолукка кандай коркунуч келтиргенине жана эмоционалдык тузакка түшкөнүнө карабастан, никеге чейинки аналдык жыныстык катнаш Кудайдын нормаларына дал келбей тургандыгын белгилөө өтө маанилүү. Сулаймандын Ырлар Китебинде бизди үч жолу «сүйүүнүн убактысы келгиче ойготпогула жана тынчын албагыла» деп чакырат (2:7; 3:5; 8:4тү карагыла). Аналдык жыныстык катнаш кындык жыныстык катнаш сыяктуу дүүлүктүрөт, ал эми бул сезимдер никеден тышкары баштан өткөрүү үчүн берилген эмес. Матайда (5:28) Ыйса кумарлануу менен башка адамды караган адамды жубайынын көзүнө чөп салып күнөө кылган адамга теңейт. Силер кумарлуу ойлорго алдырбастан, аналдык жыныстык катнашка бара албайсыңар. Мындагы физикалык жана психикалык реакция кын менен жыныстык катнашта болгондой эле болот. Кудай силерди сексуалдык оюндарга катышуу менен кыздыгыңарды (тазалыгыңарды) формалдуу түрдө сактоого чакырбайт. Ал силерден азырынча ар кандай жыныстык тажрыйбадан өзүңөрдү сакташыңарды суранат, анткени Ал силерди өтө эле олуттуу болушу мүмкүн болгон эмоционалдык жана физикалык кесепеттерден сактап калгысы келет. Эскертүүлөр [151] Rose, Sexual Health for Life Seminar. [152] Aleccia, «„Eww“ factor aside». [153] Christine Hill-Kayser, M.D., «Anal Cancer: The Basics» OncoLink (February 23, 2008). http://www.oncolink.org 21 ОРАЛДЫК ЖЫНЫСТЫК КАТНАШТЫ ЧЫНЫГЫ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ ДЕП ЭСЕПТЕСЕ БОЛОБУ? 2003-жылы Кайзердин үй-бүлөлүк фонду жана «Seventeen» журналы тарабынан жүргүзүлгөн бир катар улуттук сурамжылоолор 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн жарымы оралдык жыныстык катнашты чыныгы жыныстык катнаш деп эсептебей тургандыгын аныкташты [154]. Колледждердин студенттеринин дээрлик 60 пайызы ошондой эле оралдык жыныстык катнашты жыныстык катнаш деп аныкташпайт [155]. Мүмкүн ошондуктан 15–19 жаштагы америкалык өспүрүмдөрдүн жарымынан көбү оралдык жыныстык катнаш менен алектенишеттир, ал эми 18 жаштан 19 жашка чейинки жаштарды алсак, анда бул көрүнүш 70 пайызга чейин өсөт [156]. Оралдык жыныстык катнаш эң көп алгылыктуу социалдык норма болуп калды, муну менен жаштардын 50–70 пайызы алектенишет [157]. Балким, бул массалык көрүнүштүн бир себеби, оралдык жыныстык катнаш чыныгы жыныстык катнаш эмес деген жалпы ишенимде жатат. Айрым студенттер сурамжылоолордо оралдык жыныстык катнаш алардын «өзүн таза кармоо» ыкмасы деп жазышканын элестетип көрсөңөр. Башкача айтканда, кыздыкты (тазалыкты) жоготпоонун жана ошол эле учурда жакындыктан жана сексуалдык ырахаттан баш тартпоонун ыкмасы. Бирок оралдык жыныстык катнаш менен алектенген адам жыныстык жактан таза бойдон калабы? Жөнөкөй сөз менен айтканда, оралдык жыныстык катнаш чын эле жыныстык катнашпы? Сөздүктү карасаңар, ошондо силер баарын түшүнөсүңөр. Сөздүктө «жыныстык катнаш» «жыныстык мүнөздөгү көрүнүш же жүрүм-турум» деп аныкталат [158]. Оралдык жыныстык катнаш менен алектенген жаштардын санынын өсүшү, албетте, көрүнүш катары мүнөздөлөт. Биз жүрүм-турум сексуалдык мүнөздө экендигин кантип аныктай алабыз? Өзүңөрдөн сурап көргүлөчү: бул нерсе адамдын дүүлүгүүсүнө, жыныс органдарынын стимулдашуусуна жана канааттанууга алып келеби? Жооп айдан ачык: ооба. Демек, организм оралдык жыныстык катнаштан кадимки жыныстык байланыштан таасир алгандай таасир алат. Тийиштүү гормондор бөлүнүп чыгышат. Жыныстык органдар реакцияга киришет. Мээ өнөктөштөрдүн ортосундагы байланышты бекемдеген адамдык суперклей сыяктуу иштеген химикаттар менен жуулат. Дофаминдин жарылышы силерди көбүрөөк эңсегенге, жагымдуу сезимдерди кайталоону каалаганга аргасыз кылат. Денеңер бул жыныстык катнаш экендигине толук ишенет. Силердин мээңер бул жыныстык катнаш экендигине ишенет. Силердин жүрөгүңөр бул жыныстык катнаш экендигине ишенет. Оралдык жыныстык катнаш дагы — бул жыныстык катнаш. Кынга киргизүү — жыныстык катнаш менен алектенүүнүн жалгыз ыкмасы эмес экени түшүнүктүү. Жалпысынан, мен сексуалдык мүнөздүү болгон жакындыктын төрт түрүн бөлүп айтат элем: 1. Оралдык жыныстык катнаш (ооз — жыныс органдары) 2. Кол менен дем берүү (кол — жыныс органдары) 3. Жыныстык органдардын байланышы (жыныс органы– жыныс органы) 4. Кирүү Төрт түрү тең организмде физикалык жана химиялык реакцияларды жаратат. Төрт түрүнүн бардыгы тең өнөктөштөрдүн ортосунда байланыш түзүп, жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алуу коркунучун жаратат. Ушул иш-чаралардын кайсы бирине катышкан адам жыныстык жактан активдүү деп эсептелет. Эскертүүлөр [154] Kaiser Family Foundation, «Teen Sexual Activity». [155] Chris Wagner, «Oral Sex Is Sex, and Most Teens Don’t Know It» Center for Parent/Youth Understanding. http://www.cpyu.org [156] Laura Sessions Stepp, «Teen Sexual Activity on the Rise» The Detroit News (September 16, 2005). http://www.detnews.com/2005/health [157] Laura Sessions Stepp, «Teen Sexual Activity on the Rise» The Detroit News (September 16, 2005). http://www.detnews.com/2005/health [158] http://www.Merriam-webster.com/dictionary/sex 22 БИРОК ОРАЛДЫК СЕКС МЕНЕН АЛЕКТЕНСЕ ДА, КЫЗДЫКТЫ САКТАСА БОЛОТ ДА? Ар бир төртүнчү сексуалдык активдүү өспүрүм сурамжылоодо жыныстык катнашка барбоо үчүн оралдык жыныстык катнаш менен алектенет деп жооп берди [159]. Ал үчүн, бул тажрыйба кыздык (тазалык) белгисин жоготпостон, жакындыктан канааттанууну алуу жолу. Бирок бул ушундайбы? Мындай адамды тазалыгын (кыздыгын) жогото элек деп эсептесе болобу? 21-суроонун жообун эстеп көрөлү: жыныстык катнаш — бул денеде тиешелүү жоопторду жараткан сексуалдык мүнөздөгү жүрүм-турум. Оралдык жакындашуу организмге, мээге жана мамилелерге жыныстык катнаш сыяктуу эле таасир этет. Демек, оралдык жыныстык катнаш бул дагы жыныстык катнаш болуп саналат. Муну жасап, кыз (таза) бойдон калууга болобу? Расмий түрдө, ооба, бирок бул формалдык түрдө гана. Эсиңерде болсун, Кудай силерден физиологиялык кыздыгыңарды (тазалыгыңарды) сактоону суранбайт. Ал силерден «нике төшөгүңөрдү таза кармагыла» деп суранат. Эврейлерге жазган катта (13:4): «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын» деп айтылат. 7-суроонун жообун эсиңизге тутуп коюңуз: «таза» сөзүнүн эң жакшы аныктамаларынын бири анда чет элдик аралашмалар жок. Качан сиздин эмоцияларыңыз жана сезимдериңиз козголгондо, анын ичинде оралдык секс учурунда, мээңизде норадреналин бөлүнүп чыгып, окуянын эс тутуму мээңизде бекемделет [160]. Кааласаңыз да, каалабасаңыз да, оралдык секс жөнүндө эскерүүлөрдү нике төшөгүңүзгө алып келесиз, демек, аны таза сактай албайсыз жана Кудайдын буйругун аткарбайсыз. Мен ушул китептин үстүндө иштеп жүргөндө, бир жаштар кызматчысы мага мындай окуяны айтып берди: «Жакында менин аялым эже-сиңдилер менен жума сайын жашоо маселелери талкуулаган аялдар тобунан үйгө кайтып келди. Бул жолу жыныстык катнаш темасын көтөрүп чыгышыптыр. Келинчегим мага мындай деди: Сен элестете да албайсың! Алардын көпчүлүгү, ошондой эле бактылуу үй-бүлөлүү аялдар дагы никеге чейин оралдык жыныстык катнаш менен алектенишип, эми атайын адистердин консультацияларын алышы керек, анткени алардын башында калып калган эскерүүлөр, образдар бүгүнкү күнгө чейин аларды катуу жабыркатып келет». Жыныстык катнашка альтернатива катары оралдык жыныстык катнаш менен алектенүү чечимин кабыл алуу менен, силер мээңерге ал тууралуу элестерди калып калышына тоскоол боло албайсыңар. Анын үстүнө, кийинки суроонун жообун окуп, билип тургандай, бул тандоо өлүмгө алып келүүчү инфекциялардан дагы коргой албайт. Кудай жыныстык катнашта жүргөндө кыздыгыңарды (тазалыгыңарды) расмий түрдө гана сактап калышыңарды каалабайт. Ал нике төшөгүңөрдү эс тутумда калган мурунку сексуалдык тажрыйбанын элестеринен жана кесепеттеринен таза сактап калууңарды суранат. Эфестиктерге жазган катта (5:3) мындай делет: «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт», — деп айтылган. Кудай силерге жыныстык катнаштын тыюу салынган айрым формаларына барбай, бирок жыныстык катнашка жарым-жартылай барууга уруксат бербейт. Ал алгачкы нике түнүңөргө чейин — кийинки нике түндөрүңөргө чейин ар кандай жакындашуу эркелетүүлөр менен күтө турушуңарды каалайт. Анын каалоосу — силерди коргоп, жан шеригиңер менен жакын мамиледе болуп, жыныстык катнаштан толук кандуу ырахат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Эскертүүлөр [159] Wagner, «Oral Sex Is Sex». [160] Judith Reisman, Ph.D., «Psychopharmacology of Pictorial Pornography Restructuring Brain, Mind & Memory & Subverting Freedom of Speech» (The Institute for Media Education), taken from Relationships Under Construction, high school curriculum (Sunbury, OH: ATM Education, 2008), 198 Information also found in Human Nature, vol. 9, no. 1 (1998), 34. 23 ОРАЛДЫК ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ КООПСУЗ? Миллиондогон өспүрүмдөр жеңил ойлуу жыныстык катнашта болуу коркунучу жок деп эсептешип, толкундануудан ыракат алуу үчүн оралдык жыныстык катнаш менен алектенүүнү тандашат. Бул өтө олуттуу жана айрымдар үчүн өлүмгө алып келген ката. Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаштар оралдык жыныстык катнашты чыныгы жыныстык катнаш деп эсептешпейт, ошондуктан алар өзүлөрүнүн уятсыздыгынын терс кесепеттеринен коркушпайт [161]. Бир нерсе чындык: оралдык жыныстык катнаш аркылуу кош бойлуу болуу мүмкүн эмес, бирок бул кошулуунун коопсуз альтернативасы болуп бербейт. Клиникалык изилдөөлөр оралдык жыныстык катнаш менен гонорея, сифилис, герпес жана ВПЧнын ортосундагы байланышты аныкташт [162]. Анын үстүнө, эгерде силер ар кандай мезгилдерде беш башка өнөктөш менен оралдык жыныстык катнашта болсоңор, анда жыныстык жол менен жугуучу оорунун жугушу 250 пайызга жогорулайт [163]. Оралдык жыныстык катнашта жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын көп түрүн жуктуруп алуу коркунучу бар жана алардын арасында биринчи орунда ВПЧ турат. «The New England Journal of Medicine» журналынын билдирүүлөрүнө ылайык, алтыдан ашык өнөктөшү менен оралдык жыныстык катнашта болгон адамдарда ВПЧ вирусун жуктуруу коркунучу тогуз эсе жогору [164]. Бул жөнүндө билүү эмне үчүн ушунчалык маанилүү? Оралдык ВПЧ инфекциясы кекиртек рагына чалдыгуу мүмкүнчүлүгүн 3200 пайызга жогорулатат [165]. Изилдөөчүлөр дүйнө жүзү боюнча оозеки жыныстык катнаштын социалдык кабыл алынышы жана популярдуулугу жогорулашы менен менен оозеки рак оорусунун көбөйүшүнүн ортосундагы түз байланышты белгилешти [166]. 1970-жылдары папилломавирус ооздогу рак оорусунун дээрлик 25 пайызында табылган. 1990-жылы папилломавирус ооздун рагы менен ооруган адамдардын 57 пайызында аныкталган. 2000-жылы бул сан 68 пайызга чейин өскөн. 2007-жылда ВПЧ АКШда ооздун рагынын 73 пайызы менен байланыштуу болгон [167]. Катаал чындыктын көзүнө карайлы: оралдык жыныстык катнаш силер үчүн олуттуу ооруга чалдыгуу коркунучун жаратат жана олуттуу психологиялык жана руханий кесепеттерге алып келет. Оралдык жыныстык катнаш силерди өнөктөшүңөр менен байланыштырат. Мамиле бузулганда, силер мамиледе болбой калган адамга «тартылып» калгандыгыңардан улам пайда болгон азап менен жалгыз каласыңар. Сурамжылоодо көптөгөн кыздар оралдык жыныстык катнаш учурунда аларды колдонуп жаткандай сезилгендигин жазышкан. Алар мындай жыныстык катнашка «жигиттерин бактылуу кылуу үчүн» жана «популярдуу болууну» каалагандыктан гана макул болушат. Бакыт да, белгилүүлүк да келбегенде, кыздар күнөөлүү сезим, уят, башаламандык жана ачуулануу сезими менен жалгыз калышат. Оралдык жыныстык катнаш учурунда кош бойлуу болуу мүмкүн эмес, бирок бул аны жыныстык катнаштын коопсуз альтернативасы кылат деп айтууга болбойт. Силер жыныстык жол менен жуккан ооруну жуктуруп алышыңар мүмкүн. Силер рак оорусуна чалдыгып калышыңар мүмкүн. Акыры, жүрөгүңөр жараланып калышы мүмкүн. Катаал чындык — оралдык жыныстык катнаштын коркунучтуулугу жана өлүмгө алып келүүчү кесепеттери силер бир нече көз ирмемдердин ичинде гана ала турган жыргалчылыктардан алда канча жогору турганында. Силер төлөй турган баанын олуттуулугун түшүнүп, өзүңөрдү мындай тобокелге салбоону чечкениңерди каалайт элем. Эскертүүлөр [161] Wagner, «Oral Sex Is Sex». [162] Elizabeth Boskey, Ph.D., «Is Oral Sex Safe Sex?» About.com (July 6, 2009). std.about.com. [163] Roxanne Khamsi, «Oral Sex Can Cause Throat Cancer» New Scientist (May 9, 2007). http://www.newscientist.com [164] Sharp, «Oral Sex Linked to Throat Cancer». [165] Reader’s Digest, August 2008, «What You Need to Know: HPV and Cancer Risk». http://www.rd.com/health/hpv-and-cancer-risk-facts [166] Cathy Becker, «The Oral Sex Cancer Connection» Good Morning America On Call (October 15, 2008). http://www.abcnews.go.com/GMA/OnCall [167] Bernadine Healy, M.D., «Clueless about Risks of Oral Sex» U.S. News & World Report (March 19, 2008), 60. http://www.usnews.com 24 ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ ЭКИ ГАНА АДАМГА ТИЕШЕЛҮҮ ЖЕКЕ ИШ ЭМЕСПИ? Эртеби-кечпи бардыгы ачыкка чыгарылат. Жыныстык катнаш — эч кандай жеке маселе эмес. Мунун кесепеттери үчүн жеке адамдар төлөгөн баа бар, андан соң жакындары да кийин төлөйт, бүтүндөй коом үчүн мунун кесепеттери бар. Көпчүлүктүн айтымында, жыныстык катнаш — экөөнүн жеке иши. Бизге жабык эшик артында болуп жаткан окуя эч кимге тиешеси жок экендигин жана бийлик биздин жеке турмушубузга таасир этүүчү мыйзамдарды кабыл алууга укугу жок, мектептерде балдарга сексуалдык жүрүм-турумдун негиздерин үйрөтпөш керек, ал эми жыйын бул жөнүндө унчукпай эле койгону оң деп айтышат; Кантсе да, акыр аягы ар ким өз тандоосу үчүн өзү жооп берет, туурабы? Туура эмес! Эгер жыныстык катнаш жеке маселе болсо, анда эмне үчүн аборт үчүн өкмөт жыл сайын эбегейсиз көп акча коротот? Эгер жыныстык катнаш жеке маселе болсо, анда эмне үчүн Америка өкмөтү СПИДдин айыктырылышын издөөгө миллиарддаган долларларды сарптап жатат? Эгерде жыныстык катнаштын кесепеттери катышуучуларга гана таасирин тийгизсе, анда эмне үчүн ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жыныстык жол менен жугуучу ооруларды дарылоого жана алдын алууга көп убакыт коротот? Анткени, жыныстык катнаш — эки кишиге гана тиешелүү жеке иш эмес. Коом жыныстык катнаштын Кудайдын чегинен тышкары бардык жерде кеңири жайылышы үчүн жогорку бааны төлөп жатат. Кош бойлуу болгон ар бир өспүрүм кыз үчүн АКШнын салык төлөөчүлөрүнө кеминде 100000 доллар чыгым тартарын жана Америкада жыл сайын ушул кыздардын миллиону кош бойлуу болуп калаарын силер билдиңер беле? [168] Үйлөнө элек өспүрүмдөр ымыркайларды коомдук саламаттыкты сактоо мекемелерине таштап кетсе, алардын ден соолугуна кам көрүү жана аларга тарбия берүү түйшүгү салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлөт. Жалгыз бой энелер ымыркайлардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн социалдык коргоо кызматтарына кайрылышканда, бул нерсе үчүн каражат салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн алынат. Мамлекеттик орган ташталган, кароосуз калган же зордук-зомбулукка кабылган өспүрүм энелерге кам көргөндө, булардын бардыгын салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кылууга мүмкүн болот. Өлкө түзмө-түз жарандарынын жеке иштери үчүн өтө чоң бааны төлөп жатат. Кесепеттери — акырында ачыкка чыккан, аныкталган жакын интимдик катнашка кирүүнү чечкен эки адамдын гана ийнине түшпөйт. Жалпысынан биздин коом дагы, андагы көптөгөн социалдык мекемелер дагы, эң башкысы, жыл сайын жашы жете элек энелерден төрөлгөн жарым миллион бала бул бааны төлөшү керек [169]. Албетте, силер: «Мени саясат же улуттук кызыкчылыктар кызыктырбайт» деп айтышыңар мүмкүн. Анда балким, силерди өнөктөшүңөр төшөккө алып келип жаткан адамдардын саны кызыктыраттыр. Силер жакын интимдик мамиледе болгонуңар сайын, силер бир адам менен эмес, ошондой эле өнөктөшүңөр силерге чейин жакын болгон адамдар менен жана ошол өнөктөштөр мурун жакын болгон адамдардын бардыгы менен жыныстык катнашта болуп жатканыңарды түшүнгүлө. Өткөн окуялар жөнүндө эскерүүлөр, мен айткандай эле, акыл-эсиңерде сакталып кала берет. Силер өзүңөр билбей туруп, алып жүрүүчү оорулар бир өнөктөштөн экинчи өнөктөшкө жана андан ары жуга берет. Силердин нике түнүңөрдө, силер менен жакын мамиледе болгон бардык адамдар, алардын бардык өнөктөштөрү, алардын өнөктөштөрү жана алардын да өнөктөш шериктери… баары чогуу силер менен бирге нике төшөгүнө киришет. Бир күнү «Кечээ кечинде жакын жүргөн алтымыш төрт адамдын канчасын жакшы тааныйсыңар?» деген суроо берген брошюрага туш болдум. Суроонун мааниси бир жыныстык катнашта, чындыгында, ондогон адамдар катыша турганында. Өнөктөштөрдүн бири же экөө тең жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алгандан кийин жыныстык катнаш жеке маселе болбой калат, кийинчерээк ал жеке иштери менен алектенүү аркылуу ооруну башка адамдарга өткөрүшөт. Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин студенттик поликлиниканын директору, доктор Эдвард Висмайер студенттерди «кокустуктан улам болуп кеткен бир эле байланыштын өзү эле беш түрдүү ооруга алып келиши мүмкүн» деп эскертет [170]. Лоуренс Ликоб деген психиатр: «Эгер силер жыныстык катнашта “жеңил ойлуу” болсоңор, анда мүмкүн силердин өнөктөшүңөр да мурун башка бирөө менен “жеңил ойлуу” мамиледе болуп жүргөндүр. Ошентип, үчүнчү, төртүнчү, ал тургай жыйырма бешинчи, алар жөнүндө силер эч нерсе билбеген өнөктөшүңөр бардыр» [171]. АКШнын Саламаттыкты сактоо кызматынын мурунку башкы дарыгери Эверетт Куп мага телефон чалып, өспүрүмдөр менен жыныстык адеп-ахлаксыздыктын кесепеттери жөнүндө мүмкүн болушунча олуттуу сүйлөшүүмдү ишенимдүү суранды. «Силер аларга жеңил ойлуулук канчалык коркунчтуу экенин айтып, эскертүү беришиңер керек, — деди ал. Бүгүнкү күндө, силер аял менен жакын мамиледе болуп, силер аны менен гана эмес, ошондой эле акыркы он жыл ичинде ал жыныстык катнашта болгон ар бир адам менен жана ошол эле учурда ал адамдар менен төшөккө жаткан адамдар менен да жакындашкан болосуңар» [172]. Жыныстык катнаш ар бир адамдын жеке иши болбой калды. Бул эртеби-кечпи ачыкка чыгарганга туура келген нерсе. Жеке жашооңор эч кимге тиешеси жоктугун камсыз кылуунун бир гана жолу бар: моногамиядагы (бир никедеги) өз ара ишенимдүүлүк. Кудайды жыныстык катнашта жаратуу үчүн, моногамдык эркек моногамдык аялга моногамдык жол менен баш кошушу керек. Мындай шартта эч ким мурунку өнөктөштөрүн ээрчитип барбайт, денеде катылган (азырынча) оорулар бир өнөктөштөн экинчи өнөктөшкө жукпайт жана никеден тышкаркы кош бойлуулуктан коркуунун кажети жок. Бул кокусунан алектенген жыныстык катнаштын зыяндуу таасиринен сактануунун бирден-бир ишенимдүү жолу. Ушундай ишенимдүү никенин шартында гана, жабык эшик артында эки адамдын ортосунда никеде болуп өткөн нерсени экөөнүн жеке иши деп атоого болот. Эскертүүлөр [168] Susan Richardson, «An Overlooked Weapon in the Battle of Teen Pregnancy: Self-Esteem» Austin American Statesman (March 5, 1998). [169] Centers for Disease Control and Prevention, National Vital Statistics System (March 16, 2011). http://www.cdc.gov/nchs/data_access/vitalstats [170] JASWiki, «Sexually Transmitted Diseases» (November 4, 2010). http://www.ankerberg.com [171] Dr. Lawrence Laycob, Ph.D., M.D. From a public presentation, Colorado. [172] Personal conversation. 25 АЛГАЧ ЧОГУУ ЖАШАП КӨРГӨН ЖАКШЫРААК ЭМЕСПИ? 1950-жылдары он аялдын тогузу өнөктөштөрү менен алдын ала чогуу жашабай туруп турмуш курушкан. 1990-жылдарга чейин, ар бир үчүнчү түгөй «үйлөнгөнгө макулмун, турмушка чыгууга макулмун» деп жооп бергенге чейин эле чогуу жашап башташкан. Бүгүнкү күндө бардык никелердин жарымынан көбү чогуу жашаган [173]. 1980-жылдан бери мындай жуптардын саны 1000 пайызга көбөйгөн [174]. Бирок, эгерде чогуу жашоо социалдык жактан кадимки нерсе болуп калган болсо дагы, бул эң жакшы вариант дегенди билдирбейт, изилдөө маалыматтары тескерисинче экендигин далилдеп жатат. Чогуу жашоо сейрек учурларда гана «ошентип, алар узак жана бактылуу жашап калышыптыр» деген менен аяктайт. Мындай түгөйлөрдүн 40 пайызы никеге чейин эле ажырашып кетишет [175]. Чогуу жашагандан кийин баш кошкон түгөйлөрдүн арасында, ажырашуулар никеге чейин чогуу жашабагандарга караганда эки эсе көп кездешет [176]. Дүйнөлүк көз караш менен караганда, чогуу жашоо жакшы идеядай сезилиши мүмкүн. Бул жубайларга көп убакытты чогуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул эки башка үй чарбасын кармоого караганда үнөмдүүрөөк. Көпчүлүк жубайлар биргелешип жашоону «сыноо» деп эсептешет, алардын мамилеси никеде талап кылынгандай күнүмдүк турмушта бири-бирине жан-дили менен берилип турбастан, турмуштук кыйынчылыктарга туш болуп же болбой тургандыгын чогуу жашоо аркылуу аныкташат. Алар мындай деп ой жүгүртүшөт: “Эгер болбой калса, анда биз мүлктү, чыгымдарды бөлүштүрбөй жана тажаткан, уятсыз ажырашууга каражат сарптабастан, ар кайсы тарапка басып кеткенге мүмкүнчүлүк болот. Бирок, изилдөөлөр, бул нерсеге карама-каршы нерсени көрсөтүп жатышат. Заманбап маданият бизди үй-бүлө керексиз катуу институт, бардык эркиндиктен ажыраган жубайлар кыйналып турган түрмө деп ишендириши мүмкүн. Бирок статистикалык маалыматтарга таянсак, чогуу жашагандарга караганда, никедеги жубайлар өз жашоолоруна көбүрөөк ыраазы болушат. Келгиле, фактыларды карап чыгабыз. 1. Үй-бүлөлүү адамдар жыныстык катнаш менен көбүрөөк алектенишет • Күйөөлөрдүн 48 пайызы жыныстык катнаш эмоционалдык жактан аларды абдан канааттандырат дешет, ал эми 50 пайызы жыныстык катнаш физикалык жактан жагымдуу деп эсептешет [177]. • Биргелешип бирок никеде турбай жашагандардын арасында бул көрсөткүчтөр 37 жана 39 пайызды түзөт [178]. 2. Үй-бүлөлүү адамдар узагыраак жашашат [179] • Үйлөнгөн эркектерге караганда, үй-бүлө курбаган эркектердин өлүмү жогорураак. • Орточо алганда, бойдок статусу эркектин өмүрүн он жылга кыскартат. 3. Үй-бүлөлүү эркектер байыраак жашашат [180] • 2009-жылы үй-бүлөлүүлөрдүн үй чарбасынын орточо кирешеси 58 410 долларды түзгөн. • Жалгыз бой эркек үчүн бул сан 31 399 долларга чейин төмөндөйт. •Турмушка чыга элек аял үчүн — 14 843 долларга чейин. 4. Үйлөнгөн адамдардын балдары жакшыраак жашашат [181] • Аялдардын 25 пайызы чогуу жашаган учурунда кош бойлуу болушат, бирок алардын балдары мыйзамдуу никеде төрөлгөн балдарга салыштырмалуу аз камсыз болушат. • Үй-бүлөлүү ата-энелердин балдары ийгиликтүүрөөк болушат жана мектепти сейрегирээк ташташат (29 пайызга салыштырмалуу 13 пайыз). • Үй-бүлөлүү ата-энелердин балдары көбүрөөк жогорку билимди алышат. • Үй-бүлөлүү ата-энелердин балдары жыйырма жаштан жогору болгондо сейрек жумушсуз калышат. Үй-бүлө куруунун артыкчылыктары айдан ачык. Мындан тышкары, никеде турбаган чогуу жашаган жубайлар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Мисалы, алар көп учурда башкалар менен байланыш түзгөндө кыйналышат. Мындан тышкары, карама-каршылыктуу күтүүлөрдүн негизинде чыр-чатактар ​​келип чыгат. Эркектер жалпысынан чогуу жашоону бул аялга өзүн арнагысы келээр-келбесин билүү үчүн биринчи кадам деп эсептешсе, аялдар чогуу жашоону милдеттенмеге карай биринчи кадам деп эсептешет. Жубайлар келечектеги жашоосу кандай болору жөнүндө түшүнүк алуу үчүн чогуу жашоону чечишет, бирок алардын абалына чыныгы нике негизинен, атап айтканда, никеге гана мүнөздүү болгон өз ара милдеттенмелер жетишпейт. Бири-бирине болгон берилгендиктин ушул деңгээли гана түгөйлөргө чогуу жашоо кыйынчылыктарына туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адамдар никеге туруп үйлөнүшкөндө бири-бирине: «Мен сени сүйөм. Мен ар дайым жаныңда болом. Мен өз өмүрүмдү сага арнаймын», — деп айтышат. Чогуу жашаган түгөйлөр болсо: «Сен мага жагасың. Кел, мен сени сүйө аламбы же жокпу көрөлү?» же: «Мен сени сүйөм. Биздин сүйүүбүз чогуу жашоонун кысымына туруштук бере алабы же жокпу, көрөлү?» — деп бири-бирине айтышкандай болушат. Никеде турбай чогуу жашагандар ар дайым өздөрүнө «кокус мындай болуп калса…» деп, чыгып кете турган жылчык калтырышат, алардын дээрлик жарымы бир күнү ал аркылуу тымызын чыгып кетишип, мамилелерди түбөлүккө үзүшөт. Берилгендиктин жоктугу күчтүү мамилелерди түзүүгө жардам бербейт. Жубайларга никедеги кыйынчылыктарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк берген өз ара берилгендик деңгээли бул учурда салыштырмалуу кол жеткис. Чогуу жашоо интимдик жакындашуу маселелеринде бекем мамилелерди түзүүгө жардам бербестен, утулушка алып келген ыкма болуп калат. Түгөйлөр көбүнчө сексуалдык шайкештигин текшерүү үчүн чогуу жашоону чечишет. Бирок, чындык, бул жерде өзгөчө бир айла, амал жок болгондугунда. Эркек менен аял денеси башынан эле «айкалышуу», «шайкеш болуу» максатында жаратылган. Өмүр бою бирге болууга милдеттенүүдөн мурун жыныстык катнаштын ырахатын татып көрүү силерди бириктирген кумарды текке кетиргени кайгылуу, бирок бул чындык. «Medical Aspects of Human Sexuality» бир макаласында: «Көптөгөн адамдар “кыялына” үйлөнүшүп, күчтүү сексуалдык тартылуу аларды “алар узак жана бактылуу жашашкан экен” дегенге алып барат деп үмүттөнүшөт… Андан кийин жакшы жыныстык катнаш жакшы мамилелерди билдирбей турганы, бирок жаман мамилелер оңой эле жаман жыныстык катнашка алып бара тургандыгы аныкталат». [182] Жакындашууга чейин барганда, дээрлик баардык учурда жаратылыш өзү баарына кам көрөт. Интимдик кыйынчылыктар тажрыйбанын жетишсиздигинин же сексуалдык шайкеш эместиктин натыйжасы эмес. Эгер алар пайда болсо — көйгөй мамиледе, мүнөздөгү кемчиликтерде, ишеним, сый-урмат жана жоопкерчилик жок болгондо болушу мүмкүн. Тажрыйба — силерге нике түнүндө керек болгон эң акыркы нерсе. Бири-бирине өздөрүн арнаган эки адам жакындыкка барганда жыныстык катнаш эң чоң ырахат тартуулайт. Эгер силер башка бирөө менен «ийгиликке жетишсеңер» — анда бул «эрдигиңерди» нике төшөгүндө кайталай алам деп ойлойсуңарбы? Антип ойлобой эле койгула. Бул нерсе иштебейт. Никеге чейин жыныстык катнашта болгон ар бир адам, өзүнөн жана экинчи жарымынан жубайлар катары — бир бүтүндүк катары бул чөйрөдө чогуу билим алуу жана өсүү сыяктуу укмуштуудай мүмкүнчүлүктү тартып алып, келечектеги никеден уурдап жаткан болот. Нике өзүнүн бардык артыкчылыктары менен «сыноодон өтүп көрүшү керек» деп силерди алдап жатышат, бул нерсеге ишенбегиле. Эгерде силер чындыгында эле үй-бүлөлүк жакындыктын эң жогорку ырахатын сезгиңер келсе, анда биринчи нике түнүнө чейин жыныстык мамиледе дилетант бойдон калууну максат кылып, бирок мамилелерде профессионалдуулукка жеткиле. Эскертүүлөр [173] U.S. Bureau of the Census, «America’s Families and Living Arrangments» Current Population Reports, Series (March 2000). [174] Janice Shaw Crouse, Ph.D., «The Myths and Reality of Living Together without Marriage» Focus on the Family, 2007, http://www.crosswalk.com [175] Janice Shaw Crouse, Ph.D., «The Myths and Reality of Living Together without Marriage» Focus on the Family, 2007, http://www.crosswalk.com [176] Statistic from a study by Scott Stanley at the University of Denver, MSN Lifestyle, «Cohabitation Shows Tendency toward Divorce?» (September 2009). http://www.lifestyle.msn.com [177] Mattox Jr., «Aha! Call It the Revenge of the Church Ladies». [178] L.J. Waite and M. Gallagher, «The Case for Marriage: Shedding Light on the State of Marriage in America» The Medical Institute Quarterly (Spring, 2002). [179] L.J. Waite and M. Gallagher, «The Case for Marriage: Shedding Light on the State of Marriage in America» The Medical Institute Quarterly (Spring, 2002). [180] U.S. Census, «Income Distribution Measures, by Definition of Income: 2009» section: Married-Couple Households. http://www.census.gov/hhes/, http://www.cpstapbles/032010/rdcall/1_002.htm [181] U.S. Census, «Income Distribution Measures, by Definition of Income: 2009» section: Married-Couple Households. http://www.census.gov/hhes/, http://www.cpstapbles/032010/rdcall/1_002.htm [182] D. S. Burgoyne, «Factors affecting coital frequency» Medical Aspects of Human Sexuality (May 1974), 152–54. 26 НИКЕГЕ ЧЕЙИНКИ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ НИКЕДЕГИ ЖАКШЫ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ ҮЧҮН ЭҢ ЖАКШЫ ДАЯРДЫК ЭМЕСПИ? Практика ар дайым жеткилеңдүүлүккө жетелейт жана жыныстык катнашта да ушундай болот деп бизди ишендиришет. Бирок силер менен бирге мурунку суроонун жообунан байкаганыбыздай, бекем милдеттенмелерсиз (нике гана камсыз кыла ала турган) романтикалуу мамилелердин башталышы менен айрылышуунун «тажрыйбасы» жубайлардын мамилесин да, жакындыгын да жакшыртпайт. Тескерисинче, никесиз жыныстык катнаштын узак мөөнөттүү терс натыйжалары бар экени далилденген. Дарыгер кичүү Джон Р.Диггс «Никесиз жыныстык катнаш адамдардын ден-соолугун жана жыргалчылыгын көп учурларда бузат» деп аталган макаласында никеден тышкары жыныстык мамилелердин конкреттүү жана көп учурда каргашалуу кесепеттерин, анын ичинде пикир келишпестик, бойдон алдыруу, үй-бүлөнүн туруксуздугу, эркектин каалаган убакта кетип кала турган коркунучу, натыйжада аялдар жана балдар ар кандай чоң тобокелдиктерге туш болушун атап өткөн [183]. Башкача айтканда, никесиз жыныстык катнашта болуу мүмкүн болгон тузактар менен коштолот. Балким, үй-бүлөлүү эркектердин жакын мамиледен көбүрөөк ырахат алууларынын бирден бир себеби ушундадыр. «USA Today» гезитиндеги «Охо! Келгиле, муну жыйын айымдарынын өч алышы деп атайбыз» аттуу макаланын автору, машаякчы аялдар (жана алар менен чогуу жаткан машаякчы эркектер) планетанын сексуалдык жактан эң канган адамдарынын катарына кирет деген жыйынтыкка келген [184]. Жазуучу Уильям Р.Мэттокстун айтымында, никеге чейин жыныстык катнаштан баш тартуу келечекте олуттуу дивиденддерди камсыз кылуу дегенди билдирет. Маттокс мындай деп жазат: “Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыныстык жашоону эрте баштаган жана / же бир нече сексуалдык өнөктөштөрү бар аялдар жеке жашоосунда канааттануу сезимин минималдуу сексуалдык тажрыйбасы бар аялдарга караганда азыраак көрсөтүшөт [185]. Башка сөз менен айтканда, никеге чейин өзүнүн ынгайлуу шайкештигин текшерген эркектер менен аялдар сексуалдык канааттанууну азыраак алышат. Албетте, практика силерди мыкты өнөктөш кыла албайт. Никеге туруучу жайга баруудан мурун жыныстык шайкештикти текшерип көрүү керек деген жомок менен жалгыз гана Маттокс күрөшүп жаткан жок. «Seventeen» журналдын маегинен бир үзүндү келтирейин. Социолог доктор Нэнси Мур Клэтуортиге: «Бирок никеге чейин чогуу жашоо никеде сөзсүз келип чыккан айрым пикир келишпестиктерди жоюуга жардам бербейби?» деген суроо беришкен. Сураныч, доктор Клэтуортинин жообун кунт коюп окуп чыккыла: Биз каржы маселеси, күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктар, эс алуу, достор, сезимдердин эл алдында көрүнүшү жөнүндө суроолорду бердик. Ушул тармактардын ар биринде, никеге чейин чогуу жашаган түгөйлөр никеге чейин эч ким менен жашабай, учурда түгөйү менен гана никеде тургандарга караганда көбүрөөк келишпестикке ээ болушкан. Бирок баарынан да жакындашуу мамилелерине байланыштуу ачылыш мени көбүрөөк таң калтырды. Никеге чейин чогуу жашаган түгөйлөр бул маселе боюнча да көп урушушкан [186]. Баары алдын-ала, чогуу жашаган мезгилде чечилиши керек болгондой болчу. Бирок бул андай эмес экени анык. Моногамдык нике менен сексуалдык канааттануунун ортосунда түздөн-түз байланыш байкалат. Эмне үчүн? Себеби жыныстык ырахат ишенимдүү жана берилген өнөктөштүктүн контекстинде көбөйөт. Никеге чейинки жыныстык катнаш — шайкештиктин жана берилгендиктин өлчөө куралы деп эсептеген жубайлар улуу жыныстык катнаш үчүн зарыл болгон жакындыктан, жоопкерчиликтен жана ишенимдүүлүк жагынан аксашат. Никеден тышкары жакындык бул практика же келечектеги жыныстык шайкештикти текшерүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк эмес. Бул Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу планын бузгандык, натыйжада түгөйлөр эркиндикти эмес, оор кесепеттерди алышат. Изилдөөлөр Кудайдын Сөзүндө буга чейин айткандарын гана далилдешет. «Практиканын» натыйжасында жыныстык катнаштын сапаты жакшырбайт, тескерисинче, жакындык, ишеним жана өз ара сүйүү аркылуу жыныстык катнаштын сапаты күчөйт. Никеге чейинки жыныстык катнаш никеде жакшы жыныстык катнашка алып келбейт. Бул түңүлүүгө, монотондуулукка, инфекция коркунучуна жана өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыштын начарлашына алып келет. Экинчи жагынан, никеге чейин жакын мамилеге барбай күткөнүңөр менен, анын кесепеттеринен коркуу менен өзүңөрдү чектебестен, чыныгы жыныстык жактан эркиндикке ээ болосуңар. Силер сонун жыныстык катнашты каалайсыңарбы? Анда «машыгууларыңарды» токтотуп, баш кошконго чейин күтө туруу чечимин кабыл алгыла. Эскертүүлөр [183] Dr. John R. Diggs Jr., «Sex without Marriage Often Ruins People’sHealth and Well-being» from Waite and Gallagher’s The Case for Marriage (New York: Doubleday, 2000). http://www.josh.org. [184] Mattox Jr., «Aha! Call It the Revenge of the Church Ladies». [185] Mattox Jr., «Aha! Call It the Revenge of the Church Ladies». [186] James [anonymous], «Sex and the Pity» Think Christian (May 25, 2008), citing Dr. Nancy Moore Clatworthy’s interview in Seventeen magazine. http://www.thinkchristian.net 27 БИРОК ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ СОНУН ДА, АНДА ЭМНЕ ҮЧҮН АНЫ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ АР ДАЙЫМ ЭЛЕ ЖАКШЫ ЭМЕС ЖАНА ТУУРА ЭМЕС? Ооба, жыныстык катнаш сонун. Анткени, аны бизге белек катары бизди сүйгөн Кудай жараткан. Жакыптын катында (1:17) мындай делет: «Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет. Анда эч кандай өзгөрүлүү жок, өзгөрүлүүнүн көлөкөсү да жок». Кудай жыныстык катнашты жараткан. Жараткандын көздөгөнү — сүйүүнү жана адамзатты өмүр бою бири-бири менен байланыштырып турган жакындыкты чагылдыруунун сонун жолун бизге тартуулоо болгон. Бирок бул бардык жыныстык катнашка тиешелүү эмес. Насаатчы китебинде (3:11): «Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады…» (курсивдик жазуу меники — Дж. М) Ошентип, Кудай кайсы бир нерселерди качан кооз кылат? Керектүү учурда, туура тандалган убакта. Никесиз жыныстык катнаш жагымдуу болушу мүмкүн. Ошондой эле, ал жубайларды жакындаткандай эки адамды жакындата алат. Бирок никеден тышкары ырахат көпкө созулбайт. Эврейлерге 11:25те күнөөнүн жыргалчылыктары «убактылуу» деп аталат. Никеге чейинки жакындыктын кубанычы убактылуу, көз ирмемдей тез жана өтүп кете турчу. Ошол эле учурда, Кудайдын планын аттап өтүп, жыныстык катнашка барган жаштар көбүнчө жүрүм-турумунун жемиштерин, мисалы, депрессиянын, баш тартуу сезиминин, ачуулануунун, акыл-эс туруксуздугунун, жыныстык органдардын инфекцияларынын, каалабаган кош бойлуулуктун жана өз жанын кыюуга аракет жасоонун натыйжаларын оруп алышат. Мыйзамсыз жыныстык катнаштын эмоционалдык таасиринин көпчүлүгү сүйүү деген эмне экендигин түшүнбөстүктөн келип чыгат. Айрым түгөйлөр: «Жыныстык катнаш сонун, анткени бул биздин сүйүүбүздүн көрүнүшү» деп жар салышат. Бирок эсиңерде болсун, сексуалдык активдүүлүк учурунда мээңер тарабынан бөлүнүп чыккан дофамин үчүн, окситоцин жана вазопрессин сыяктуу эле, силердин үй-бүлөлүү же андай эмес экениңер эч кандай мааниге ээ эмес [187]. Никеден тышкары жыныстык катнашка баруу менен, силер сүйүү менен кумардын ортосундагы чек араларды жууп салган болосуңар. Мээдеги химиялык реакцияларды сүйүү сезими менен оңой эле алмаштырып алууга болот. Бирок эмоциялар силерге туура жыныстык чечимди кабыл алууга жардам бербейт, ал эми сүйүү сезими силер менен өнөктөшүңөрдү бактылуу кыла турган чоңдордун мамилесине жетилгендигиңердин далили эмес. Жыныстык катнаш абдан сонун, бирок аны менен алектенүү дайыма эле жакшы жана туура боло бербейт. Ар бир нерсенин өз убактысы жана орду бар. Эрежелерди бузуу менен, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн жаратылган жакындыкты кубанычтын булагынан уяттын, жийиркенүүнүн жана кыйналуунун булагына айландырабыз. Жыныстык катнаш дайыма эле сонун боло бербей тургандыгын көрсөткөн көптөгөн мисалдар бар. Үй бүлөлөрдү бузган ойноштук, көзгө чөп салууларды, порнографиялык нерселерден көз карандылыкты, зордуктоолорду, балдарды зордуктоолорду жана аларды сатууларды эстеп көрсөк. Бул үрөйдү учура турган мисалдар жыныстык катнаштын коркунучтуу да боло ала тургандыгын далилдейт. Катышуучулардын бири гана мындан өзүн жакшы сезип жаткндыгынан улам эле, жыныстык катнаш жакшы иш-чарага айланып калбайт. Бизге бир караганда кооз көрүнгөн нерсе жийиркеничтүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр болот, ошондо силер жыныстык катнаш качан жакшы жана качан андай болбой тургандыгын өзүңөр деле түшүнөсүңөр. Никеден тышкары жыныстык катнашта болуу ооруга чалдыгуу, мыйзамсыз балалуу болуу коркунучун туудурат, бул өнөктөшүңөр менен чындап байланышуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет жана убакыттын өтүшү менен силерди депрессияга, тең салмаксыздыкка жана суициддик ойлорго алып келиши мүмкүн. Үй-бүлөлүк мамилелердин контекстиндеги өз ара макулдашылган нике болсо, силерге жогоруда саналып кеткен кесепеттерсиз жакын ырахаттануу эркиндигин берет. Жыныстык катнаш кооз — ушунчалык кооз болгондуктан, ал өзгөчө коргоого татыктуу, ал ушунчалык кооз болгондуктан, аны күтүп турууга да болот. Эскертүүлөр [187] McIlhaney and Bush, Hooked, 33. 28 ЭГЕРДЕ МЕНИН ГОРМОНДОРУМ КӨТӨРҮЛСӨ ЖАНА БУЛ НЕРСЕ МЕНДЕН КҮЧТҮҮ БОЛСОЧУ? МЕН НИКЕГЕ ЧЕЙИН КҮТӨ АЛАМБЫ? Бир нече жыл мурун америкалык сексолог доктор Рут Вестеймер Цинциннати Университетинин кампусунда 1200 студент менен маектешкен. Презентация учурунда студенттердин бири: «Доктор Рут, эгерде мен дагы күтө албай калсамчы?» — деп суроо берет. «Жигит, — деп жооп берди доктор Рут, — сиз күтө аласыз деген ой фантастика жаатына таандык. Сиздин либидоңуз бул үчүн өтө эле күчтүүлүк кылат» [188]. Доктор Руттун айтымында, никеден тышкары жыныстык катнаш сөзсүз боло турган нерсе, андан эч жакка качып кетүү мүмкүн эмес. Ал толуп ташкындап жаткан гормондорду башкара албайбыз жана жаштардын жыныстык каалоосу аларды басуу үчүн өтө эле күчтүүлүк кылат деген биздин маданиятка тамырланып сиңип калган ой жүгүртүүнү жаңырык сыяктуу кайталап айтып жаткандай. Келгиле, ушул позициянын үстүнө чогуу ой жүгүртүп көрөбүз. Элестетип көрсөңөр, доктор Рут сыяктуу сексологго бир жигит келип: «Доктур, мага сүйлөшкөн кызым аябай жагат жана мен аны менен жыныстык катнашта болгум келет, бирок ал муну каалабайт», — дейт. Дарыгер ага эмне деп кеңеш берет? «Ал даяр болгончо күтө тургула» деген сыяктуу кеңеш болушу мүмкүн. Башкача айтканда: «Сиздин либидоңуз анчалык деле күчтүү эмес». Эми башка жагдайды элестетип көрсөңөр. Бир жигит сексологго келип: «Доктур, менин гормондорум ашып-ташып толкундап жатат жана мен сүйлөшкөн кызым менен жыныстык катнашта болгум келет, ал дагы ошону каалайт. Мен эмне кылышым керек?» — деп суроо берет. Бул учурда, доктурдун берген кеңеши, Доктор Руттун Цинциннати Университетинде берген кеңештери менен толугу менен окшош болмок. «Жигит, сиз күтө аласыз деген ой фантастика жаатына таандык. Сиздин либидоңуз бул үчүн өтө эле күчтүүлүк кылат». Доктор Руттун философиясына ылайык, биз башкара албаган инстинкттерибизге баш ийген жаныбарлар сыяктуубуз. Эгерде ушул көз караштар туура болсо, эмне үчүн дүйнөдө зордуктоо үчүн жазалаган мыйзамдар бар? Зордуктоочу өзүнүн импульсун жоошута алышы мүмкүнбү? Анын либидосу бул үчүн өтө күчтүү эмеспи? Үй-бүлөлүү адамдар жөнүндө эмне айтууга болот? Эгерде жигит тойго чейин чыдай алганын андан күтпөсө, анда тойдон кийин, аны башка бирөө «туура эмес жолго» тартып койсо, андан ал өзүн кармай алат деп күтүүгө болобу? Өнөктөш кызы аны менен жакын мамиледе болууга макул болгон жигит күтүүгө күчү жетпейт, ал эми өнөктөшү али даяр эмес жигит күтүүгө жөндөмдүү деп айткыңар келип турабы? Никесиз эркектер таптакыр өздөрүн башкара алышпайтт, ал эми үй-бүлөлүү эркек анын мыйзамдуу аялынан башка аял аны каалап жатса дагы, өзүн-өзү колго алышы керекпи? Бул жерден эч кандай карама-каршылыкты байкабай элесиңерби? Ошентип, үйлөнгөнгө чейин күтүүгө мүмкүнбү? Жаштар өзүн-өзү башкара албайт деген түшүнүк логикалык жактан туура эмес, анткени бул нерсе бир маанилүү нерсени эске албай жатат. Кудай бизге абийирдин үнү менен туура чечим кабыл алуу жана иш-аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн берген. Ооба, силердин гормондоруңар күчтүү. Ооба, силерге күтүү кыйынга турушу мүмкүн, бирок эсиңерде болсун: жыныстык катнашка баруу же аны менен алектенбөө — силердин тандооңор. Силер жаныбар эмессиңер, силер Кудай берген сүйүү, ой жүгүртүү, жаратуу жана туура чечим кабыл алуу жөндөмүнө ээ адамсыңар. Лэнс Морроу «Time» журналына жазган макаласында эмнени жазганын окусаңар: «Өспүрүмдөр жыныстык катнашка барбай калат дегенге караганда көчөдөгү иттердин кошулууга барбай кала тургандыгы чындыкка көбүрөөк окшошот. Алардан ушуну күтүү акылга сыйбаган, таш боор жана эски көрүнүш. Мындай кырдаалда чоңдордун колунан келген эң жакшы нерсе — бул ошол “жаныбарларга» презервативдерди таркатуу жана аласындагы кычышуу аларды эрдиктерге чакырганга чейин кийип алууга үлгүрүшөт деп үмүттөнүү [189]. Айтсаңар, силер жөнүндө кимдир бирөө ушинтип сүйлөп жатканы силерди уялтып жаткан жокпу? Өзүңөрдүн каалооңорду жана кумарыңарды башкара албаган жаныбар эмес экениңерди далилдегениңер жакшы эмеспи? Ошол эле макалада Морроу жаштардан башка эч нерсе күтүүнүн кереги жок экенин мойнуна алган, анткени алар баары бир никеге чейин жыныстык катнашка барышат жана бул аларга эч нерсе алып келбейт. Ал мындай деп жазган: «Азыркы менталитеттин өзөгүндө адам табиятынын аёосуз жагымсыз сүрөтү жатат. Жаштар алардан күтүлүп жаткан үмүттөрдү орундатууга жакын. Өкмөт тарабынан каржыланган презервативдерди жайылтуу программасы коомчулук расмий түрдө өспүрүмдөрдөн иттердин кошулганын көрүп жатат дегенге барабар» [190]. Дүйнө силерден өзүңөрдү жаныбар сыяктуу алып жүрүшүңөрдү күтөт. Коом кандайдыр бир деңгээлде мындай жүрүм-турумду алкашы да мүмкүн. Бирок Кудай таптакыр башка нерсени күтөт. Мунун себеби Анын ар бирибизге болгон терең сүйүүсүндө жана боорукердигинде катылган. Титке жазган катта (2:11–12) мындай делет: «Анткени Кудайдын бардык адамдарды куткара турган ырайымы айкын болду. Бул ырайым бизди кудайсыздык менен бул дүйнөнүн кумарларын четке кагууга, азыркы мезгилде адеп-ахлактуулук менен, адилеттүү жана такыбаа жашоого үйрөтүп жатат…» Кудайдын ырайымы менен никеге чейин жыныстык катнашка баруудан баш тарта аласыңар. Көп адамдар үйлөнүү тоюна чейин күтүшкөн. 2006-жылы ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору берген статистикалык маалыматтарга ылайык, жогорку курстагылардын 47 пайызы кыздыгын (тазалыгын) өз каалоолору менен сактап калышкандарын моюнга алышкат [191]. Эгер силер алардын катарына кирсеңер, анда силер өзүңөрдү планетада жалгыз кыздыгын (тазалыгын) жогото элек адам сезеттирсиңер, бирок бул таптакыр андай эмес. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон жаштар никеге чейин жакындашуу менен шашылбоо чечимин кабыл алышат. Кыздык (тазалык) белегин жоготпостон никени жарыялоочу жайга жеткендер алардын бул чечими татыктуу болгонун ишенимдүү айта алышат. Өз келечегиңерди убактылуу жыргалга алмаштырбагыла. Заманбап маданиятка никеге чейин күтүүгө болбойт деп айтууга жол бербегиле. Силерде ар дайым тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Кудайдын ой-ниетин бекем кармангыла, ошондо өмүр бою ырахат ала турган чоң түшүм аласыңар. Эскертүүлөр [188] McDowell, Why True Love Waits. [189] Lance Morrow, «Fifteen Cheers for Abstinence» Time (October 2, 1995), 90. [190] Lance Morrow, «Fifteen Cheers for Abstinence» Time (October 2, 1995), 90. [191] Lovetoknow, «Dating and Teen Sex: What We Know» dating.lovetoknow.com 29 МЕН КЫЗДЫГЫМДЫ (ТАЗАЛЫГЫМДЫ) ЖОГОТТУМ. ДЕМЕК, МЕН ЭЧ НЕРСЕНИ ОҢДОЙ АЛБАЙМ ДА? Жыныстык катнашка алгачкы жолу баргандан кийин, аны токтотуу пайдасыз деп эсептеген миңдеген жаштар менен сүйлөштүм, анткени жоголгон күнөөсүздүктү калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ошентип, алар өздөрү үчүн баары жоголду деп ишенишет жана жүрүм-турумдарын өзгөртпөстөн, Кудайдын планына каршы иш-аракеттерди жасай беришет. Эгер бул саптар силер жөнүндө болсо, силер дагы деле болсо баарын оңдой ала тургандыгыңарды билишиңерди каалайт элем. Физикалык тазалыкты кайтаруу мүмкүн эмес, чындыкты чындык деп, муну моюнга алыш керек. Бирок силер руханий кыздыкты (тазалыкты) ала аласыңар. Кудай силерге өткөндү аяктоого жана баарын нөлдөн баштоого жардам берет. Эгер силер никеге чейинки жыныстык жашоону баштан кечирген болсоңор, анда силер ар бир кадам сайын силерди күтүп турган канчалаган коркунучтар жана тузактар бар ​​экенине ынандыңар. Бул жерде психикалык травма, бузулган мамилелер жана жаман атак-даңк, ошондой эле адекваттуу эмес өзүн-өзү баалоо, каалабаган кош бойлуулук жана жыныстык жол менен жугуучу оорулар — толгон токой жагымсыз нерселер. Мен силерге ачуу чындыкты айтайын. Бир жолу баскан жолуңардан чыкпайм деп чечүү менен, силер трагедиялуу жана акылсыз кумарлуу оюнду ойноп жатасыңар. Артка бурулуп, башка нукка түшүү али кеч эмес. Силер Анын сүйүүсүн жана кечиримдүүлүгүн сезип, өткөндү анын күнөөгө толгон адаттары менен калтырышыңар үчүн Кудай силерге башка жолду төшөп берди. Бирок, алгач, силер бир нерсе кылышыңар керек. 1. КҮНӨӨҢӨРДҮ МОЮНГА АЛГЫЛА «Бул жаңылыштык болду» же «Жаштык-мастыкта болгон иш да» деп айтпагыла. Шылтоолорду токтоткула. Никеге чейинки жыныстык активдүүлүгүңөрдү анын чыныгы аты менен атагыла: күнөө. Бул кадам тобо кылуу деп аталат. Тобо кылуу деген эч кандай эч кандай куулук, актануу жана ошол эле нукта уланта берүүнү көздөбөй, күнөөнү күнөө деп эсептеп, жөн гана Кудай менен макул болуу дегенди билдирет. 2. АНЫ МОЮНГА АЛГЫЛА Жакан жазган Жакшы Кабардын 1-катында (1:9): «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт». Никеден тышкары жыныстык катнашта болуу күнөө экенин билериңер менен, аны Кудай алдында мойнуңарга алгыла. 3. МАШАЯКТЫН КЕЧИРИМИН КАБЫЛ АЛГЫЛА Көпчүлүк сексуалдык активдүү жаштар үчүн бул эң оор кадам. Жакан жазган Жакшы Кабардын биринчи катында (1:9) Кудай биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, өткөн жашообузду түбөлүккө жок кылууну убада кылган. Бирок никесиз жыныстык катнашта боло берген жаштар көбүнчө өздөрүн Кудайдын сүйүүсүнө татыксыз жана экинчи деңгээлдеги ийгиликсиз адамдар деп эсептешип, натыйжада күнөө жасаганды уланта беришет. Эгер силер дагы ушундай ойдо болсоңор, мен силерге чындыкты айтып коёюн: силер жөн гана Кудайдын кечиримдүүлүгүнө ишенбейсиңер. Өзүңөрдү кечирүүдөн, Кудайдын тактысына андан кечирим суроо үчүн жакындагандан баш тартуу менен силер Кудай жалган сүйлөдү жана Машаяктын курмандыгы жетишсиз деп айтып жаткандай болосуңар. Өзүңөрдү «кечирим алуу үчүн өтө эле күнөөкөр» деп эсептөө менен, силер Кудай кудуреттүү эмес жана силердин кылган ишиңер менен күрөшө албайт деп айтып жатасыңар. Мындай ой менен мынчалык чындыктан алыс башка эч нерсе жок болсо керек! Машаяктын айкаш жыгачта өлүмү аркылуу берилген Кудайдын силерге болгон сүйүүсү жана Анын кечиримдүүлүгү силердин мурунку, азыркы же келечектеги жашооңордон алда канча жогору. Теңир силерди кечиргенде, Ал силердин күнөөңөрдүн деңгээлине жана кылган ишиңерге болгон силердин сезимиңерге карабайт. Кечиримдүүлүктүн бир гана негизи бар — бул Машаяктын жеке силер үчүн жасаган курмандыгы. Мына ушул нерсени түшүнүү маанилүү. Кудай түбөлүктөн бери биздин күнөө кыларыбызды билген. Ошентип, ал Өзүнүн Уулун, Ыйса Машайакты, адам кейпинде, айкаш жыгачка жиберди. Ошентип, Ыйса биздин бардык күнөөлөрүбүздү Өз мойнубузга алып, алардын ордун толтуруу үчүн чексиз бийликке ээ болду. Айкаш жыгачка көтөрүлүп, Ал: «Аткарылды», — деди, демек, силердин кечиримиңер үчүн керектүү нерселердин бардыгы аткарылды. Колосалыктарга жазган катта (2:13–14) мындай делет: «Кылмыштарыңардын жана денеңердин сүннөткө отургузулбагандыгынын айынан өлүк болгон силерди да Кудай Аны менен бирге тирилтти, биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирди. Ал бизди айыптаган көрсөтмөлөрдөн турган кол жазманы, бизге каршы жазылган кол жазманы, өчүрүп салды. Ал аны алардын арасынан алып, айкаш жыгачка кадоо менен четтетти». Машаяктын кечиримдүүлүгүн кабыл алуу менен, силердин күнөөңөр үчүн Машаяктын айкаш жыгачта өлүмү аркылуу Кудайдын ырайымы жетиштүү экенин бекемдейсиңер. Силер тандай аласыңар: бүгүнкү силердин жаңы жашооңордун биринчи күнү болсун. Силер жыныстык күнөө жолун калтырып, Машаяктын кечиримин кабыл алсаңар болот. Бирок бул үчүн бир нерсе кылыш керек. Матай жазган Жакшы Кабарда (3:8) мындай делет: «Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө…» Силердин жыныстык күнөөңөр үчүн Кудайдын кечиримин толугу менен кабыл алганыңар — бул силердин эски тузактардан мүмкүн болушунча алыс болуу чечимин кабыл алганыңар дегенди билдирет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер силер жыныстык катнашта активдүү болгон болсоңор, анда келечектеги мамилелериңерде ошол эле деңгээлдеги сексуалдык жүрүм-турумга кирип кетүү коркунучу бар. Тобо кылуунун татыктуу жемишин берүү үчүн, күнөөгө кайтып баруудан баш тартуу керек. Балким, бул силер үчүн мындан ары силердин оюңарды согуш майданына айландырган айрым тасмаларды көрбөө, же азгырылып кетпеш үчүн жигитиңер же кызыңар менен жалгыз калбоо, же романтикалуу мамилелерди калтырып, кайрадан сүйлөшө баштаардан мурун узагыраак күтө туруу дегенди билдиреттир. Жыныстык катнаш — бул тандоо, бирок Кудайдын нормаларына ишенимдүүлүктү калыбына келтирүү — бул дагы тандоо жана бизден чечкиндүүлүктү, эмгекти талап кыларын биз силер менен билебиз. 30 ИНТИМДИК МАЗМУНДАГЫ СҮРӨТТӨРҮМДҮ ЖӨНӨТҮҮ — БУЛ ТУУРА ЭМЕСПИ? Акыркы убактарда, өспүрүмдөр бири-бирине ачык сүрөттөрүн өтө көп жиберип жатышат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, АКШдагы өспүрүмдөрдүн кеминде 20 пайызы өздөрүнүн жылаңач же жарым жылаңач сүрөттөрүн жиберишкен [192]. Көпчүлүк өспүрүмдөр жыныстык кат жазышууну жогорку технологиялык флирт деп эсептешет, андан ашык элестетишпейт деле. «Бул жөн гана күнөөсүз көңүл ачуу», — дешет алар. — «Мен кимге жаман кылып жатам?» Бирок бул туура эмес. Көптөгөн жаштар мындай кат алышууларды (башка сексуалдык иш-аракеттер сыяктуу эле) «Азыр ырахаттанып ал, кийин төлөп коёсуң» деген насыя картасын колдонуу сыяктуу кабыл алышат. Бирок кимдир бирөөнүн интимдик сүрөттөрүн жөнөтүүдө же алууда, шектенбей эле койсоңор болот: силерге төлөөгө туура келет жана кыйналасыңар. Мындай сүрөттөрдү жөнөтүүнүн эң көп кездешкен кесепеттеринин бири — бул элдин алдында маскараланып калуу коркунучу. Сурамжылоолорго ылайык, көпчүлүк жигиттер ачык сүрөттөрдү алгандан кийин, аларды башка бирөөгө көрсөтүшөт [193]. Силер сүрөттөрүңөрдү силердин жигитиңер гана көрөт деп үмүттөнүп жибергениңер анык, бирок чындыгында мындай учур сейрек кездешет. Сүрөт жөнөтүлгөндөн кийин, аны кийинчерээк жок кылуу мүмкүн эместигин эске алганда, кесепеттери өтө кайгылуу болуп калышы мүмкүн экендигин унутпоо керек. Көпчүлүк өспүрүмдөр ачык-айкын кат алышууну толук мыйзамдуу деп эсептешет. Бул андай эмес. Чындыгында, бүткүл өлкө боюнча жаштарга коомчулукка жарыяланган интимдик каттарды жана фотосүрөттөрдү бөлүшкөндүгү үчүн олуттуу айыптар тагылууда [194]. 2007-жылы Интернетте уюлдук телефондору менен өздөрүн тарткан сүрөттөр алардын макулдугусуз пайда болгондон кийин, он үч жаштагы эки кызга балдар порнографиясы жана кумарлардын ачык көрүнүшү боюнча айып тагылган. Өздөрүн актап, кыздар алардын иш-аракеттери мыйзамсыз экендигин билбегендиктерин билдиришкенде, райондук прокурор: «Өзүңөр билгениңердей, мыйзамды билбөө эч кимди жоопкерчиликтен бошотпойт» деп жооп бергет [195]. Акыркы бир нече жыл аралыгында, телефон аркылуу интимдик сүрөттөрдү жөнөткөнү жана алгандыгы үчүн көптөгөн өспүрүмдөр сексуалдык кылмышкер катары жоопко тартылышкан. Бир учурда, Пенсильвания штатындагы орто мектептин үч окуучу баласы өздөрүнүн ачык форматтагы сүрөттөрүн төрт классташ балдарына жиберишкен. Жетөө тең балдар порнографиясын жайлытканы үчүн айыпталышкан жана «сексуалдык кылмышкерлер» деген туруктуу атка конушкан [196]. Интимдик сүрөттөрдү жөнөтүү дегеле зыяндуу көңүл ачуу эмес, бул кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш. Мыйзамга ылайык, сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөрдү жөнөтүү порнографияны түзүүгө барабар жана аларды таркатуу порнографиялык өнүмдөрдү сатуу катары каралат. Интимдик сүрөттөрүн жөнөткөндүгү үчүн сот жообуна тартылган жаштар, соттолгондорунун натыйжасында алган уят-сыйытты эч качан жууп кетире алышпайтт. Алар үйлөнүшкөндө, алар баласы менен мектепке, футболдук таймашка бара алышпайтт жана башка үй-бүлөлөрдү сексуалдык укук бузгандыгы үчүн кечки тамакка чакыра алышпайтт. Мунун кесепети өмүр бою алар менен кошо сакталып кала берет — ушунун баардыгы интимдик кат алышуудан улам. Ачык сүрөттөрдү жиберүү мыйзамсыз гана эмес, бул нерсе каргашалуу дагы. 2009-жылы Флорида штатынан болгон студент кыз уюлдук телефону менен түшкөн сүрөттөрү Интернетте анын макулдугусуз жарыялангандан кийин өзүн-өзү асып салган [197]. «Жөнөкөй эл көңүл ачуубу?» Бирок анын кесепетинен адамдар жапа чегип жатышат. Бул экстремалдык мисалдар болушу мүмкүн, бирок ачык сүрөттөрдү жөнөтүүдөн келип чыгышы мүмкүн болгон коркунчутуу кесепеттердин так сүрөттөлүшүн жана ага катышкан эки тараптын тең жапа чегишин чагылдырат. Силер айыпталуучунун отургучуна отуруп калбасаңар дагы, силер жөнөткөн сүрөттөр каалаган убакта ачыкка чыгып калышы мүмкүн жана ал жерде бул сүрөттөр түбөлүккө калат. Аларды келечекте селерге жумуш бере турган адам, же ата-энеңер, келечектеги жубайыңар же келечектеги балдарыңар көрүп калышы мүмкүн. Натыйжада, кимдир бирөө сөзсүз жаракат алат. Забурда (100:3) мындай дейт: «Мен өзүмдүн көз алдыма кереги жок буюмдарды койбойм…» Албетте, жылаңач аял же эркек «кереги жок» нерсе эмес, бирок Теңир бизден никеге чейин денебизди жыңалачтантпай күтүп турушубузду суранат. Ар нерсенин өз убактысы жана орду бар, толук ачыктыктын уюлдук телефонго же Интернетке эч кандай тиешеси жок. Жеке жашооңорго байланыштуу Кудайдын стандарттары силердин уктоочу бөлмөңөрдө эмне болуп жаткандыгы менен эле чектелбейт. Силер денеңердин жашыруун жактарын ачып берген жыныстык мазмундагы сүрөттөрдү силердин жубайыңар болбогон бирөөгө жибергениңердин өзү туура эмес. Эскертүүлөр [192] National Campaign to Prevent Teen and Unplanned Pregnancy, «Sex and Tech: Results from a Survey of Teens and Young Adults» Cosmogirl.com (December 10, 2008). http://www.thenationalcampaign.org [193] National Campaign to Prevent Teen and Unplanned Pregnancy, «Sex and Tech: Results from a Survey of Teens and Young Adults» Cosmogirl.com (December 10, 2008). http://www.thenationalcampaign.org [194] Wikipedia, «Sexting» http://www.en.wikipedia.org/wiki/Sexting. [195] «Sexting Girls Facing Porn Charge Sue D.A» CBSNews.com (March 27, 2009). http://www.cbsnews.com/stories [196] Mike Brunker, «„Sexting“ surprise: Teens face child porn charges» MSNBC.com (January 15, 2009). http://www.msnbc.msn.com [197] Michael Inbar, «„Sexting“ cited in teen’s suicide» MSNBC.com (December 2, 2009). http://www.msnbc.msn.com 31 МЕН КАНТИП КЕЧИРИМ АЛСАМ БОЛОТ ЖАНА АНЫ АЛГАНЫМДЫ КАНТИП СЕЗЕ АЛАМ? Силердин көпчүлүгүңөр жыныстык күнөөнүн аянычтуу кесепеттери менен таанышсыңар. Силер Кудайдын ой-ниетинен тышкары болгон сексуалдык иш-аракеттер алып келген уялууну, күнөөлүү сезимин жана жалгыздыкты башыңардан кечиргенсиңер. Эгер ушул китептеги маалыматтар силерди жүрүм-турумуңарды өзгөртүүгө жана тазалыкка кайтууга ынандырса, анда Кудай силерди кечире алабы деп ойлонушуңар мүмкүн? Кечиримдүүлүк менен келген жан дүйнөңөрдөгү жеңилдикти сезериңерге күмөн санасаңар керек. Сураныч, мындан аркы нерселерди мүмкүн болушунча кылдаттык менен окуп чыксаңар. Силер өзүңөрдү күнөөлүү сезесиңер, анткени чындыгында эле күнөөлүүсүңөр. Римдиктер 3:23тө «адамдардын бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышканы» айтылат. Жогоруда билгенибиздей, никеде болуп өткөн жыныстык иш-аракеттерден башка бардык сексуалдык иш-аракеттер күнөө болуп саналат. Кимде ким бузуку жашоо менен жашап жатса, ал күнөө кетирип жатат, ал эми өзүн-өзү күнөөлүү сезүү бул сөзсүз күнөөнүн артынан келген кесепет болуп саналат. Кудай Сөзүндө кечиримдүүлүккө жол берилип, көп жылдар бою бузуктук кылгандан кийин деле эркиндикке жетүүгө болот деп айтылат. Силер өз күчүңөр менен күнөөнү жеңе албайсыңар, күнөө, өткөндү жок кылып, жүрөгүңөрдү өзүңөр тазалай албайсыңар, бирок аны жасай ала турган Бирөө бар. Биринчи Жаканда (2:1) мындай делет: «Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машайак бар…» Ыйса биз үчүн Анын ысымы үчүн кечирилиши үчүн, Атанын тактысынын алдында турат. Ыйсанын аркасы менен гана гана биз кечирим ала алабыз. Эгерде силерде Ыйса Машайак менен жеке мамилелер жок болсо, анда силердин кечирим жолундагы башталгыч чекитиңер — бул Машаяк менен болгон жашоону өзгөрткөн жеке жолугушуу. Римдиктер 3:23тө «ар бир адам күнөө кетиргени» жазылганы эсиңерде болсо керек. Бул биздин ар бирибизге тиешелүү! Эгер силер Ыйсадан өзүңөрдүн жеке Куткаруучуңар болсун деп сурасаңар, Ал силердин бардык күнөөлөрүңөрдү кечирет. Биринчи кадамды кандай жасасаңар болот? Ушуга окшош кылып тилен: «Теңирим Ыйса Машаяк, Сен мага чындыгында эле керексиң. Мени кечир жана тазала. Дал ушул учурда, мен Сага Теңир жана Куткаруучу катары ишенем. Жашоомдун кожоюну бол, мени ичимен өзгөртө көр. Мен Сага ишене алганым үчүн ыраазымын. Ыйса Машаяктын ысымы менен, оомийин». Өз күнөөңөрдү жана Ыйсанын силерди андан куткаруу үчүн муктаж экениңерди мойнуңарга алганыңарда эмне болот? Ал силерди толугу менен кечирет. Жакандын Биринчи катында (1:9) мындай делет: «Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт». Бул аятта Кудай биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирүүгө даяр жана ошондой кылууга кудуреттүү экени ачык-айкын айтылган. Бул жакта «сексуалдык мүнөздөгү күнөөлөрдөн башка бардык күнөөлөрдү» деп айтылбайт. Жок! Ага туура эмес кылган нерселерибизди алып келгенде, Кудай бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт. Силер: «Ыйса менин кечирилишим үчүн баарын кылганын түшүнөм, бирок мен дагы деле кечирилгенимди сезе албай жатам», — деп айтышыңар мүмкүн. Билесиңерби, ушул учурда силер чындыкты тандашыңар керек. Кудайдын кечиримдүүлүгү жеке силерге тиешеси жок деген калпка ишенбегиле. Дал ушул нерсени шайтан каалайт. Эгер силер Машаяктын жолунда болсоңор, анда чындык мындай: «…Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты…» (Забур 102:12). Кудай силердин жыныстык күнөөңөрдү гана кечирбестен, мыйзамсыздыгыңарды да толугу менен жок кылды. Забурчу Кудай биздин күнөөлөрүбүздү «Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты» деп жазганда, ал чексиздик дегенди билдирген эврей сөзүн колдонот. Жөн гана ойлонуп көрсөңөр. Глобуста Түндүк уюл жана Түштүк уюл бар. Түндүктү көздөй узак убакыт жүрсөңөр болот — качандыр бир кезде силер түштүккө кетип баратканыңарды байкайсыңар. Демек, түштүккө узак убакыт кете берсеңер болот жана качандыр бир кезде түндүктү көздөй кетип жатканыңарды билесиңер. Түштүктөн түндүккө чейинки аралыкты өлчөөгө болот. Бирок Батыш уюл жок болгондой эле, Глобуста Чыгыш уюл жок. Алардын ортосундагы аралыкты өлчөө мүмкүн эмес. Эгер чыгышка карай бет алып кете берсеңер, анда өмүр бою чыгышка кете бересиңер. Батышка карай бет алып кете берсеңер, түбөлүк батышка кете бересиңер. Ыйса силерден бардык күнөөлөрүңөрдү дал ушинтип алып салат, Анын кечиримдүүлүгүнүн тереңдиги мына ушунчалык. Кудайдын силер жөнүндө буга чейин жазганына ишенип, эркиндикте жашасаңар болот. Кудай силерди кечиргиси келет. Ыйса айкаш жыгачта өлгөндө эле, күнөөңөрдүн кунун төлөп койгон. Андан кечирим сурагыла, ошондо Ал силерди толугу менен тазалайт. 32 БУЛ АДАМ МЕНИ СҮЙӨРҮН КАНТИП БИЛСЕМ БОЛОТ? Чыныгы сүйүүнү таануу үчүн колдоно турган эки критерийди сунуш кылам. Биринчиден, ата-энеңер менен жакшы, ишенимдүү мамиледе болсоңор, алар менен романтикалык мамилеңер жөнүндө сүйлөшкүлө. Ата-энеңер, айрыкча атаңар, силердин love-story эмнеге алып барарын силерден мурун жакшы түшүнүшөт. Камкор ата-энелер балдары тандаган адамдар балдарына кандай мамиле кылышарын жүрөктөрү менен сезишет. Баары эле ата-энесине жакын эмес экендигин түшүнөм. Абдан жана абдан өкүнүчтүү! Мен ар бир баланын ынтымактуу жана мээримдүү үй-бүлөдө чоноюшун каалайт элем. Бул учурда өспүрүмдөрдүн жыныстык кырдаалы кандай гана башкача болмок! Эгер ата-энеңерден мамилеңер жөнүндө кеңеш сурай албасаңар, анда чыныгы сүйүүгө жолуккан-жолукпаганыңарды билүүнүн дагы бир жолу — бул Ыйык Жазууга кайрылуу. Жаңы Келишимде, 1 Корунттуктардын 13-бөлүмүндө, машаякчылар сүйүү жөнүндө сүйлөшө баштаганда, ар дайым эске келе турган аяттар бар. Алар бизге чыныгы сүйүүнүн үлгүсүн көрсөтүшөт. Аларда мамиледе эмнени карашыбыз керектиги жөнүндө айкын жазылган. Экинчи жарымыбыз менен жолуккан-жолукпаганыбызды билиш үчүн жөн гана сезимдерибизге таянгандын ордуна бул Жазуудагы аяттар бизге чыныгы сүйүү, биздин иш-аракеттерибизге жана сезимдерибизге баа бере турган стандарт деген эмне экендигин көрсөтөт. 4–7-аяттарды окусак: Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт, адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт, адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат, баарын жаап коөт, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт. Бул үзүндүнү кантип иш жүзүндө колдонсок болот? Эгерде силер кимдир бирөө менен сүйлөшүп жүрсөңөр, сүйүүнүн ордуна анын атын коюуга аракет кылгыла. Мисалы, Андреа Мэтт менен мамилеси бар болсо, ал мындай деп жазышы мүмкүн: Мэтт чыдамдуу Мэтт боорукер, Мэтт көрө албастык кылбайт, Мэтт мактанбайт, Мэтт текеберденбейт, Мэтт адепсиздик кылбайт… ж.б. Эми өзүңөр коюштургандай кылып кайрадан окуп чыккыла. Сүрөттөмө канчалык туура чыкты? Эгер силер жана силердин өнөктөшүңөр никеге чейин жыныстык катнашта болсоңор, анда бул туура эмес болот, анткени Кудайдын чегинен тышкары жыныстык катнашта болуу чыдамдуулук да, боорукерлик да эмес. Анын негизинде өзүмчүл максаттар жатат. Эгерде силердин өнөктөшүңөр ушул үзүндүдө келтирилген сапаттарга жооп берсе, анда силер чындыгында бири-бириңерге болгон сүйүүнү жана назик камкордукка толгон мамилени өрчүтө аласыңар. Бирок чыныгы сүйүүнүн сыры «туура» адамга жолугууда эмес. Эң башкысы — өзүңөр ушундай адам болушуңар керек. Силердин өнөктөшүңөр канчалык сонун адам болбосун, зарыл болгон нерсенин бардыгын ал жалгыз өзү жасайт жана силердин катышууңарсыз көп жылдар бою сүйүүнү өзү курат деп күтүү акылга сыйбайт. Кимдир бирөөгө чыныгы сүйүүнү сунуштоого даяр экениңерди кантип билсе болот? Жогорудагы үзүндүгө өз атыңарды коюп көргүлө. Силер чыдамкайсыңарбы? Силер боорукерсиңерби? Же кызганып, ачууланып бат эле өзүңөрдөн чыгып кетесиңерби? Силердин иш-аракеттериңер жана ойлоруңар өнөктөшүңөрдүн жыргалчылыгына багытталганбы? Анын бактысын жана жыргалчылыгын өз бактыңардан жогору коюуга даярсыңарбы? Болбосо, чыныгы сүйүүнүн жүрөгүңөрдө бышып жетилишине дагы бир аз убакыт талап кылынат. Келгиле, 4-суроонун жообундагы сүйүүнүн сүрөттөмөсүнө кайтып келебиз. Кудай Сөзүндө бул түшүнүктүн эң жөнөкөй аныктамасы берилген, ал «коргоо жана кам көрүү» дегенди билдирет. Чыныгы сүйүү бардык учурларда, сүйгөн адамы үчүн жакшылыкты гана издейт. Коргоо жана кам көрүү — анын туруктуу умтула турган нерселери. Чыныгы сүйүүнү жолуктурганыңарды же жолуктурбаганыңарды мына минтип билсе болот. Силердин өнөктөшүңөр силердин жыргалчылыгыңарга кам көрүү, жүрөгүңөрдү оорудан сактоо үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабы? Силер дагы ал үчүн ошондой кылып жатасыңарбы? Эгер андай болбосо, анда шашылбагыла, адегенде Кудай силерге чындап сүйүүнү үйрөтүшүн жана өзүңөр да Кудай белгилеген убакта келе турган чыныгы сүйүүңөрдү күткүлө. 33 КУДАЙДЫН ЭРКИН КАНТИП БИЛСЕМ БОЛОТ? Романтикалык мамилелер жөнүндө сөз болгондо, Кудайдын эрки бул тууралуу Ыйык Китепте ачык-айкын айтылган. Биринчи Тесалоникалыктарга жазган катта (4:1) Пабыл Тесалоникадагы ишенгендерге мындай деп жазган: «…Бир туугандар, Кудайга жагуу үчүн кандай жашаш керек экендигин бизден үйрөндүңөр. Мындан ары да бул нерседе ийгиликке жетишиңерди Теңирибиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранабыз…». Ал Кудайга кантип жакса боло турганы жөнүндө айтып, андан кийин окурмандарын шыктандырып мактайт: «Жигиттер, силер буга чейин эле муну жасап жаткансыңар! Силер Кудайдын эркин аткарууда уламдан-улам жакшырып жатасыңар». 2-жана 3-аяттарда ал мындай деп улантат: «…Силерге Теңирибиз Ыйсанын атынан кандай осуяттарды бергенибизди билесиңер. Кудайдын каалоосу — силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула…» Пабыл бул жерде кандай осуят берген? Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан алыс болууу. Эмне үчүн? «Анткени бул Кудайдын эрки». Бул үзүндүдө, балким, мезгил-мезгили менен же кандайдыр бир жагдайларда, өзүңөрдү бузуктукка алдырбашыңарда Кудайдын эрки бар экени айтылган эмес. Жок! Жыныстык жактан тазалык — бул биздин жашообузга болгон Кудайдын эрки. Бирок эмне үчүн? Биздин ыйыкталышыбыз, тазалануубуз үчүн, бизге пайда болуш үчүн. Силер Кудайга жагууну каалайсыңарбы? Ойноштуктан алыс болгула. Анын эркин билгиңер келеби? Ойноштуктан алыс болгула. Ал бизге Анын баталарын алышыбыз үчүн, Өзүнүн эркин ачып берди. Кудай Өз Сөзүндө: «Мен силерди сүйөм», — деди, бул болсо, «Мен силерди коргоп, силер үчүн кам көргүм келет дегенди билдирет. Ошондуктан күткүлө!» Романтикалуу мамилелерден тышкары, жашооңордун башка тармактарында дагы Кудайдын эркин кантип биле аласыңар? Ал нерсе силер Ыйык Рухка толушуңарда камтылган. Эфестиктерге жазылган кат 5:18де мындай делет: «Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула…» Бул аят бизди канааттануу үчүн жасалма булактарга ишенбөөгө үндөйт. Тескерисинче, мунун ордуна биз Ыйык Рухтун биздин жашообузга табияттан тыш таасир этишине жана бизди ичибизден өзгөртүшүнө жол беришибиз керек. Биз Анын Рухуна толуп, Рухтун жетеги астында жашашыбыз Кудайдын эрки. Биринчи Жакан 5:14–15те мындай деп жазылган: «Анын алдында кандай кайраттуулукка ээбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат. Эмнени сурасак да, Ал бизди угарын билсек, Андан сураганыбызды аларыбызды да билебиз». Кандай гана убада! Кудайдан Анын ниетине кирген бир нерсени сурасак, ал аны сөзсүз бизге берет! Кудай биздин Анын Рухуна толушубузду каалайт. Ал бизге барган сайын Ага көбүрөөк окшош болууну үйрөтүүнү каалайт. Ал бизге жеке жашообузда бийлик бергиси келет, ошондо биз ылайыктуу убакытты күтүп, жолдошубуз (жубайыбыз) менен чогуу ал белекти ачабыз. Анын эркине ылайык жашоо менен, биз Ага ишенсек болот: Ал убадаларына бек туруп, бизге баталарын жиберет. Бирок Ал силерге ишенсе болобу? 34 КАНТИП МЕН «ЖОК» ДЕП АЙТА АЛАМ? Дүйнө силерди никеден тышкары жакын мамиледе болууга мажбурлайт. Үлпөт тоюна чейин өзүңөрдү таза сактаганга берген убадаңар үчүн, силер курбу-курдаштарыңардын жана ММКнын басымына каршы туруштук бере аласыңар. Тазалыкты сактоо мүмкүн — бирок бул өзүнөн-өзү болбойт. Туура жолдо жүрүү үчүн колуңарда терең ойлонулган стратегия болушу керек. Бул жерде көптөгөн адамдарга жардам берген он бир ыкма бар [198]. 1. СИЛЕРГЕ БАШКА АДАМДЫН АЛДЫНДА ОТЧЕТ БЕРҮҮ ТУТУМУ КЕРЕК Жыныстык катнашка болгон ишенимиңерди тең бөлүшкөн адамдарды тапкыла жана алар менен жетиштүү убакыт өткөргүлө. Тазалыкка болгон умтулуу чыныгы күрөш болушу мүмкүн. Бул согушка жалгыз барбагыла. Силерди ишенимдүү досторуңардан артык эч ким коргой албайт. Насаатчы китебинде (4:9–10) мындай делет: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат. Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы». Достук жардамын издегениңерди эч качан токтотпогула. Түз суроолорду берүүгө даяр досторуңарды, жаштар кайтаруучусун, мугалимдерди жана акылман кишилерди камтыган колдоо тутумун түзгүлө. Чек араларды белгилөөгө жана силер менен тазалыктын жолунда жүрүүгө жардам бере турган адамдардын жанында болгула. 2. СИЛЕРГЕ КЕРЕК БОЛУП КАЛГАНГА ЧЕЙИН ЭЛЕ, ТАК ЧЕКТЕРДИ КОЮП КОЙГУЛА Силердин денеңер жыныстык ойлорду жана сезимдерди дароо эле токтото албайт, ал башкача уюштурулган. Денеңер ишенимдүү үй-бүлөлүк мамилелердин контекстинде жакындык издөө үчүн жаратылган. Эгерде силер денеңерге бирөөнүн тийишине шарт түзө турган жагдайга туш болуп калсаңар же акыл-эсиңерди жыныстык сүрөттөргө бурууга мүмкүнчүлүк берсеңер, анда силеге өзүңөрдү жеңип алуу өтө кыйын болот. Андыктан, так эмнеге барууга даяр экениңерди жана белгилүү бир шарттарда өзүңөрдү кандай алып жүрөөрүңөрдү алдын ала чечип алганыңар оң болот. Мисалы, порнография көрүү азгырыгынан алыс болуу үчүн, жалпы бөлмөдөгү компьютерде гана отуруп, жакындарыңардын курчоосунда боло турганыңарды өзүңөр үчүн чечкиле. Сүйүктүү жигитиңерге же сүйлөшкөн кызыңарга өтө жакын болуп кетпөө үчүн, белгилүү бир чектерди койгула. Ал чектерге ылайык силер аны менен жалгыз унаада, ээн үйдө же адеп-ахлак нормаларыңарга шек келтире турган башка жерлерде эч качан болбошуңар керек. 3. ЧЕЧИМИҢЕРДИ ЖАЗГЫЛА Никеге чейин жыныстык катнаштан баш тартуу чечимиңерди жазгыла. Акылыңар жүрөгүңөрдү коргой алышы үчүн, өз чечимиңерди кагазга түшүрүүгө убактыңарды аябай бөлгүлө. Кимдир бирөө менен романтикалык мамиле түзүүдө, убакыт бөлүп, өнөктөшүңөр менен боло турган жакын мамиленин чегин жазып алгыла. Милдеттерди колуңар менен, кагазга өз колуңар менен жазганыңарда, аны өз көзүңөр менен көргөндө — мына ушунда чыныгы күч бар. 4. КУДАЙДАН ЖАРДАМ СУРАГЫЛА Балким, силер Кудайга жагууну каалап, кынтыксыз жолду тандагандырсыңар, бирок бул нерсени силер Аны менен талкууладыңар беле? Ага сыйынууда кайрылып, өзүңөрдү сактап калууга жардам беришин сурадыңар беле? Мен силерге мындай деп сыйынууну сунуштайм: «Ыйса, мен Сенин жардамыңа муктажмын. Мен бул нерсеге жалгыз туруштук бере албайм. Мага Сенин күчүң керек, мени аны менен толтур жана жыныстык тазалыгымды сактоого жардам бер». Элчи Пабыл: «…мен алсыз болгондо күчтүүмүн» деп айткан» (2 Кор. 12:10). Кудай силерге керектүү күчтү бере алат. Андан бул тууралуу сурагыла! 5. РОМАНТИКАГА ШАШЫЛБАГЫЛА Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эрте таанышуу менен эрте жыныстык мамилелердин ортосунда терең байланыш бар. Жолугушуу түгөйлөрдү физикалык жана эмоционалдык жактан жакындатат. Ынактык денедеги байланышка алып келет, бул мээримди жана өз ара жыныстык тартылууну көбөйткөн гормондордун чыгышын шарттайт. Өспүрүмдөр канчалык эртерээк жолугушууларга бара башташса, ошончолук алардын жыныстык жактан активдүү болуу божомолу жогору. Мисалы, он эки жашында сүйлөшө баштаган өспүрүмдөрдүн 91 пайызы мектепти бүтө электе эле жыныстык катнашка барып башташат. Он беш жашында жолугушууларга барып баштагандардын 40 пайызы мектепте (кыздыгын) тазалыгын жоготот. 16 жашка чейин күткөндөрдүн 20 пайызы гана аттестатын алгычакты эле жыныстык катнашка барышат [199]. Романтика менен шашпагандарга жыныстык катнаш менен шашпаганга жеңилирээк болот. 6. СИЛЕРДИН БААЛУУЛУКТАРЫҢАРДЫ ТЕҢ БӨЛҮШПӨГӨН АДАМ МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗБӨГҮЛӨ «Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» (2 Кор. 6:14). Бул аят бизди ишенимибизге ортоктош болбогон адам менен жашообузду байланыштырбоо жөнүндө эскертет. Эгер өнөктөшүңөр ишенимдүү машаякчы болбосо жана Кудайдын нормаларын, анын ичинде жыныстык катнашка байланыштуу Анын стандарттарын сактоого умтулбаса, анда өзүңөрдү таза сактоо силер үчүн оор, дээрлик эң оор иш болот. Эгер чындыгында Кудай алдындагы милдетиңерди аткаргыңар келсе, анда силер карманган жашоо принциптериңерди сактаган адамдар менен гана жолугушууну чечкиле. 7. ӨЗ БААЛУУЛАРЫКТАРЫҢАР ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРГИЛЕ Сүйлөшүп баштаган адамыңар силердин ишенимиңер менен тең бөлүшөрүн кантип билсе болот? Жөн гана андан бул тууралуу сурап көргүлө! Өзүңөрдүн баалуулуктарыңар, айрыкча жыныстык катнашка жана мамилелерге карата баалуулуктарыңар тууралуу айтып берүүдө чынчыл болгула. Эгерде силер бул маселени алдын ала талкуулап албасаңар, анда мамилеңер тереңдеген сайын, бул жөнүндө сүйлөшүү ошончолук кыйын болот. 8. БАРДЫГЫН АЛДЫН АЛА ПЛАНДАШТЫРГЫЛА Ар бир жолугушууну алдын-ала ойлонуп чыккыла: чогуу кайда барасыңар, эмне менен алектенесиңер, силер менен дагы ким болот. Белгилүү бир планыңар жок болсо, өзүңөр каалагандай жашоо менен силер оңой эле кыйынчылыктарга туш болуп каласыңар. 9. СИЛЕРГЕ ЖАККАН АДАМЫҢАРДЫ АТА-ЭНЕҢЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫРГЫЛА Эсиңерде болсо, 32-суроого жооп берип жатып, туура романтикалуу мамилелердин маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири — бул ата-эненин макулдугу деп айткан элем. Силердин апаңар менен атаңар жигитиңер же сүйлөшкөн кызыңар менен сүйлөшүп көрүшсүн. Мамилеңердин алгачкы баскычында ата-энеңер катышкан «эки түгөйлүк жолугушууга» барууну ойлонуп көргүлө. Силерди алар сыяктуу жакшы билген адамдар аз. Аларды силердин жеке жашооңорго киргизгиле, бул кошумча тышкы көзөмөлдү камсыз кылат жана сүйлөшүп жаткан адамыңар силерге тазалыгыңарды сактаганга уруксат берүүгө даяр же даяр эмес экендигин аныктоого жардам берет. Жубайым Дотти экөөбүз балдарыбыздын бири жана алардын «экинчи жарымдары» менен «кош жолугушууларга» барганды жакшы көрчүбүз. Ошол мезгилдерди биз дагы деле болсо кубаныч менен эстейбиз жана алар да кубаныч менен эстешет! 10. ИЧКИЛИКТЕН ЖАНА БАҢГИЗАТТАРДАН АЛЫС БОЛГУЛА Жакында жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн жыйынтыгында, мектеп окуучуларынын 23 пайызы акыркы жолу жыныстык катнашка барганда баңги заттын же алкоголдук ичимдиктин таасири астында болушкандыгы аныкталган. Андан да коркунучтуусу, сурамжылоого катышкан өспүрүмдөрдүн төрттөн бири ушундай эле жакындашуудан соо болушса, баш тартышмак экендиктерин айтышкан [200]. Көпчүлүк өспүрүмдөр биринчи жыныстык катнашта болгон учурда алкоголдук ичимдик ичкендиктерин билдиришке [201]. Дүүлүктүрүүчү уулуу заттарды кыянаттык менен колдонуу логикалык чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде жыныстык жүрүм-турум жөнүндө ой жүгүртүүнү төмөндөтө тургандыгын бардыгы билишет. Эгер никеге чейин өзүңөрдү таза сактагыңар келсе жана төшөктө эксперимент жүргүзүү тобокелдигинен алыс болгуңар келсе, анда баңгизатты жана ичимдикти пайдалануудан качкыла. 11. ӨЗ КӨЗҮҢӨРДҮ САКТАГЫЛА Теңирдин Сөзү бизге биз эмне жөнүндө ойлосок, биз ошол экенибизди билдирет. Накыл сөздөр китебинде (23:7): «…анын жүрөгүндөгү ойлору кандай болсо, өзү да ошондой…» деп айтылат. Эмне жөнүндө ойлосоңор, ал силердин иш-аракеттериңерге, акыры, силердин ким болуп калышыңарга таасир этет деп айталы. Этият болгула: заманбап ММК жыныстык катнаштын жасалма жагымдуу образын жаратат. Силерди калптарга негизделген Интернеттеги жыныстык катнаштын адеп-ахлаксыз сүрөттөрүн камтыган телекөрсөтүүлөр, видеотасмалар, тасмалар жана макалалар сөзсүз түрдө силерге таасир эте турганынан ишенип койгула. Байкасаңар, мен: «Эч качан мындан ары киного барбагыла, сыналгыңарды күйгүзбөгүлө, Интернетке убакыт коротпогула» деп айткан жокмун. Ыйык Жазуу ММК өзү күнөөкөр деп ырастабайт. Мен силерди жөн гана кыраакы болууга үндөп жатам. Өз акыл-эсиңерди тазалыкка умтулууңарга тоскоол болгон бардык нерселерден коргогула. «Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула» (Флп. 4:8). Башкача айтканда, биз өзүбүздүн эркибиздин күчү менен өз баалуулуктарыбызды, ишенимдерибизди коргой турган нерсеге багытташыбыз керек. Тандоо бизден! Эскертүүлөр [198] McIlhaney and Bush, Hooked, 121–23. [199] Institute for Youth Development, Benefits of Delaying Sexual Debut. [200] McIlhaney and Bus, Hooked. [201] Kaiser Family Foundation, «Teen Sexual Activity». 35 КАНЧАЛЫК АЛЫСКА КИРСЕМ БОЛОТ? Эгер Ыйык Китепте: «Эрежелерди бузбастан, ушул сызыкка жетсеңер болот», — деп так аныкталса, тазалыкты сактоо алда канча жеңилирээк болот деп ойлонуп көрдүңөр беле? Эгерде Теңир ачык-айкын чектерди койсо, адамдар өздөрүн кантип алып жүрүү керектигин жакшыраак түшүнүшмөк деп ойлобойсуңарбы? «Денелик» нерселер жөнүндө сөз болуп жатканда, катуу эрежелер жакшы идеядай сезилет, бирок алар бизди азгырыктардан куткарат деп толук ишенбейм. Эгер Кудай дененин алгылыктуу нерсесин кабыл алгыс нерседен бөлүп турган сызык сызып койсо, адамдар түздөн-түз ага чуркап барып, андан кийин аны бир аз арыраак жылдырышмак. Күнөө кылуу жана бийликке каршы туруу биздин адамдык табиятыбыз. Эгерде Ыйык Китепте бизге бир нече эрежелер берилген болсо, анда көпчүлүк аларды айланып кете турган ылайыктуу жолду издешмек. Акылман Кудай «никеге чейинки жүрүм-турум мыйзамдарынын тизмесин» берген эмес. Ал бизге өзүнүн Сөзүндөгү сүйүү мамилелерибизге ар дайым колдоно турган принциптерди сунуштоо менен мындан да жакшыраак иш жасады. Аларды тазалыкка жетүү жолундагы баскычтар катары карап чыга аласыңар. Эгер сүйлөшүү учурунда физикалык жакындык деңгээлиңер ушул принциптерди карманууга мүмкүндүк берсе, анда силердин чек араларыңар туура белгиленген. Эгер ал алардын бирин эле бузса, бир аз артка чегинип, дагы бир жолу силер койгон чектерди олуттуу карап чыккыла. «ЭМНЕ УШУНДАЙ БОЛСО…» ПРИНЦИБИ Филипиликтерге жазган катта (4:8) мындай деп айтылган: «Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула». Кыйынчылыкка кабылбоо үчүн канчалык алыска бараарыңарды эмес, туура жана чынчыл ойлонуу үчүн эмне кылсаңар болот деп өзүңөрдөн сурагыла. Силер кол кармашып, бийик жана асыл нерселер жөнүндө ойлоно аласыңарбы? Балким. Силер кучакташып жатып, таза ойлорго жетеленип кете аласыңарбы? Болушу мүмкүн. Өбүшүү жөнүндөчү, эмне деп айтууга болот? Сылашып-сыйпалашуу тууралуучу? Оралдык жыныстык катнаш жөнүндөчү? Албетте, артка кайтпаган өзгөчө бир пункт бар экендиги анык, андан кийин акылыңар таза жана асыл ойлорду четке кагып, ач көздүк менен физикалык жакындыкты эңсей баштайт. Силердин чек араңар — ойлоруңар жаман нерсеге өтүп кетиши мүмкүн болгон жерде деп ойлобогула. Асман Падышалыгына болгон көңүлүңөрдү жоготпостон, канчалык алыска бараарыңарды алдын ала чечип алганыңар оң. Баса, бул ата-энеңер, жаштардын кайтаруучусу же силер чындап ишенген башка улуулар менен талкуулоо үчүн сонун тема болуп берет. ЭЧ КАНДАЙ «КЫЙЫТМАЛАРСЫЗ» Эфестиктерге жазылган катта (5:3) мындай делет: «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт». Кудайдын Сөзү бизди так ошол чекке жакындашыбызды таптакыр сунуш кылган жок. Тескерисинче: бул аятта жыныстык күнөөгө ойлоп дагы койбоону сунуш кылат. Силер сүйгөн кызыңар менен диванда бир нече саат бою өбүшүү менен ойноштук жөнүндө кыйытып ойлоп жаткан жоксуңарбы? Же бири-бириңерди узак убакытка чейин кучактап, ажырашып жатканда болсо, барган сайын жакындыкты көбүрөөк көксөгөнүңөрдө ойноштук тууралуу кыйытып ойлоп жаткан жоксуңарбы? Же кийими аркылуу болсо деле интимдик жактарга тийип кетүү аркылуу ойноштук тууралуу кыйытып ойлоп жаткан жоксуңарбы? Жыныстык катнашка ишарат кылуу менен, силер ансыз деле чектен чыгып жатасыңар. «КУМАР ОТУН КҮЙГҮЗБӨӨ» принциби Эгер силердин максатыңар — тазалыкты сактоо болсо, эч качан башка адамда «аягына чейин баруу» каалоосун жалындатпоо милдеттенмесин алыңыз. «Мен өз иш-аракеттерим менен өнөктөшүмдү дагы да көбүрөөк бир нерсени көксөөгө мажбур кылып жаткан жокмунбу?» деп ар дайым өзүңөрдөн сурап тургула? Буга силер жолугушуулар учурунда чогуу көргөн нерселериңер (кинолор, видеолор, телешоулар), чогуу жасаган иштериңер, бири-бириңерге кандайча тийгениңер… Дээрлик бардыгы кирет! Жүрүм-турумуңар менен жигитиңердин/ сүйлөшкөн кызыңардын жан дүйнөсүндө кумар отун тутандырбагыла. Айрымдар үчүн коштошуп жатып бетинен өөп коюу күнөөсүз нерсе катары кабыл алынса; башкалары үчүн бул өбүү аларды күйгүзүп, ал тургай чегине чейин «жетелеп» кетиши мүмкүн. Ушул саналып өткөн үч принциптин бардыгынын тең жалпылыктары бар. Библия бизди: «Канчалыкка чейин барсам болот?» — деген суроонун ордуна, «Кийинчерээк нике төшөгүндө Кудайдын белегинен ыракат алуу үчүн, никеге чейин эмнени кечиктирсем жана эмнени кое турсам болот?» деп сураганга бизди үйрөтөт. 36 МЕНИ КОМПРОМИССКЕ БАРУУНУ МАЖБУРЛАГАНДАРГА ЭМНЕ ДЕП АЙТА АЛАМ? Бул жерде никеге чейин күтүүнүн кереги жок дегендерге ылайыктуу жооптордун тизмеси келтирилген. Кимдир бирөө силерге Кудайдын ой-ниетинин чегинен чыккан жыныстык катнаш — бул актанса боло турган тобокелдик деп жалган айтууга аракет кылган сайын, ушул жоопторду колдонгула. «АЙЛАНАДАГЫЛАРДЫН БАРДЫГЫ ЭЛЕ МУНУ МЕНЕН АЛЕКТЕНИП ЖАТАТ ГО!» «Демек, менден башка бирөөнү табуу кыйын болбойт». «ЭГЕР СЕН МЕНИ СҮЙСӨҢ, АНДА МАКУЛ БОЛОТ ЭЛЕҢ!» «Эгер сен мени чындап сүйсөң, анда никеден тышкары жыныстык катнаш менен алектенүүгө мени мажбурлабайт элең. Анткени, мени сактап, мага кам көрмөксүң». «КЕЛ ЭМИ, СЕНИ ЭРКЕК КЫЛГАНГА МАГА УРУКСАТ БЕЧИ!» «Кызык, мунун буга кандай тиешеси бар? Менин итим жыныстык катнаш менен көп алектенет. Бул аны ит болбой калуусуна жана андан дагы эркекке айлануусуна жардам бербейт». «БУЛ НИКЕ КЕЛИШИМ КАГАЗЫ САГА МЫНЧАЛЫК ЭМНЕ КЕРЕК БОЛДУ! БУЛ ЖӨН ЭЛЕ КАГАЗ ГО!» “Эгерде нике келишим кагазы сен үчүн — жөн эле кагаз болсо, анда үлпөт тоюнан кийин деле ал сен үчүн ошондой бойдон калат. «КОЙЧУ АЙ, НИКЕ ШАКЕГИНИН САГА ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР — БУЛ ЖӨН ГАНА МЕТАЛЛДЫН БӨЛҮКЧӨСҮ ГО!» «Туура эмес. Бул өмүр бою бир адамга ишенимдүүлүктүн жана берилгендиктин белгиси. Эгер нике шакеги азыр сиз үчүн эч нерсени билдирбесе, анда үйлөнгөндөн кийин эч нерсе өзгөрбөйт». «ЭКӨӨБҮЗ БИРИ-БИРИБИЗГЕ ЫЛАЙЫК КЕЛЕ ТУРГАНЫБЫЗГА ИШЕНИМИБИЗДИ БЕКЕМДЕШИБИЗ КЕРЕК ДА!» «Сен сантехника жөнүндө айтып жаткандайсың. Физикалык шайкештик — бул көйгөй эмес. Эң негизгиси — бул мамилелер». «ЭЧ КИМ ТАЖРЫЙБАСЫ ЖОК КЫЗГА ҮЙЛӨНГҮСҮ КЕЛБЕЙТ!» «СЕН КАНДАЙ ЧОҢ НЕРСЕДЕН КУР КАЛЫП ЖАТКАНЫҢДЫ ЭЛЕСТЕТЕ ДА АЛБАЙСЫҢ!» «Мен гана эмес; сен дагы». «БИРОК МЕН МЫНДАН АРЫ ӨЗҮМДҮ КАРМАЙ АЛБАЙМ!» «Мага мындай өзүн кармай албаган адамдын эмне кереги бар? Сен үйлөнгөндөн кийин деле, эгерде сени туура эмес жолго азгырышса, өзүңдү башкара албайсың. Мен өзүм үчүн мындай жашоону каалабайм». «БААРЫ КАЙСЫ БИР КЕЗДЕ БОЛОТ» «Жыныстык катнаш — бул кокустук эмес. Бизде ар дайым тандоо мүмкүнчүлүгүбүз бар». «ЖЕТИЛГЕНИҢДИ ДАЛИЛДЕЧИ!» «Жок, жыныстык катнаш — бул далил эмес. Чоң, жетилген адам — ​​бул өзү үчүн эмне туура, эмне туура эместигин өзү чечкен жана принциптери өзгөртпөгөн адам. Бойго жеткен адам биринчи кезекте мыкты мүнөзү менен айырмаланып турат». «БАШ ТАРТЫП ЖАТСАҢ, ДЕМЕК, СЕН МЕНИ СҮЙБӨЙСҮҢ». «Сенин сөздөрүңө караганда, мени сүйбөгөн сенсиң жана дагы мени сыйлабайсың». «ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ ДЕГЕН СОНУН ДА!» «Ананчы! Бирок үйлөнгөндөн кийин деле андан кем калбай сонун болуп калат. Мен бул нерсе аны күтүүгө татыктуу деп ойлойм». 37 ПОРНОГРАФИЯ МЕНИН ЖЕКЕ ЖАШООМО КАНТИП ТААСИР ЭТЕТ? Бул жөнүндө сүйлөшүүдөн мурун, порнография деген эмне экендигин түшүнүшүбүз керек. Сөздүктө порнография «жыныстык толкунданууну пайда кылуу максатында эротикалык жүрүм-турумдун сүрөттөлүшү (сүрөттөр же текст түрүндө)» деп аныкталат [202]. Бул тема көтөрүлгөндө, көпчүлүк адамдар дароо X рейтингдүү веб-сайттар же жылаңач денелерди камтыган «жылаңач» журналдар жөнүндө ойлонушат — албетте, бул порнография. Бирок сөздүктөгү макалага ылайык, телекөрсөтүүлөрдү же элестүү жыныстык көрүнүштөрү бар тасмаларды, журналдарда же жарнак такталарында биздин көңүлүбүздү козгогудай кылып тартылган сүрөттөрдү көргөндө, атүгүл окуп жатканда, сексуалдык азгырык окуялары сүрөттөгөн көрүнүштөрдү китептен кездештиргенде, ал аркылуу биз анын таасирине кабылабыз. Порнография биздин маданиятта өтө кеңири тараган. Эгер билгиңер келсе, бул 13,3 миллиард доллар бюджети бар бүтүндөй тармак [203]. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 40 миллион бойго жеткен адамдар порно сайттарды такай колдонушат. Бул бейсболду такай көргөн көрүүчүлөрдүн санынан он эсе көп [204]. Интернетте кеминде 40,000 порно сайттар катталган [205]. Бардык Веб-баракчалардын 60 пайыздан ашыгы кандайдыр бир жол менен жыныстык катнаш темасына байланыштуу [206] жана ал издөө суроолорунун арасында биринчи орунда турат [207], демек, порнографиянын таасири абдан кеңири жайылган. Колдонуучулардын арасында аялдар менен өспүрүмдөрдүн үлүшү тынымсыз өсүүдө. Орто эсеп менен ай сайын 18ден 24 жашка чейинки жаштардын 70 пайызы порнографиялык веб-сайтка киришет. Интернеттен алгач порно видеону көргөн өспүрүмдүн орточо жашы 11 жаш [208]. Мындан тышкары, орточо өспүрүм күнүнө орто эсеп менен үч сааттан, негизинен кечинде, сексуалдык контенттин пайызы эң жогору болгон мезгилде телекөрсөтүү көрөт [209]. Аялдарга келсек, алар порного көз каранды адамдардын 35% түзөт [210]. Порнография америкалыктардын эң сүйүктүү оюн-зоокторунун бири болуп калган мезгилде жашап жатканыңарда, бул жерде эч кандай өзгөчө нерсе жок деп ойлойсуңар. Өзүңөргө: «Бул эч кимге жамандык алып келбейт», же: «Мен жөн гана тамаша үчүн көрүп жатам», же: «Кийинчерээк муну таштайм» деп айтышыңар мүмкүн. Билесиңерби, көптөгөн жаштар үйлөнүү тоюна чейин гана порнография көрөбүз жана андан кийин чыныгы жыныстык катнашта болгондо көргөндөрүбүздү унутабыз деп актанышат. Бирок, чындыгында, бул нерсе таптакыр туура эмес болуп жатат. 7-суроонун жообунда сексуалдык тажрыйба силердин мээңерге кандай таасир этерин изилдегенибиз эсиңердеби? Порнография сексуалдык жактан стимулдаштыруу максатында атайын иштелип чыккан. Кинодогу ачык көрүнүштү көргөндө, же интернеттеги сексуалдык сүрөттөрдү карасаңар, чыныгы өнөктөш менен жакын мамиледе болгондой эле, мээңерде ошол эле нейрохимиялык реакциялар пайда болот. Денеңерге дофаминдин олуттуу дозасы — бакыт гормону түшөт, мээни окситоцин жана вазопрессин агымы жууйт, алар супер клей сыяктуу иштешет жана силерди тандап алган адамыңар мененал виртуалдык болсо дагы байланыштырат. Кудайдын ой-ниетине ылайык, силерди никелик түгөйүңөр «дүүлүктүрүш» керек. Порнографиялык сүрөттөмөлөрдү стимулдаштыруу үчүн колдонуу менен, силер аларга байланып каласыңар. Чындыгында бир нече өнөктөштөр менен жыныстык катнашта болбосоңор дагы, мээңер силердин жыныстык катнаш менен алектенип жатышыңарга толук ишенет. Мындан тышкары, порнография сезим органдарына күчтүү таасир этет, натыйжада бул сүрөттөр мээ клеткаларында сактаган норэпинефрин эстутум гормону бөлүнүп чыгарат. Натыйжада, алар силерди нике төшөгүндө да калтырбайт. Башкача айтканда, мээнин порнографияга болгон мамилеси жолдошуңар (жубайыңар) менен чындап байланышуу мүмкүнчүлүгүн бузушу мүмкүн. Порнографияны көрүү дофаминдин олуттуу дозасын камсыз кылгандыктан, ал көңүлдүү жана көз каранды нерседей кабыл алына баштайт. Тойдон кийин жан шеригиңер менен тыгыз байланышта болгуңар келсе, качандыр бир кездерде — үйлөнгөнгө чейин порнографияга кабылган мээңер, ал эңсеген нейрохимиялык реакцияга жетүү үчүн барган сайын стимулдаштыруучу сүрөттөрдү талап кыла берет. Порнографияны көрүү колдонуучунун жакындыкты кабыл алуусун бузары далилденген. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, порнография адамдарга… • өмүр бою милдеттенмелер менен өзүбүздү милдеттендирбей эле сексуалдык ырахаттын эң чоңуна жетсе болот; • башка адам менен ойноштук кылуу кадимки эле нерсе; • жыныстык каалоолорду басуу — ден-соолукка зыян; • балдар түйшүк, алар жеке жашоого тоскоол болуша деген ойлорго ишендирет [211]. Башка изилдөөлөр көрсөткөндөй, порнографияны үзгүлтүксүз көрүү сексуалдык агрессиянын күчөшүнө алып келет [212]. Телевизордон көп сандаган ачык сценаларды көргөн өспүрүмдөр (кээде «билинбеген порно» деп да аталып жүргөн) кийинки жылы жыныстык катнашка азыраак таасирленгендерге караганда жыныстык катнашка баруу божомолу эки эсе көп экендиги белгиленди. Ушул эле изилдөөдө 12–17 жаштагы өспүрүмдөр арасында сексуалдык активдүүлүктүн өсүшү, анын ичинде өбүү, эркелөө жана оралдык жыныстык катнаш менен жыныстык сүрөттөрдү көп көрүүнүн ортосунда байланыш бар экени аныкталды. Изилдөөчүлөр порнография, атүгүл «көзгө көрүнбөгөн» формасындагы порнография, физикалык жакындык күнүмдүк жашоодо, чындыгында, алда канча маанилүү экендиги жөнүндө таасир калтырат жана жаштарды жыныстык тажрыйба издөөгө мажбурлайт деген жыйынтыкка келишти [213]. Дагы бир жолу кайталап кетели: порнография жыныстык катнашка карата мамилеңерди, көз карашыңарды, түшүнүгүңөрдү, баалуулуктарыңарды сөзсүз түрдө бурмалайт, бузат; ага кайрылуу сексуалдык агрессиянын жана ар кандай «эксперименттердин» күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Порнографиялык өнүмдөр жараткан физикалык жакындыктын сүрөтү чындыкка эч кандай тиешеси жок жана Кудайдын ой-ниетине дал келбейт. Өзгөчө адеп-ахлаксыздык, никеде болуп туруп, башка бирөө менен ойноштукка баруу, жыныстык бузукулук жана «кесепеттери жок» жыныстык катнаш жайылтылып жатат. Порнографиянын таасири менен, адам карама-каршы жыныстагы адамдар менен мамилелерди, алардын чыныгы жашоодо эч кандай орду жок экендигин байкабай, журналдардан же монитордон жетиштүү деңгээлде көп көргөн үлгүлөрүнө ылайык түзө баштайт. Балким, порнографиянын эң зыяндуу кесепети — бул анын жыныстык мамилени физикалык өз ара аракеттенүүгө теңөө менен аны басмырлап, анын эмоционалдык жана руханий өлчөмдөрүн жокко чыгарганындадыр. Кудай жубайлардын ортосундагы өз ара байланышты көптөгөн жылдарга чейин чыңдоо үчүн жыныстык катнашты ойлоп чыкканы баарыбыздын эсибизде. Бирок журналдагы иштелип чыккан сүрөт менен жакындоо мүмкүнбү? Же компьютердин экранындагы сүрөтү менен жакындашууга болобу? Жок, бул мүмкүн эмес. Бир изилдөөдө өспүрүмдөргө 20 пункттан турган тизме берилген, алардын ичинен алардын ою боюнча алар үчүн эң маанилүү болгон нерселерди тандоону суранышкан. Биринчи орундагы (67 пайызды) тандоо — башка жыныстагы адам менен болгон жакын жана терең мамиле болгон. Көпчүлүк учурларда, бул тизмеде жыныстык катнаш төмөн жагында болгон [214]. Качан биз Кудайдын жыныстык катнашка байланыштуу планын карманганыбызда, биз көптөгөн жылдар бою чын жүрөктөн жакын мамиледе болобуз. Порнография болсо бизге жөн гана жыныстык катнашты сунуштап жатат — бул нерсе болсо жашооңордогу артыкчылыктардын тизмесинде турган эң акыркы нерсе да. Эскертүүлөр [202] http://www.Merriam-webster.com/dictionary/pornography. [203] Gary Foster, «Porn Plague» Religious Market Update (February 10, 2009), 1. http://www.garydfoster.com [204] Gary Foster, «Prolific Porn» Religious Market Update (February 10, 2009), 1. http://www.garydfoster.com [205] U.S. News & World Report (March 27, 2000), cited in Josh McDowell, Why True Love Waits. [206] MSNBC/Stanford/Duquesne Study, Washington Times (January 26, 2000), cited in Josh McDowell, Why True Love Waits. [207] Dr. Robert Weiss, Sexual Recovery Institute, Washington Times (January 26, 2000), cited in Josh McDowell, Why True Love Waits. [208] Dr. Robert Weiss, Sexual Recovery Institute, Washington Times (January 26, 2000), cited in Josh McDowell, Why True Love Waits. [209] Campus Ministry Update (September 2004). http://www.www.ivyjungle.org [210] Foster, «Porn Plague». [211] McDowell, Why True Love Waits. [212] James Check, «The Effect of Violent and Nonviolent Pornography» in Michael McManus Jr., ed., Final Report of the Attorney General’s Commission on Pornography (Nashville: Rutledge Hill Press, 1986), 251–52. [213] James Check, «The Effect of Violent and Nonviolent Pornography» in Michael McManus Jr., ed., Final Report of the Attorney General’s Commission on Pornography (Nashville: Rutledge Hill Press, 1986), 251–52. [214] McDowell, Why True Love Waits. 38 МАСТУРБАЦИЯ — БУЛ НОРМАЛДУУБУ? Мастурбация — порнографиянын кылмыштуу шериги. Мастурбация жана порнография дээрлик ар дайым бири-бирин коштоп жүрүшөт. Порнографиянын таасири өскөн сайын, ууланган сексуалдык каалоону «басуу» каражаты катары өзүн-өзү канааттантуунун жайылышы күчөйт. Акыркы мезгилде, айрыкча айрым таасирдүү маданият ишмерлери жаштар үчүн мастурбацияны «ден-соолукка пайдалуу» практика катары колдоп, ачык билдирүү жасашканынан бери менден мына ушул тема тууралуу оюмду айтышымды суранышат. Заманбап маданият порнография менен мастурбацияны кошулуунун «акылдуу альтернативасы» катары каалашынча колдой алат, бирок бул нерседен алар «акылдуураак» болуп калышпайтт. Азыркы массалык маданият адамдар аларга теңелиши керек болгон стандарт эмес. Кудайдын Сөзү — мына дал ушул нерсе чындыктын чыныгы стандарты. Ушул негизге таяна турган болсок, мастурбация үч негизги себеп боюнча кабыл алынгыс деген тыянак чыгарсак болот: ал бузукулуктун, ойноштуктун белгисин камтыйт, анын булагы — кумарлануу, ал жакындашуусуз жыныстык катнашты билдирет. 1. МАСТУРБАЦИЯ — БУЛ «КЫЙЫТМА» Эфестиктерге жолдонгон катта (5:3) Кудайдын тазалык ченеми баяндалган: «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт», англисче версиясында, түзмө-түз: «Бирок силердин араңарда жыныстык адеп-ахлаксыздыктын белгиси да болбошу керек» деп берилген. Мастурбация организмде жыныстык катнаш сыяктуу эле реакцияны жаратат. Бул процесске бир гана адам катышса дагы, мында ойноштуктун белгиси бар. 2. МАСТУРБАЦИЯНЫН НЕГИЗИНДЕ КУМАРЛАНУУ ЖАТАТ Кудайдын тазалык ченеми өтө жогору экени талашсыз. Ыйса, атүгүл, жыныстык кынтыксыздык түшүнүгү биздин сырткы жүрүм-турумубузду гана эмес, ой-пикирибизди да камтыйт деп айткан. Матай жазган Жакшы Кабарда (5:28) Ыйса мындай дейт: «Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот». Бул сөздөр Анын күндөрүндөгү угармандардын тынчын алып, дагы деле болсо көңүлдөрдү толкундатууда. Дүйнө тыюу салынган сызыкка мүмкүн болушунча жакыныраак барууну сунуштайт, бирок бул кайда алып барат? Эч нерсеге алып келбейт, болгону силердин акылыңар чыныгы согуш майданына айланат. Колосалыктарга жазылган катта (3:5) кумар — бул тамаша эмес экендигинин дагы бир далилин табабыз: «Ошондуктан дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла…» Кумарлануу менен ойношпогула, аны ар кандай колдонуп сынап көрбөгүлө. Андан кийин оор кесепеттерден сактануу үчүн, өзүңөрдөгү жыныстык кумарланууну күчөтпөгүлө. Токтогула. Аларды жок кылгыла. Артыңарды карабай, алардан качкыла. 3. МАСТУРБАЦИЯ — БУЛ ЖАКЫНДАШУУСУ ЖОК ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ Бул китептин беттеринде биз Кудайдын жыныстык катнашты белгилүү бир максат менен жаратканын баса белгилеп келдик. Башталыш Китебинин 2-бөлүмүндө бизге аял менен эркектин ортосундагы өзгөчө байланыштын кооз сүрөтү берилген. Ыйык Жазуу күйөө менен аялдын «бир дене» боло турганын айтат. Бул жубайлардын ортосундагы жакындыктын салыштыргыс күчү — ал жубайларды бириктирип, аларды «бир бүтүндүккө» айландырат. Мастурбация силерди эч ким менен байланыштырбайт. Аны менен көбүнчө жалгыз адатта — бардыгынан жашыруун алектенишет. Порнография көргөндөй эле, мастурбация өтө күчтүү көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Адамдар каалаган дофаминдин агымын күчөтүү үчүн бир эле стимулду кайра-кайра колдонушу керек. Үй-бүлө кургандан кийин, төшөктө кыйынчылыктарга кабылышыңар мүмкүн, анткени силердин организм буга чейин башка бирөөнүн колун тийгизбей, кандайдыр бир реакцияга көнүп калган. Натыйжада, дээрлик ар дайым уятты оруп алууга туура келет. Бирок силердин жеке жашооңорго карата Кудайдын ой-ниетинде уят каралган эмес да. Жыныстык катнаш эки жубайга белек катары берилген. Эгер алар Кудайдын тазалык ченемин сакташкан болсо, анда алардын ортосунда эч кандай уялуу жок жана болушу мүмкүн эмес. Эмне үчүн башка жагдайларда жыныстык катнашта тажрыйба жүргүзүү керек, туурабы? 39 ЭГЕРДЕ МЕН КҮНӨӨМДҮ КАЛТЫРА АЛБАЙ ЖАТКАНЫМДЫ СЕЗСЕМ, ЭМНЕ КЫЛСАМ БОЛОТ? Бул китепте мен бир нече жолу баса белгилегенимдей, жыныстык стимулдоо дофамин бакыт гормонун көп бөлүп чыгарат. Ал эми дофамин дары сыяктуу иштейт: баштапкы жыныстык катнаштагыдай ырахаттын туу чокусуна жетүү үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн дозаларда ошол эле аракеттерди кайталоо керек. Ушунун натыйжасында, сексуалдык мүнөздөгү ар кандай аракеттер, анын ичинде «жыныстык катнашка кирбеген секс», башкача айтканда, петтинг, мастурбация жана порнография катуу көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Эгер силер ушул тармактардын кайсынысында болбосун тажрыйба жасап көргөн болсоңор, анда силер билесиңер: тайгалак жолду басып өткөндөн кийин, аны токтотуу өтө кыйын. Жада калса, силердин жыныстык күнөөңөрдөн эч качан куткарылуу болбойт деп жаңылыш ойлонушуңар мүмкүн. Балким, азыр «бул менден күчтүү, мен аны көтөрө албайм» деп ойлонуп жаткандырсыңар. Туура — силердин колуңардан бул нерсе келбейт. Күнөөнү өз алдынча жеңүүгө силердин алыңар жетпейт. Бирок Ыйса жерге силердин жашооңордогу күнөөнүн бийлигин жеңиш үчүн келген. Филипиликтерге жазган катта (4:13): «Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам» деген убада камтылган. Машаяктын атынан, силер жыныстык азгырыкка туруштук берүүгө бийликке ээ боло аласыңар. Көпчүлүк жаштар ойноштукка каршы күрөштө өнөкөт жеңилүүгө дуушар болушат, анткени алар өз алдынча жеңишке жетүүгө аракет кылышат. Кайра-кайра ийгиликке жете албай, эртеби-кечпи, алар эч качан жыныстык күнөөдөн арыла албайбыз деп чечишип, колдорун түшүрүшөт. Бул — коркунучтуу жалган, анткени адамдын жашоосу анын ойлорунан көз каранды эмеспи. Эгерде силер күнөө адаттардан арылбайм деп ишенсеңер, анда эркиндикке ээ боло албайсыңар. Эгер силер бул кемчиликти жеңүүгө мүмкүн эмес деп эсептесеңер, анда силер жеңилген бойдон каласыңар. Күнөөдөн баш тартуу оңой эмес, бирок эркиндикке биздин жашообуздагы Машаяктын бийлиги аркылуу жетүүгө болот. Кудай Сөзү бизге ушинтип убада берген. Римдиктерге жазган катта (6:6–7) мындай делет: «…Анткени күнөөкөр табиятыбыз жок болушу үчүн, мындан ары күнөөнүн кулдары болбошубуз үчүн, эски табиятыбыз Машайак менен бирге айкаш жыгачка керилгенин билебиз. Анткени өлгөн адам күнөөнүн бийлигинен бошотулган». Биз өмүрүбүздү Машаякка бергенибизде, эски табиятыбыз өлүп, Кудай бизди «жаңы адам» кылат (2 Кор. 5:17 кара). Биз өзүбүз үчүн өзүбүз өлгөндө, Машаяк бизде жашай алат жана Ал күнөөнү жеңип чыгууну убада кылат. Кээде эркиндик дароо пайда болуп, жаман адаттарга азгырылуу жөн эле жоголот. Башка учурларда, күнөөдөн арылуу үчүн белгилүү бир күч-аракет талап кылынат. Эгер силер жашоону ойноштуктан тазалоо үчүн жан үрөп иштөөгө даяр болсоңор, анда кийинки эркиндикке ээ болууга жардам берген бир нече кадамдар мына. 1. ЖАРАТЫЛГАНДАРДЫ АРАСЫНДАГЫ ӨЗҮҢӨРДҮН ӨЗГӨЧӨ ОРДУҢАРДЫ ТҮШҮНГҮЛӨ Заманбап маданият адамдардын айбандардан эч айырмасы жок экендигин жана алардын жыныстык муктаждыктарын токтоосуз канааттандырышы керек деп үйрөтөт. Жыныстык күнөөдөн арылуунун биринчи кадамы — силердин жаныбар эмес экениңерди түшүнүшүңөр. Силер Кудайдын бейнеси боюнча Ага окшош жаратылгансыңар (Башт. 1:26), андыктан силердин жыныстык катнашка болгон умтулууңар жаныбарлардыкындай эмес. Силердин эң терең муктаждыгыңар — бул Кудай менен жакын мамиледе болушуңар. Мына ушул чындыкты түшүнүү маанилүү. Эгер силер өзүңөрдүн эң терең муктаждыктарыңарды толтуруу үчүн Кудайга эмес, жыныстык катнашка кайрылган болсоңор, анда руханий муктаждыгыңарды денелик ырахаттын эсебинен канааттандырууга аракет кылып жатканыңардан улам, ийгиликке жетпей калгандырсыңар. Силер Кудайдын бейнеси боюнча жана Ага окшошуп жаратылгандыгыңарды жана Аны менен болгон мамилеңер биринчи кезектеги муктаждыгыңар экендигин мойнуңарга алгыла. Андан кийин, Андан жыныстык катнаш аркылуу канааттандырууга аракет кылып келген жүрөгүңөрдөгү муктаждыктарыңарга кам көрүүсүн сурагыла. 2. КҮНӨӨҢӨРДҮ МОЙНУҢАРГА АЛГЫЛА 29-суроого жооп берип жатып, мен буга чейин айткан элем: тобо кылуу — бул өзүн актоого аракет кылбастан же биринчи мүмкүнчүлүктө ага кайтып барууну көздөбөстөн, күнөөнүн күнөө экенине Кудай менен макул болуу дегенди билдирет. Чындыгында күнөө кылгандыгыңарды моюнга алуу — бул эркиндикке жетүү жолундагы негизги кадам. 3. МАШАЯКТЫН ДЕНЕСИНИН БӨЛҮГҮ БОЛГУЛА Кудай бизге күнөөнү жеңүү үчүн берген эң натыйжалуу каражаттын бири — бул жыйын. Галатиялыктарга 6:1 де мындай делет: «Бир туугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла, бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн, сак болгула». Машаяктын Денесинин ишинин бир бөлүгү күнөөгө баткан адамдарды чындык жолуна кайтарууга жардам берүү. Жакып 5:16 бизди: «…айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла…» деп насааттайт. Ишеним жолундагы акылман бир тууганга ишенүү — бул боштондукка чыгуу жолундагы маанилүү жана тайманбас кадам. Машаякчы достор рухий жетекчилер жыныстык күнөөнү токтотуу үчүн жоокерчиликтүү болушуңарды жана сыйынуу колдоосу менен камсыз кыла алышат. 4. АЗГЫРУУ БУЛАГЫН ЖОК КЫЛГЫЛА Матай жазган Жакшы Кабарда (18:8) мындай деп жазылган: «Эгерде колуң же бутуң сени күнөөгө түртсө, анда аны кесе чаап, ыргытып жибер. Эки колуң, эки бутуң менен түбөлүк отко ыргытылгандан көрө, колуңдан же бутуңдан ажырап, өмүргө ээ болгонуң жакшы…» Башка сөз менен айтканда, бир нерсе силерди ар дайым азгыра турган болсо, аны алып салгыла! Эгерде силер Интернет порнографиясына берилип кетсеңер, анда компьютериңерден арылгыла. Эгерде силер жигитиңер же сүйлөшкөн кызыңар менен жыныстык катнашта болууну токтото албасаңар, анда мамилеңерди кайсы бир убакытка чейин бир азга токтото тургула. Эгер көйгөй мастурбацияды болуп жаткан болсо, анда жалгыз өткөргөн убактыңарды чектөөгө аракет кылгыла. Күнөөдөн арылууга болот! Силердин эркиндигиңер үчүн Ыйса айкаш жыгачка барган. Силер Анын бийлигин кабыл алып, ойноштуктан арылсаңар болот. «Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле» (Гал. 5:1). ЭРИН ДЭВИСТЕН КЫЗДАРГА Сүйкүмдүү кыздар, Джош менен ушул долбоордун үстүндө иш алып барып жатканда, мен силер жөнүндө көп ойлончумун. Күндөрдүн биринде бул китепти колуңарга кармаарыңарды жана катаал тандоонун салмагы жүрөгүңөрдү кыса турганын мен билгенмин. Биздин бүгүнкү күндөрдө өзүн таза кармоо чечимин кабыл алуу өтө кыйын. Кайсы гана жакка карабагыла, тойду күтүү — эски салтка айланып калган, жыныстык катнаш — бул силер эңсеген жакындыкка жетүүнүн жалгыз жолу деп айлана-чөйрөнүн маданияты түзмө-түз кыйкырып жатат. Мен бул жалганды кандай гана жек көрөмүн! Бирок андан да жийиркеничтүү: силерди силер күткөнгө татыксызсыңар деп ишендирип жатышат. Эгерде мен силердин көзүңөрдү бир гана чындыкка ача ала турган болсом, анда ал бул нерсени өз ичине камтымак: силер ансыз деле терең сүйүктүү болуп калдыңар. Жеремия пайгамбардын китебинде (31:3) мындай деп жазылган: «Теңир мага алыстан келип, мындай деди: Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум». Захария пайгамбардын китебинде (2:8 кара) Кудай силерди «Өзүнүн көзүнүн кареги» деп атаган. Сулаймандын Ырдын Ыры Китебинде Ал силерди «сүйүктүүм» деп атаган. Забурда (44:12) Ал мындай дейт: «Падыша сенин сулуулугуңду көргүсү келет…» Кудай илгертен бери силер үчүн күрөшүп келген. Ыйса силер түбөлүккө Анын жанында болууңар үчүн, асмандан жерге түшүп өлгөн. Ал силерден жүрөгүңөрдү Ага тапшырууңарды суранат жана Ал силерди эч качан таштабай жана унутпай тургандыгын убада кылат. Менин силерге айта турган сөздөрүмдү колдогон изилдөөлөр көп болушу мүмкүн, бирок мен аларсыз жакшы билем, анткени мен өзүм бийкеч болгонмун да. Сүйүүнү сезүү жүрөктөрүнүн түпкүрүндө катылгандыктан, кыздар жакындыкка убактысынан эрте барышат. Жигитиңер менен жыныстык катнашка баруу азгырыгы көбүнчө жакындашуу силерди чындап байланыштырып, тандаган адамыңарды узак жылдар бою силерге байлап коет деп өзүңөрдү-өзүңөр алдоодон пайда болот. Бирөөнүн силерге суктанганын далилдөө үчүн өнөктөшүңөр менен барган сайын жалгыз калып, өзүңөрдү эчак эле коротуп баштагандырсыңар. Уксаңар: бул ааламдын Кожоюну мурда эле силерге эч бир эркек бере албаган сүйүүнү төгүп койгон. Силер Падышалардын Падышасынын кымбат кызысыңар, ошондуктан силер күткөнгө татыктуусуңар. Жыныстык катнаш да күтүүгө татыктуу, анткени ал бүт өмүрүн сизге арнаган адам менен болгон ишенимдүү мамиледе гана болот жана мындай мамиле мыйзамдуу никеде гана болот. Айрымдарыңар үйлөнүү үлпөтүнө чейин өзүңөрдү сактоого даярсыңар, бирок силерге бул күрөштү жалгыз жүргүзүү кыйын. Силерди ишендирип кеткенге уруксат бергиле, силер жалгыз эмессиңер. Мен силерге окшогон миңдеген жаш кыздар менен сүйлөшкөнмүн, алар никени күтүп жатышат. Анын үстүнө мен өзүм дагы күткөнмүн. Мен өз тажрыйбамдан айта алам: күйөөм менен биринчи түндү өткөрүү үчүн денемди да, жанымды да сактап калганыма кандай гана кубанычтамын! Азыр дагы никедеги он жылдан берки жакындашуудан ырахат алып жатканыбыз, Кудай алдын ала белгилеген убакытты күтүп, башыман өткөргөн жалгыздыктын жана санаанын ар бир көз ирмемин актап жатат. Өзүбүздү таза сактоо мүмкүн. Үй-бүлөлүк жакындашуу силердин күтүүңөргө силер сыяктуу эле татыктуу, сүйкүмдүү кыздар. Достук сезимдер менен, Эрин ЖИГИТТЕРГЕ, ДЖОШ МАКДАУЭЛЛДЕН Ар бириңер менен, ата менен бала катары жеке сүйлөшүп отурсак сонун болмок. «Ыңгайсыз» темалардан алыс болбой, ачык сүйлөшсөк. Чындыгында, силерди жакын мамилеге ашыкпагыла деп аябай ишендиргим келет эле. Силерге болгон сүйүүмдөн улам, мен силерди Кудай тарабынан алдын ала каралган чектерди ар дайым бузуу менен жетектелген жыныстык катнаштын коркунучтуу кесепеттерден коргогум келет. Менин акыркы сөздөрүмдү биздин чын жүрөктөн сүйлөшкөнүбүз катары эсептегиле. Бул биздин жыныстык катнаш жана кемчиликсиздик жөнүндө ачык сүйлөшө турган мүмкүнчүлүгүбүз. Улантуубуздан мурун, силердин бул дүйнөдө канчалык маанилүү экендигиңерди түшүнүшүңөрдү каалайт элем. Ар бир эркек жүрөгүнүн түпкүрүндө бул наамга татыктуу экендигин билгиси келет. Биз бүт жүрөгүбүз менен башкалардын сый-урматына жеткибиз келет жана алар бизди баалашын каалайбыз. Кудай Сөзүндө силердин чоң мааниге ээ экениңер ачык айтылган. Ал силерге — жашоодо аны туурап, Жакшы Кабарды башкалар менен бөлүшүү миссиясын тапшырды. Силер Кудайдын Падышачылыгы үчүн абдан баалуу экениңер айдан ачык. Силердин кадыр-баркыңарды Кудай өзү күбөлөндүрөт, анын тастыкталышы үчүн силерге сексуалдык дагы, башка дагы «эрдиктерди» кылуунун кереги жок. Дүйнө силерди сый-урматка сексуалдык агрессивдүү мамиледе болуу же кол кап сыяктуу өнөктөштөрдү алмаштыруу аркылуу жетишсе болот деп ишендире бериши мүмкүн. Бирок Кудай силердин татыктуулугуңар Анын уулу болушуңарда катылган деп айтат. Силерге Кудайдын жанындагы орун үчүн күрөшүүнүн кажети жок. Ал силерден эркектик мүнөздү калыптандырып, өзү убада кылган жана силер чакырылган мол жашоо үчүн күрөшүүнү үйрөнүшүңөр үчүн, жакын мамилелерге барбай күтүп турууңарды өтүнөт. Дүйнө ар тараптан жеңил ойлуулукка чакырык таштап жатканда өзүңдү таза кармоо тапшырмасы оңой тапшырмалардан эмес. Бирок бир нерсени билгиле: тазалык — бул силердин башкалар жасап жаткан нерсени кайталабаган чыныгы эркек экениңердин эң сонун далили. Чыныгы эркектер алар үчүн кымбат адамдарды коргоо жоопкерчилигин өзүнө алышат. Чындыгында, Кудайды даңктаган жыныстык жактан таза жашоону чечкенде, болочок аялыңардын жана балдарыңардын урмат-сыйына толук ишенсеңер болот. Бул тууралуу ойлонуп көргүлө! Мындай тандоо, сый-урматка татыктуу тандоо. Жыныстык тазалыкка карай жол дайыма эле оңой боло бербейт; эми силер бул жөнүндө билесиңер. Силерге акылман кеңеш бере турган, силерди ушул күрөштө колдой турган ишенимдүү адамдарды тапкыла. Бири-бириңердин алдыңарда жооптуу болгула, жыгылгандарды көтөргүлө жана Теңир силер үчүн даярдап койгон жакшы жашоо үчүн күрөшкөндү уланта бергиле. Эң жакшы жыныстык катнаштан башка азыраак нерсеге макул болбогула! Никеге чейин күтүү — бул мүмкүн жана ал күтүүгө татыктуу; бул салгылашуунун алдыңкы сабында өз ордуңарды ээлегиле! Эң жакшы каалоолорум менен, Джош ЖАШТАР ЛИДЕРЛЕРИНЕ ЭСКЕРТҮҮ Жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүү оңой эмес. Жаштар менен иштөө аркылуу силер алардын уялчаактыгы бул темада эбегейсиз көп маалыматты үйрөнүүгө тоскоол болбогонун көрө алдыңар. «Баарына жол берилет» деген ураан менен жыныстык катнашка болгон заманбап мамиле көптөгөн жигиттер менен кыздардын жашоосунда өзүнүн кыйратуучу изин калтыра алды. Эгер биз алардын айрыкча жакындыкка, никеге жана сүйүүгө карата Кудайдын ой-ниетине ылайык жашашын кааласак, анда биз жыныстык мамилеге байланыштуу маселелерге карата абдан ачык болушубуз керек. Бул китеп порнография, мастурбация жана жыныстык көз карандылык сыяктуу оор темалардан качпайт. Биздин максатыбыз окурмандарды таң калтыруу эмес, биздин максатыбыз — бул өспүрүмдөр күрөшүп жаткан көйгөйлөрдү реалдуу убакытта айтуу. Бул китептин пайдалуу потенциалын мүмкүн болушунча кеңейтүү үчүн жана жаш муунга таасир этүү үчүн биз аны алты бөлүмгө бөлүп, ага талкуу суроолорун киргиздик. Аларды топтогу топтордо колдонсоңор болот, анда жаштар улуу насаатчынын жетекчилиги астында окугандарын коопсуз жана купуя шартта талкуулай алышат. Биз жыныстык катнаш жөнүндө жеңил ойлуу баарлашууларды өткөрүүгө чакырган жокпуз. Бул китепте камтылган темалар бул үчүн өтө эле назик. Бирок Кудай дагы, заманбап маданият дагы, бул маселелер боюнча унчукпай койбогондуктан, биз силерге жаштар тобунун катышуучуларына ушул теманы Кудайдын акыйкатынын чегинде изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн керектүү нерселердин бардыгын берүүнү чечтик. Силердин таасириңердин астындагы жаштарга чындыкты жеткиргениңер үчүн ырахмат. Алардын Кудайдын жыныстык катнашка жана никеге байланыштуу ой-ниетин карманышына жардам бергениңер үчүн чоң ырахмат. Биз бул китепте жазганыбыздай эле, жыныстык катнаш Кудайдын чектеринде болгондо, натыйжалар дүйнө кыялданган нерселердин баарынан ашып түшөт. Жаштардын Кудайдын жыныстык катнашка карата ой-ниетин түшүнүүсүн кам көрүү менен, силер аларга өмүр бою керектүү болгон белекти берип жатасыңар! ТАЛКУУГА КОЮЛГАН СУРООЛОР 1–5-СУРООЛОР 1. Эгер кынтыксыздык «Кудайдын ой-ниетине ылайык жашоо» болсо, анда силер ага умтулуп жатасыңарбы жана ага кантип жетип жатасыңар? Бир нече ыкманы санап өтсөңөр. Жашооңордун кайсы тармактарында жүрүм-турумуңарды Кудайдын ой-ниетине ылайыкташтырып турушуңар керек? 2. Сүйлөмдү толуктагыла: Эгерде өзүн өзү токтото билүү эреже болсо, кемчиликсиздик — бул_________. Булардын ортосундагы айырмачылык силердин тазалыкка болгон мамилеңерди кантип өзгөрттү? 3. Сулаймандын Ырдын ыры китебинин 1-бөлүмүн окугула. Бул көркөм жана романтикалык ырларды окуганда силер эмнени сезесиңер? (Мисалы: ыңгайсыздык, кызыгуу, толкундануу.) Силердин оюңар боюнча эмне үчүн бул эки сүйүшкөндүн ортосундагы интимдик баарлашуу Кудайдын Сөзүнө киргизилип калган? 4. «Теңир жакшы экени чынбы?»деген суроого кандай жооп берет элеңер? 5. Буга чейинки суроого берген жообуңар силердин жүрүм-турумуңарга кандай таасир этет? Айрыкча, жыныстык катнашта жана романтикалык мамиледе? 6. Үчүнчү суроого жооп берип жатып, биз жыныстык катнаш эмне үчүн жаратылганы тууралуу конкреттүү үч максатты атаганбыз: тукум улоо, биримдик жана эс алуу, күчтү калыбына келтирүү. Ушул максаттарды маанилүүлүгү боюнча иреттештирип койгула. Жообуңарды түшүндүргүлө. 7. Эгерде чыныгы сүйүү ар дайым жакын адамынын жакшылыгын издеп, ага кам көрүп, анын кызыкчылыктарын коргоп турса, анда чыныгы сүйүүнүн өз жашооңордон кандай мисалдарын келтире аласыңар? Башка сөз менен айтканда, силерге Кудайдын чыныгы сүйүүсүнүн нускасын ким көрсөткөн? 8. Келечектеги жубайыңардын кызыкчылыгын коргоонун жана ага кам көрүүнүн үч жолун санап бергиле. 9. Ыйса сизге болгон сүйүүсүн кайсыл үч өзгөчө жол менен көрсөткөн? 10. Мыйзам Кайталоо китебинде (10:13) Кудайдын осуяттары биздин жыргалчылыгыбыз үчүн берилген деп айтылат. Жаңы Келишимде айтылган Кудайдын үч осуятын санап өткүлө. Ар бир осуят үчүн төмөнкү сүйлөмдү толуктагыла: Бул осуят менин жыргалчылыгым үчүн берилгенин билем, анткени анын аткарылышы… билдирет. 6–19-СУРООЛОР 1. Биздин мээбиз эң чоң сексуалдык ырахат үчүн жооптуу экендигин илим далилдеген. Башкача айтканда, жыныстык катнаш — акыл-эстин ишмердүүлүгү. Азыркы маданияттын жыныстык катнаш жөнүндө айткандарына бул кантип каршы келет? 2. Эмне үчүн Кудай биздин мээбизди жыйырма жашка чейин бардык кесепеттерди эске алуу менен маанилүү чечимдерди кабыл ала албай тургандай кылып жараткан деп ойлойсуңар? 3. Норэпинефрин — бул өтө эмоционалдуу жана терең таасир этүүчү бардык тажрыйбанын эсине так түшүрүү үчүн жооптуу болгон гормон. Ушул сыяктуу эсиңерде калган эскерүүлөрдүн бирин атагыла. Силердин оюңар боюнча эмне үчүн бул окуя учурунда денеңерде норэпинефрин гормону бөлүнүп чыккан? 4. Бүгүнкү күндө жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар канчалык жайылганын билгенде кандай сезимде болдуңар? 5. 9-суроонун жообун окуунун алдында, көбүнчө жыныстык жол менен жугуучу оору болгон адам папилломавирусу жөнүндө канчалык деңгээлде билдиңер эле? Бул бөлүмдөгү маалыматтар жыныстык жол менен жугуучу ооруну жуктуруп алуу коркунучу тууралуу жалпы түшүнүгүңөрдү кандайча өзгөрттү? 6. Жаштар арасында бул оорулардын эпидемиясын токтотууга жардам берүү үчүн чоңдор өспүрүмдөр менен жыныстык жол менен жугуучу оорулар темасын кантип талкуулашы керек? 7. «Коопсуз» жыныстык катнаш жок экенин түшүнгөндө кандай сезимде болдуңар? 8. Презервативдер жана таблеткалар жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан анча деле коргобой турганын же такыр коргобой турганын билгенден кийин, мындан ары никеде эмес болгон жыныстык катнаштан алыс болгуңар келдиби? Эмнеге «ооба» же эмнеге «жок»? 9. 13-суроонун аягында берилген эки «сценарийди» кайра окуп чыккыла. Эгер силер бул окуяларда сүрөттөлгөн жагдайлардын биринде болгон болсоңор, кандай реакция кылат элеңер? Учурдагы жыныстык жүрүм-турумуңар, сөзсүз түрдө келечектеги жубайыңардын жана силердин балдарыңардын жашоосуна таасир этет деген ой силердин чыгарган чечимдериңерге кандай таасирин тийгизет? 10. Теңтуштарыңардын жыныстык жол менен жугуучу ооруларга кадимки мамилесин кантип сүрөттөйт элеңер? (Мисалы: тынчсыздануу, кайдыгерлик, сабатсыздык, юмор.) 20–24-СУРООЛОР 1. Силердин оюңар боюнча эмне үчүн никеге чейинки жыныстык катнаш менен депрессия/суициддин ортосунда байланыш бар? 2. Өз жашооңордогу кандайдыр бир күнөө жөнүндө ойлонуп көргүлө (жыныстык же дагы башка). Акыр-аягында силер ал үчүн өзүңөрдү кандай сездиңер? 3. Колуңардан келгендин баарын тизмектеп, төмөнкү сүйлөмдөрдү толуктагыла: Никеден тышкаркы жыныстык катнаш төмөнкүдөй сезимдерге алып келет:… Никедеги жыныстык катнаш төмөнкүдөй сезимдерге алып келет:… 4. Окугандарыңардын негизинде жыныстык катнашка кандай аныктама берет элеңер? Өзүңөрдүн жыныстык катнашыңардан тышкары, силер азыр бул аныктамага кандай иш-аракеттерди кошот элеңер? 5. Силердин оюңарча, эмне үчүн жаштар көптөгөн жыныстык аракеттерди, анын ичинде оралдык жыныстык катнашты чыныгы жыныстык катнаш деп ойлошпойт? 6. Күйөөсүнө профессионалдык кеңешке муктаж болгон курбулары жөнүндө айтып берген аялдын окуясын эстеп көрсөңөр, анткени алар никеге чейинки оралдык жыныстык катнаш кылган тажрыйбасын унута алышкан эмес. Жыныстык катнаштын адамдын мээсине тийгизген таасири тууралуу азыр билгениңерге таянып, эмне үчүн бул аялдар, көп жыл мурун турмуш курушканына карбастан, кийин дагы оралдык жыныстык катнаштын эмоционалдык кесепеттерине туш болушкан деп ойлойсуңар? 7. Сүйлөмдү толуктагыла: азыркы маданият жыныстык катнаш гана чыныгы секс экенин ишенимдүү түрдө айтышат; бирок Кудайдын нормалары боюнча, жыныстык катнаш — бул бардык… 8. Жыныстык активдүүлүктө формалдуу түрдө «кыздык сакталганга чейин» «эч нерсе деле болбойт» деген жалган менен силер кандай учурларда кездешип көрдүңөр эле? (Мисалы: достор менен баарлашуу, айрым бир сериалдар, тасмалар ж.б.) 9. Келечектеги жан шеригиңер жөнүндө ойлонуп, ал өзүн таза бойдон сактаарына үмүт кыласыңарбы? Канчалык деңгээлде? 10. Оралдык жыныстык катнаштын кайсы коркунучтары силерди көбүрөөк таң калтырды? Бардыгыбы? 25–31-СУРООЛОР 1. Силердин оюңар боюнча никеге чейин жыныстык катнашта болуу менен кымбат бааны ким төлөп жатат? 2. Силердин оюңар боюнча, эгерде заманбап маданиятта Кудайдын кынтыксыздык нормасы өзгөчө эмес кадимки нерсе катары кабыл алынса, анда жалпы коом канчалык деңгээлде өзгөрмөк эле? 3. 26-суроого жооп берип жатып биз силерге биринчи нике түнү жыныстык тажрыйбада дилетант, бирок мамилелер маселелери боюнча адис болууну сунуштаганбыз. Жыныстык катнашта дилетант бойдон калуу — бул жөн эле үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнаштан качуу дегенди билдирет. Ал эми мамилелерде эксперт болуу үчүн эмне керек? 4. Романтикалык мамилелерде кайсы эң маанилүү үч муктаждык канааттандырылыш керек деп ойлойсуңар? Кандай шарттарда бул муктаждыктар дагы да толугураак канааттандырылышы мүмкүн — бирге жашагандабы (чогуу жашоодо) же никедеби? Өзүңөрдүн жообуңарды түшүндүрсөңөр. 5. Эмне үчүн моногамдык жубайлар эң жакшы жыныстык катнашты башынан өткөрүшөт? 6. Заманбап маданият силерди жыныстык каалоосун башкара албай турган жаныбар катары кабыл аларын билгенден өзүңөрдү кандай сездиңер? 7. 25-жана 26-суроолордун жоопторуна ылайык, никенин кандай кайталангыс артыкчылыктары бар? Алардын кайсынысы жеке силерге жагымдуураак көрүнөт? 8. Гормондор же эмоциялар «башыңарага тээп» күтүүнү абдан оор тандоо кылып жатканда, кайсы конкреттүү аяттар никеге чейин жыныстык катнаштан карманууга жардам берет? 9. Кандай деп ойлойсуңар, эмне үчүн кумарлануу учурунда тазалыгын жоготкон көптөгөн ишенген өспүрүмдөр жыныстык бузукулуктун тайгак жолунда төмөндөгөнүн андан ары да уланта беришет? 10. Интимдик мазмундагы сүрөттөрдү жөнөткөнү үчүн айыптоого дуушар болгон өспүрүмдөрдүн окуяларын силер кандай кабыл алдыңар? Бул ыкма ушундай практиканы токтотуунун жетишерлик эффективдүү жолу деп ойлойсуңарбы? Андай болсо, эмне үчүн? Эгерде жок болсо, анда эмне үчүн? 32–36-СУРООЛОР 1. Кудайдын жыныстык катнаш боюнча силердин көзүңөрдү ачкан кырдаалды эстеп, аны сүрөттөп бергиле. Силер ошондо эмнени сездиңер? 2. Бүт жан дили менен Кудайдын кечиримдүүлүгүнө ишенип жана аны кабыл алууга аракет кылып жаткан досуңарга кандай кеңеш берет элеңер? 3. Биздин күнөөлөрүбүздүн, анын ичинде жыныстык күнөөлөрүбүздүн толук кечирилиши тууралуу Кудайдын убадаларын кабыл алуу эмне үчүн ушунчалык оор болуп жатат деп ойлойсуңар? 4. Корунттуктарга жазылган Биринчи катты (13:4–7) окугула. Эми үзүндүнүн башына кайтып келип, «сүйүү» деген сөздү өзүңөрдүн атыңарга алмаштыргыла. Сүрөттөмө канчалык туура болду? Кандай деп ойлойсуңар, окугандан кийин чыныгы сүйүүгө үйрөнүп калдыңарбы? 5. Буга чейин башыңардан кечирген мамилелерден чыныгы сүйүүнү (сөзсүз түрдө романтикалык эмес) сүрөттөп бергиле. Силерди чындап сүйүп жатышканын кантип түшүнсө болот? 6. Кандай учурларда Кудайдын эркин туура түшүнөрүңөргө толук ишенбейсиңер? 34-суроонун жообунда окугандарыңардын негизинде, жашооңордун бул багыттары боюнча Кудайдын эркин билүү үчүн кандай кадамдарды жасоо силерге жардам берет? 7. Өзүңөрдүн жоопкерчилик системаңарды сүрөттөгүлө. Башкача айтканда, тазалыкка болгон берилгендикти сактоого силерге ким жардам берип жатат? 8. Бул китепти окугандан кийин, өзүңөрдү таза кармоо үчүн кандай конкреттүү чектерди койдуңар? 9. Романтикалык мамилелерди курууга ашыкпагандык — бул жаштардын жыныстык тазалыгын сактоо үчүн абдан жакшы ыкма экени далилденген. Бул билдирүүнүн негизинде, жолугууларга баруу үчүн кайсы курак эң жакшы деп эсептелинет? 10. Жыныстык жактан тазалыгыңарды сактоого силерге ата-энеңер кантип жардам бере алышат? 37–39-СУРООЛОР 1. 37-суроого жооп берип жатып биз порнографияны жыныстык толкунданууну чакыруу максатындагы «жыныстык жүрүм-турумдун (сүрөттөр же текст түрүндө) сүрөттөлүшү» деп аныктадык. Бул аныктамага кайсы ММК каражаттары кирет? 2. Силер кайсы бир мезгилде порнографиянын таасиринин астында болуп көрдүңөр беле? Көрүп жаткан нерсеңерди дароо эле порнография деп мойнуңарга алдыңарбы же «мунун эч кандай жаман жери жок» деп чечтиңерби? 3. Эмне үчүн аялдар менен өспүрүмдөр порнографияга көбүрөөк кайрылышат деп ойлойсуңар? Ал жаңы колдонуучуларды эмнеси менен тартат? 4. 37-суроонун жообунда көрсөтүлгөн порнографияны колдонуунун кесепеттеринин кайсынысы силерди көбүрөөк таң калтырды? Эмне үчүн? 5. Төмөндөгү сүйлөмдөгү боштуктарды толтургула: Порнография көрүү ________ жыныстык катнашка алып келет, ал эми никеге чейин күтүү никедеги ______ жыныстык катнашка алып келет. 6. Силердин оюңар боюнча, мастурбация күнөөсү менен күрөшүп жаткан жаштар эмне үчүн дээрлик дайыма бул нерседен уялышат? 7. Эмне үчүн Матай жазган Жакшы Кабарда (5:28) Ыйса кумарды жубайлык ойноштукка теңейт деп ойлойсуңар? Ал бизге кандай ойду жеткирүүгө аракет кылып жатат? 8. Күнөөбүздү мойнубузга алганыбызда (бирөөнүн алдында ачыктап айтканда) ал бизге келтирген жараларды айыктырууга кандайча жардам берет? 9. Жыныстык тазалыкка умтулууну сактоо үчүн кайсы азгырык булактарын өзүңөрдөн «алып салышыңар» керек? 10. Ыйса Машайактын курмандыгы аркылуу күнөөдөн арылууга боло тургандыгын билгенден кийин кандай сезимде болдуңар?